Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 611
"2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 611 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 17-майында Алмагы шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган, 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ушул Протоколго кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 273-б буйругу менен жактырылган.
Мында "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктчасына ылайык Протоколду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуунун зарылчылыгы болгон эмес.
Протоколго ылайык Биргелешкен контролдук топтогу (мындан ары - БКТ) Биргелешкен тараптын делегациясынын иштөө жана маалымат алмашуу тартиби жөнүндө жобого (жогоруда аталган Макулдашууларды аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу өкмөттөр аралык протоколдун 1-тиркемеси) мамлекеттин БКТда Биргелешкен тараптын төрага-мамлекети катары ыйгарым укуктары, төрагалыктын мөөнөтү, төрагалыкты өткөрүп берүү тартиби, ошондой эле БКТнын сессиясын өткөрүү мезгили боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Ошону менен бирге Протоколдо БКТда Биргелешкен тараптын делегациясынын ишин координациялоо, документтердин долбоорлорун даярдоо, БКТнын кезектеги сессиясынын конкреттүү күндөрүн макулдашуу, ошондой эле БКТнын мамлекеттерине чакыруу жиберүү жөнүндө тактоолор каралган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Ушул Протокол ратификацияланган учурда бардык иш-чаралар коргоо маселелери жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылып, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилөө зарыл.