Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 612
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 998-статьясынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зыяндын орду сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу, прокуратура жана сот органдарын кошкондо, тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен толтурулат.";
2) 999-статьясында:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"999-статья. Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз аракегинен улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жаранды мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоонун, камакка алуу же кетпөө жөнүндө кол кат алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын мыйзамсыз колдонуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдардын, прокуратуранын, соттун бюджетинин тиешелүү бөлүмүндө ушул органды каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурулат.";
3) 1009-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдын, прокуратуранын жана соттун (999-статьянын 1-пункту) кызмат адамдары келтирген зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу орган, прокуратура, сот, эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен алардын күнөөсү белгиленсе, анда ошол адамдарга карата регресс укугуна ээ болот.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 15-февралы, № 23-28) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
134-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "мамлекет тарабынан" деген сөздөр "сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдардын, прокуратуранын, соттун бюджетинин тиешелүү бөлүмүндө ушул органды каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |