Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 , 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
Мамлекеттик реестр - бул сыноо (изилдөө) жол-жобосунан өткөн өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн жана өлчөө каражаттарынын бекитилген типтерин каттоо жөнүндө жазуу белгиленген формада ишке ашырылган документ. Мамлекеттик реестр журнал түрүндө жүргүзүлөт;
бекитилген өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү каттоо - бул бир эле убакта каттоо номерин ыйгаруу менен сертификатта камтылган маалыматтарды Мамлекеттик реестрге киргизүү;
бирден нускада же чакан партия менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо - күбөлүктө камтылган маалыматтарды бир эле убакта каттоо номерин ыйгаруу менен Мамлекеттик реестрге киргизүү.
3. Мамлекеттик реестр контролдоочу-эсепке алуучу документ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтерин эсепке алууга арналган.
4. Мамлекеттик реестрди метрология боюнча улуттук орган төмөнкү максаттарда жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасында колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү же өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тибин таануу жол-жобосунан өткөн өлчөө каражаттарын каттоо жана эсепке алуу;
2) кызыкдар болгон ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды маалыматтык камсыздоону уюштуруу үчүн борбордук фонд түзүү.
5. Өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү жөнүндө сертификаттар, өлчөө каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөр, ошондой эле өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн натыйжаларын таануу жөнүндө сертификаттар Мамлекеттик реестрдин каттоо номери бар болсо юридикалык күчкө ээ болот.
6. Өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү жана өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноонун натыйжаларын таануу жана каттоо боюнча иштердин материалдарын метрология боюнча улуттук органда сактоо мөөнөтү сертификаттын колдонулуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 жылды түзөт.
7. Мамлекеттик реестр жана өлчөө каражаттарын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, каттоо жана өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таануу боюнча иштердин материалдары архивге мамлекеттик сактоого белгиленген тартипте берилүүгө тийиш.
2-глава. Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү Мамлекеттик реестрге киргизүү тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштер жүргүзүлгөндөн кийин метрология боюнча улуттук орган тийиштүү сертификат же күбөлүк берүү жана каттоо номерин ыйгаруу менен өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү Мамлекеттик реестрге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн, өлчөө каражаттарын изилдөөлөрдүн тиби бекитилгенден жана өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжалары таанылгандан кийин каттоо жүргүзүлөт.
10. Өлчөө каражаттарын каттоо номери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) KG 417 - МК (ИСО 3166) 004 ылайык Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
2) 01 - метрология боюнча улуттук органдын коду;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы N 584 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) 0 - каттоонун катар номери;
5) ЧП - бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо белгиси;
66) XX - өлчөө каражаттарын каттоо жылынын акыркы эки цифрасы.
Мисалы:
- өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүдө жана бекитилген тибин таанууда: KG417/01.0...-XX;
- өлчөө каражаттарын каттоодо: KG417/01. 0... (ЧП)-ХХ.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Стандарттык үлгүлөрдүн каттоо номери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) KG 417 - МК (ИСО 3166) 004 ылайык Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
2) 01 - метрология боюнча улуттук органдын коду;
3) СҮ - стандарттык үлгүнүн аталышынын аббревиатурасы, кыргыз тилинде: "стандарттык үлгү";
4) 0... - төрт белгиден турган каттоонун катар номери;
5) XX - өлчөө каражаттарын каттоо жылынын акыркы эки цифрасы.
Мисалы: KG417/01.CY.0...-XX.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү каттоонун мамлекеттик реестри ушул Жобонун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча журнал түрүндө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-глава. Маалыматтык камсыздоо
14. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн типтери жөнүндө расмий маалыматтардын булагы болуп саналат, метрология боюнча улуттук орган ошол маалыматтардын негизинде жеке жана юридикалык жактарды алардын суроо-талабына ылайык маалыматтык камсыздоону ишке ашырат.
15. Мамлекеттик реестрге киргизилген өлчөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөр жөнүндө маалымат маалыматтык жыйнактарда, маалымдамаларда жана каталогдордо жарыяланат, ошондой эле квартал сайын метрология боюнча улуттук органдын сайтында жаңыртылып турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү же өлчөө каражаттарынын бекитилген тибин таануу
Өтүнмө келип түшкөн дата | Өтүнмө ээси | ӨК аталышы, ӨК тибинин белгилениши | ӨК тибин бекитүү же бекитилген ӨК тибин таануу | Мамлекеттик каттоо номери | Сертификатты алуучунун аты-жөнү | Колу | Датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Изилдөөдөн өткөн өлчөө каражаттарын каттоо
Өтүнмө келип түшкөн дата | Өтүнмө ээси | ӨК аталышы, ӨК тибинин белгилениши | ӨК заводдук номери | Мамлекеттик каттоо номери | Күбөлүктү алуучунун аты-жөнү | Колу | Датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
Стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери
Стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген түрлөрү | Даярдоочу-ишкана | СҮ аталышы | Мамлекеттик каттоо номери | Сертификаттын жарактуу мөөнөтү | МСҮ каттоо номери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|