Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин өз ишин калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү жаатында жүргүзгөн ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин укуктук мураскери болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Департаментти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти" мекемеси;
расмий тилде: "Учреждение "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Государственном агентстве водных ресурсов при Правительстве Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти" (ИСКСЧӨД)" мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения (ДРПВВ)";
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
2. Департаменттин ишинин максаты
6. Департаменттин ишинин максаты калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү субъекттердин, анын ичинде ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин потенциалын күчөтүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү.
4. Департаменттин функциялары
8. Департамент жогоруда аталган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча аткаруучу агенттик катары чыгат;
- республикалык бюджеттин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин курууга жана реконструкциялоого заказчы катары чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мамлекеттик сатып алууларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
- калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;
- калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык жактан камсыздоону ишке ашырат;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын башкарууну жакшыртуу, калктуу конуштардын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун экономикалык механизмдери, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармактарын эксплуатациялоочу уюмдарга киргизет;
- министрликтер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын жана иштиктүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялоо потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты белгиленген тартипте ишке ашырат, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылат;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- калктуу конуштарды борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзөт;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдар жана чет элдик инвестициялар маселелерин координациялайт;
- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
3) колдоо функциялары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерин (ИСККБ), райондук жана республикалык ассоциацияларды, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоо жана күтүү боюнча башкаруучу компанияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгарууга акы төлөө, акча каражаттарын чогултуу жана кайтаруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын күтүү жана эксплуатациялоо сметаларын түзүү маселелери, ичүүчү суунун сапатын баалоого келишимдерди түзүү боюнча ИСККБ, райондук жана республикалык ассоциациялардын, ошондой эле башкаруучу компаниялардын кеңешмелерине катышат;
- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, ондоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдыңкы тажрыйбаны киргизет;
- министрликтер, администрациялык ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен актуалдуу маалыматтарды алмашуу жана жайылтуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
- калктуу конуштардын борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтар базасын түзөт.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда заказчы катары белгиленген тартипте чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин курууда жана реконструкциялоодо заказчы катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу бөлүмдөрдү жана топторду (ДИБ/ДИТ) түзүүгө;
- заказчы катары курулуш-монтаждоо иштеринин, долбоордук-сметалык документтерди даярдоонун жүрүшүн контролдоого;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо үчүн консультация жана маалымат алуу тартибинде башка бөлүмдөрдүн адистерин, консультациялык фирмаларды, подрядчыларды, жеткирүүчүлөрдү белгиленген тартипте тартууга;
- курулуш-монтаждоо иштери бүткөн борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссиянын курамында катышууга;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишине жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө баа берүүгө жана зарыл болгон учурда келишимдерди бузуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болууга;
- борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин курулуш-монтаждоо иштерине катышууга;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда директивдик методикалык көрсөтмөлөрдү, стандарттарды жана ченемдерди макулдашууга жана ишке ашырууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Департаменттин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык конференцияларга жана семинарларга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
11. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын мүчөсү болуп эсептелет.
12. Директордун бир орун басары болот, ал "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Департаменттин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерине ылайык жүргүзөт. Директор жок учурда, анын милдетин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт, бардык мамлекеттик органдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет, милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин кенже тейлөөчү персоналын жана техникалык тейлөө персоналын ишке кабыл алат;
- Департаменттин бардык финансылык документтерине биринчи колду коюу укугуна ээ болот;
- Департаменттин компетенциясына кирген иштерди аткаруу үчүн эмгектик келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана аларды түзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштер үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруучу убактылуу бөлүмдөр жана топтор (ДИБ/ДИТ) жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин ишинин максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Департаменттин мүлкү
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Департаменттин мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо
16. Департаменттин мамлекеттик жарандык кызматчыларын укуктук жана социалдык коргоо мамлекеттик жарандык кызмат, социалдык, пенсиялык камсыздандыруу маселелерин регламенттөөчү мыйзамдардын чегинде камсыз кылынат.
17. Департаменттин кызматкерлерин ишке кабыл алууну, эмгек ишин, иштен бошотууну укуктук жөнгө салуу, аларды укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
9. Департаменттин милдеттери жана жоопкерчилиги
18. Департаменттин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын милдеттери жана жоопкерчилиги "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.
19. Департаменттин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы иш-аракеттерди (аракетсиздик) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
10. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаменттин иши ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат. Департаментти кайра уюштуруу же жоюу, анын аталышын өзгөртүү, ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда, документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.