Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-августу № 443
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алуусу менен байланышкан акча каражаттарынын ордун толтуруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
"Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алуусу менен байланышкан акча каражаттарынын ордун толтуруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алуусун жөнгө салуучу ченемдерди камтыган "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш, 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана кабыл алынышы ушул токтомдун 3-пунктунун 1-пунктчасында каралган ченемдик укуктук актынын күчүнө кирген датасына чейин колдонулат.
Премьер-министр | К.А. Боронов |