Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 443 токтомуна) |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алуусу менен байланышкан акча каражаттарынын ордун толтуруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо
1. Ушул Убактылуу жобо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алууга байланышкан акча каражаттарынын ордун толтуруу тартибин аныктайт (мындан ары - акча каражаттарынын ордун толтуруу).
2. Ушул Убактылуу жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга жайылтылбайт.
3. Акча каражаттарынын ордун толтуруу арыз берүүчүнүн иш жүзүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) шаардык, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга акча каражаттары төмөнкү тартипте кайтарылып берилет:
- I топтогу майыптарга: 5 (беш) жылда бир жолу - бекитилген сумманын өлчөмүнөн 100 пайыз; I топтогу майыпты коштоочу адамга медициналык көрсөткүчтөргө ылайык, бекитилген сумманын өлчөмүнөн 50 пайыз;
- II топтогу майыптарга - 5 (беш) жылда бир жолу - бекитилген сумманын өлчөмүнөн 50 пайыз;
- III топтогу майыптарга - 5 (беш) жылда бир жолу бекитилген сумманын өлчөмүнөн 30 пайыз.
5. Ордун толтурулууга тийиш акча каражаттарынын өлчөмүн аныктоо ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде жыл сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомонун орточо наркынын өлчөмүнө жараша мурдагы календарлык жылдагы айдын 20сынан кечиктирбестен ишке ашырылат жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Ыйгарым укуктуу органдын акча каражатынын ордун толтуруу өлчөмүн бекитүү жөнүндө буйругу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланат.
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү) орду толтурулуучу акча каражаттарын алуу үчүн иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
1) ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча жеке арызын;
2) сунушталуучу санаториялык-курорттук мекеменин багытын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн медициналык көрсөткүчтөрүнүн болушу жөнүндө саламаттык сактоо уюмунан белгиленген формадагы маалым катын;
3) саламаттык сактоо уюмунун (I топтогу майыптар үчүн) санаториялык-курорттук мекемеге коштоо зарылдыгы жөнүндө корутундусу;
4) санаториялык-курорттук дарылоонун зарылдыгы жөнүндө психиатрдын корутундусу (психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн).
7. Ушул Убактылуу жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери тарабынан кабыл алынат жана Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын (мындан ары - СЖКМС) маалыматтар базасында катталат.
8. Аймактык бөлүмдөр арыз ээсинин банктык алыш-бериш эсебине акча каражаттарын СЖКМСнын маалыматтык базасындагы каттоого ылайык электрондук кезектүүлүк тартибинде которушат.
9. Акча каражаттарынын ордун толтуруу тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
10. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери орду толтурулуучу акча каражаттарынын өз убагында жана туура төлөнүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.