Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-майы № 247
Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 14-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) транспорт каражаттарын башкарган адамдардын мас абалын аныктоо максатында медициналык күбөлөндүрүү үчүн жөнөтүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын башкарган адамдардын алкоголдук мас абалын атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө;";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- 2020-2021-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүкчөлөрүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын бөлүкчөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын аймактык ички иштер органдарынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүн бириктирүү жолу менен милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырсын;
- тийиштүү иш-чаралардын пландарын бекитсин жана милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди чечсин (белгиленген тартипте штаттык бирдиктерди, материалдык-техникалык жана акча каражаттарын өткөрүп берүү, кызмат өтөө үчүн талапкерлерди тандоо жана тийиштүү программалар боюнча окутуу, квалификациялык экзамендерди тапшыруу, конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн жана окууну ийгиликтүү аяктаган адамдар менен кызмат өтөө жөнүндө контракт түзүү);
- милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун бардык стадияларында калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн;
- жазуу жүзүндө кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын иштеп жаткан кызматкерлерине жаңы түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүндөгү бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурстук тандоолорго катышуу укугу берилсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүнө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү функциялар, ошондой эле жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана ар кандай мыйзамга каршы кол салуулардан коргоо, кылмыштарга, жоруктарга жана бузууларга дароо чара көрүү, кылмыштарга, жоруктарга жана бузууларга бөгөт коюу, кылмыш кылганга же жорук жасаганга шектүү адамдарды кармоо боюнча зарыл чараларды көрүү, табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаалдар жана алааматтар келип чыкканда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган токтоосуз чараларды көрүү, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу бекитилген аймакта укуктук тартиптин сакталышын камсыздоо, ошондой эле аларды жасаганга түрткү берүүчү жагдайларды аныктоо боюнча функциялар жүктөлө тургандыгы;
- милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мезгилинде материалдык стимулдоого укук берген ченемдер милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүнүн кызматкерлерине жайылтылбай тургандыгы.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Ош шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөсүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кошумча 44384900 (кырк төрт миллион үч жүз сексен төрт миң тогуз жүз) сом суммасындагы акча каражатын бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
3) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 239340600 (эки жүз отуз тогуз миллион үч жүз кырк миң алты жүз) сом суммасындагы каражатты карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы:
- 2020-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде 34235000 (отуз төрт миллион эки жүз отуз беш миң) сом суммасындагы каражатты Ош шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөсүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга жумшасын;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун жана жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына арналган акча каражаттарынын 25 пайызын милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү жана иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга пайдалансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-майындагы № 39 (3111) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы