Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101, 2020-жылдын 11-майындагы № 247 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (мындан ары - ИИМ ЖКККББ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүгү болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдук, көзөмөлдүк жана уруксат берүүчү функцияларды, ошондой эле автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
ИИМдин ЖКККББ юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. ИИМдин ЖКККББнын иши мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сыйлоонун, ачыктыктын принциптерине таянат.
ИИМдин ЖКККББ жарандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн сактоо, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана ар кандай уюмдары, кызмат адамдары жана жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар (мындан ары - жарандар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча башка ченемдик укуктук актыларын, эрежелерин, стандарттарын жана техникалык ченемдерин сактоосун, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыздайт.
3. ИИМдин ЖКККББ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ИИМдин ЖКККББ өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
2. ИИМдин ЖКККББнын негизги милдеттери
5. ИИМдин ЖКККББга төмөнкүдөй милдеттер тапшырылат:
1) жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана ар кандай мыйзамга каршы кол салуулардан коргоо;
2) кылмыштар жана укук бузуулар жөнүндө арыздарга жана билдирүүлөргө дароо чара көрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды токтотуу, кылмыш кылганга же укук бузганга шектүү адамдарды кармоо боюнча зарыл чараларды көрүү;
3) алдын алуучу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, кылмыштарды, укук бузууларды токтотуу жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
4) жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын орнотуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген контролду жана көзөмөлдү, ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. ИИМдин ЖКККББнын функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында ИИМдин ЖКККББ төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) эскертүүчү-алдын алуучу жана ар кандай башка иш-чараларды жүргүзүү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле аларды жок кылуу үчүн чараларды көрүү;
2) коомдук-саясий, маданий-массалык, спорттук жана эл катышкан башка иш-чаралар учурунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларга катышуу;
3) ички иштер органдарынын башка бөлүктөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлерине кылмыштардын бетин ачууга, ошондой эле кылмышкерлерди жана мыйзам бузуучуларды кармоого жардам көрсөтүү;
4) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу боюнча чараларды көрүү;
5) жол кыймылынын коопсуздугунун көрсөткүчүн белгиленген тартипте мамлекеттик статистикалык эсепке алуу;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жол кыймылынын коопсуздук маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар кандай кароолорду, конкурстарды, мелдештерди өткөрүү, аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына жарандарга жолдордо коопсуз жүрүүнүн эрежелерин окутууну уюштурууда, жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоодо көмөк көрсөтүү;
7) жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, мында мамлекеттик аткаруу бийлигинин кызыкдар органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана коомдук бирикмелер менен да биргелешип иштеп чыгуу;
8) жол кыймылын жөнгө салуу, мында техникалык каражаттарды жана башкаруунун автоматташтырылган тутумдарын колдонуу менен да жөнгө салуучу, ошондой эле авариялык-куткаруу иштери жүрүп жаткан жерлерде транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштурууну камсыздоо;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар, анын ичинде автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен фиксацияланган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу;
10) жол-транспорт кырсыгы болгон жерде адамдарды сактоо боюнча кечиктирилгис иштерди аткаруу, анын ичинде адамдарды эвакуациялоо боюнча чараларды көрүү, жабыркагандарга биринчи жардамды көрсөтүү, бузулган транспорт каражаттарын ташууга жана кароосуз калган мүлктү кайтарууга көмөктөшүү;
11) жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражатын эксплуатациялоого коркунуч келтирген кылмыш иштерине алгачкы текшерүү иштерин жүргүзүү;
12) транспорт каражаттарын белгиленген тартипте коштоп жүрүү;
13) бузуулар жана салынган айыптар тууралуу маалыматтар банкын (базасын) түзүү, иштешин камсыздоо жана жүргүзүү;
14) мамлекеттик күзөт органдарынын тийиштүү бөлүктөрү менен бирдикте мамлекеттик кайтаруудагы объектилерди ташыган транспорт каражаттарынын коопсуз жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылууга катышуу;
15) өзгөчө кырдаалдар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
16) коркунучтуу жүктөрдү автотранспорт каражаттары менен ташууга уруксат берүү жана коркунучтуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын кыймылынын өзгөчө шарттарын аныктоо;
17) жол кыймылынын шарттарын изилдөө, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштурууну өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо программаларын белгиленген тартипте макулдашуу;
18) жол-транспорт кырсыктарына, Жол кыймылынын эрежелерин бузууга, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурган мыйзамга каршы башка иш-аракеттерге алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
19) шаар куруу боюнча жана техникалык кеңештердин, коомдук транспорттун такай жүрүүчү маршруттарын ачуу боюнча комиссиялардын ишине, ошондой эле ал маршруттарды пайдалануу процессинде алардын жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайыктыгын баалоого катышуу;
20) оор салмактуу жана ири көлөмдүү жүктөрдү автотранспорт каражаттары менен ташуунун маршруттарын макулдашуу;
21) автомобиль жолдорунун жол боюндагы тилкелеринин чегинде жолду тейлөө объектилеринин жайгашуусун макулдашуу;
22) жалпы пайдалануучу жолдорго жана контролго алынуучу зоналарда сырткы жарнамаларды, ошондой эле транспорт каражаттарына жарнамаларды жайгаштырууну макулдашуу;
23) светофор объектилерин, жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын, байланыш линияларын жана жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу ар кандай техникалык каражаттарды жана жабдууларды орнотуу, реконструкциялоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүү;
24) мамлекеттик кайтаруудагы объекттерди, расмий визиттин алкагында келүүчү чет өлкөлүк делегацияларды ташууга тартылган транспорт каражаттарына техникалык кароо жүргүзүү;
25) транспорттук каражатка анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен ТР ТС (018/2011) Техникалык регламентине ылайык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү;
26) уруксатсыз айдап кеткен жана уурдалган авто-мото транспорт каражаттарын, ошондой эле жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткен жол кыймылынын катышуучуларынын авто-мото транспорт каражаттарын издөө боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
27) жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу.
28) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашырат;
29) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101,КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. ИИМдин ЖКККББнын укуктары
7. ИИМдин ЖКККББ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
2) тиешелүү уюмдарга жана жеке жактарга жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын коюуга жана алууга көрсөтмөлөрдү берүүгө;
3) юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бузууну жоюу тууралуу аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
4) укук бузуу жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
6) жол кыймылын убактылуу чектөөгө же тыюу салууга, массалык иш-чараларды өткөрүүдө жана башка учурларда жолдун айрым участокторунда анын уюштурулушун өзгөртүүгө;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан жолдогу оңдоо-куруу жумуштарын жана башка иштерди чектөөгө же тыюу салууга;
8) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган учурда чоң габариттүү, оор салмактуу же опурталдуу жүктөрдү ташууга, ошондой эле коомдук транспорттун белгиленген маршрут боюнча жүрүшүнө тыюу салууга;
9) бузулган авто-мото транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, тракторлорду жана башка өзү жүрүүчү машиналарды пайдаланууга тыюу салууга;
10) түйүндөрдүн жана агрегаттардын номурлары же мамлекеттик каттоо белгилери жашыруун, жасалма, өзгөртүлгөн, ошондой эле транспорт каражатынын маркировкасы каттоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келбеген учурда транспорт каражаттарын эксплуатациялоого тыюу салууга;
11) транспорт каражаттарын токтотууга жана аны пайдалануу жана башкаруу укугуна болгон документтерди, ошондой эле транспорт каражатынын жана ташылып бараткан жүктүн документтерин текшерүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда транспорт каражатын башкарууга берилген документтерди алып коюуга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адамдарды транспорт каражатын башкаруудан четтетүүгө;
14) транспорт каражаттарын башкарган адамдардын мас абалын аныктоо максатында медициналык күбөлөндүрүү үчүн жөнөтүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын башкарган адамдардын алкоголдук мас абалын атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө;
15) коомдук тартипти, Жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоо жана белгилөө, транспорт каражаттарынын жана жолдордун техникалык абалын контролдоо, транспорт каражаттарын мажбурлап токтотуу жана кармоо, тахографтардын көрсөткүчтөрүн чечмелөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте атайын техникалык жана транспорттук каражаттарды колдонууга;
16) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык күч колдонууга, атайын каражаттарды, куралды (атайын техниканы) колдонууга;
17) укук бузган жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана жекече текшерип кароого, жүктү коштоп жүргөн айдоочунун же жарандардын катышуусунда транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кароого, транспорт каражаттарын текшерип кароого;
18) өндүрүштө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакырууга, алардан зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү, маалым каттарды, документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) алууга;
19) шашылыш же кечиктирилгис формада медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгон жарандарды медициналык уюмдарга жеткирүү, авариядан жабыр тарткан транспорт каражаттарын ташуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда чет мамлекеттердин дипломаттык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө, эл аралык уюмдарга таандык транспорт каражаттарынан жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын транспорт каражаттарын пайдаланууга;
20) юридикалык жактарга жана жарандарга тиешелүү байланыш каражаттарын кызматтык максатта тоскоолдуксуз пайдаланууга;
21) Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын контролдоочу техникалык каражаттарды, жол-транспорт кырсыгы болгондо колдонулуучу авариялык-куткаруучу жабдууларды, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун арттырууга жана коомдук тартипти сактоого шарт түзүүчү башка техникалык каражаттарды, автоматташтырылган системаларды жана приборлорду иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууга белгиленген тартипте катышууга;
22) кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоого катышууга, аларды белгиленген тартипте ишке ашырууга, ошондой эле илимий иштеп чыгууларды ИИМдин ЖКККББсынын практикалык ишине киргизүүгө катышууга;
23) эл аралык уюмдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо проблемалары боюнча иштерине белгиленген тартипте катышууга, кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бул жааттагы эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоочу иш-чараларды иштеп чыгууга жана аткарууга;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, аларды атайын токтотуучу жайларга жайгаштырууга, сактоого, дөңгөлөктүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонууга;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөөдө жүргөн транспорт каражаттарын кармоого.
26) транспорт каражаттарынын тиешелүү документтеринин болушуна, жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу жана автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу бөлүгүндө автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды аныктоо үчүн экипировканы текшерүүнү жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. ИИМдин ЖКККББ өзүнүн компетенциясынын чегинде аскердик автомобилдик инспекцияга усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт.
5. ИИМдин ЖКККББнын ишин уюштуруу
9. ИИМдин ЖКККББнын системасы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздай турган башкаруу органдарынан жана бөлүктөрүнөн түзүлөт, ага аппараттын башкармалары, бөлүмдөрү: жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык, атайын, саптык жана адистештирилген бөлүктөр кирет.
Аймактык бөлүктөр башкармалардан, бөлүмдөрдөн, бөлүмчөлөрдөн, топтордон жана саптык бөлүктөрдөн турат.
Саптык бөлүктөр взводдордон, роталардан, батальондордон, полктордон турат.
10. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык, саптык жана адистештирилген бөлүктөргө жалпы жетекчиликти ЖКККББнын начальниги жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. ИИМдин ЖКККББнын, анын аймактык, адистештирилген бөлүктөрүнүн (ишканаларынын) түзүмү жана штаттык саны ИИМдин ЖКККББнын начальнигинин сунушу боюнча, бекитилген штаттык сандын чегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан бекитилет.
12. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүктөрдө кызмат өтөө тартиби жана шарты, укук коргоо органдарында кызмат өтөө шарттарын регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык белгиленет.
13. ИИМдин ЖКККББнын начальниги:
- ЖКККББга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчиликти алат;
- ЖКК бөлүктөрүнүн ишин уюштурат, бөлүктөрдүн кызматтык ишинин камсыздалышы, анын коюлган милдеттерди аткарууга дайыма даяр болуусу үчүн жооп берет;
- начальниктин орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт жана өздүк курамдын иш милдеттерин бекитет;
- өздүк курам менен кызматтык жана дене тарбиялык даярдыктарды өткөрүүнү, карамагындагыларды окутууну жана тарбиялоону камсыз кылат. Өздүк курамдын арасында тартипти жана мыйзамды бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
- кызматкерлердин жекече коопсуздугунун зарыл чараларынын аткарылышын, табелдик куралды, техникалык жана атайын каражаттарды колдонуу эрежелеринин сакталышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставында каралган тартипте ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жазага тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат;
- өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча төмөнкүдөй укуктарга ээ:
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында, ошондой эле бул жаатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын иштерин координациялоодо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен иштешүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан чыгууга;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жол кыймылынын коопсуздугу жаатында кат алышууга;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзамдарын бузууну жоюу тууралуу көрсөтмөлөрдү (токтомдорду, сунуштарды, чечимдерди) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизүүгө;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу маселеси боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашып, кеңешүүчү жана эксперттик органдарды (кеңештерди, комиссияны, топторду) түзүүгө;
- эл аралык уюмдарда жана чет мамлекеттер менен өз ара мамиледе жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгынын атынан чыгууга.
14. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын ЖКК башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн начальниктери өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде шаардык жана райондук ЖКК бөлүктөрүнүн иштерине жалпы жетекчилик кылышат.
6. ИИМдин ЖКККББнын ишине жана жоопкерчилигине контроль
15. ИИМдин ЖКККББнын ишине көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери мыйзамга каршы иш-аракети же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликке тартылышат. ИИМдин ЖКККББнын кызматкери юридикалык жактарга же жарандарга келтирген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнүп берилет.
7. ИИМдин ЖКККББны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
17. ИИМдин ЖКККББны каржылоо жана материалдык техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
ИИМдин ЖКККББнын, анын аймактык жана адистештирилген башкармаларынын жана бөлүмдөрүнүн имараттары, курулмалары, жабдуулары, шаймандары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
ИИМдин ЖКККББ республикалык бюджеттен өзүнчө сап менен каржыланат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, бюджеттик жана атайын эсептери болот.
ИИМдин ЖКККББ финансылык-чарбалык жана келишимдик иштердин маселелерин белгиленген тартипте өз алдынча чечет.
ИИМдин ЖКККББ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доочу жана жоопкер боло алат.
8. КР ИИМдин ЖКККББны жоюу
18. ИИМдин ЖКККББны жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.