Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-декабры № 628
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияны тандоо маселеси боюнча кайрылууларынын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартибинде:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Арыз камсыздандырылган адамдын өзү тарабынан жашаган жери же жүргөн жери боюнча Соцфонддун региондук органына же Соцфонддун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети" аркылуу, же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн учурда арыз почта байланыш кызматы аркылуу же Соцфонддун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети" аркылуу, же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Арыз почта боюнча жөнөтүлгөн учурда документтердин түп нускалары жиберилбейт. Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо, документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү, ошондой эле арыздагы камсыздандырылган адамдын кол тамгасынын аныктыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
Арыз почта боюнча жөнөтүү фактысын жана датасын ырастоого мүмкүндүк берген ыкма менен жиберилүүгө тийиш. Документтерди жөнөтүү жөнөтүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. ТПФны же башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө арыз берилген күн болуп төмөнкү күн эсептелет:
- Соцфонддун региондук органы тарабынан ушул Тартиптеги 2-бапта каралган бардык керектүү документтери менен арыз кабыл алынган күн;
- электрондук документ түрүндө арыз берилген дата;
- почта аркылуу жөнөтүүдө - арыз менен жана ушул Тартиптеги 2-бапта каралган бардык керектүү документтерди тиркөө менен кат почта бөлүмүнүн тийиштүү эсепке алуу формаларында белгиленген, Соцфонддун региондук органы тарабынан кабыл алынган күн.";
- 8-пунктунун 6-абзацындагы "ай сайын" деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |