Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-августу № 424
Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыч Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 424 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет.
Макулдашуунун максаты айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Долбоор ошондой эле кубаттуулуктарды көбөйтүүнүн (түшүм жыйноодон кийин), интеграцияны жана рыноктук байланыштарды күчөтүүнүн эсебинен айыл тургундары үчүн наркты түзүү чынжырчасында экономикалык кайтарымды жогорулатууга багытталган.
Аталган долбоордун алкагында жеңилдетилген кредит берүү аркылуу айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө экономикалык колдоо көрсөтүү маселелери каралган. Мындай колдоо COVID-19 коронавирус пандемиясына байланышкан экономиканын төмөндөө мезгилинде дыйкандар менен фермерлер үчүн маанилүү жана зарыл болуп саналат.
Суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртуу, мелиорацияны жана айдоо алдындагы иштетүүнү өнүктүрүү боюнча иштер негизинен 4 райондо: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда; Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жүргүзүлөт.
Долбоордун жалпы суммасы 59,5 млн. АКШ долларын түзөт.
Сауд өнүктүрүү фондунун долбоорду каржылоосу 30,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каралган. Кредит берүүнүн финансылык шарттары: кредит 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошуп алганда 25 жылдык мөөнөткө берилет, пайыздык ставка - жылдык 1,0 пайыз. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 5 жыл. Ислам өнүктүрүү банкы долбоорду 20,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылайт. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) техникалык колдоого 0,6 млн. АКШ долларын берет.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоосу каралган.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.