Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 18-августу № 425
"Саясий партиялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Саясий партиялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | К.А. Боронов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-августундагы № 425 токтому менен жактырылган |
"Саясий партиялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Саясий партиялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесине өзгөртүү киргизүү жана 3-бөлүк менен толуктоо сунушталган, ага ылайык "саясий партиялардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган шарттар келген учурда саясий партияларга жыл сайын республикалык бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп берилет. Республикалык бюджеттен саясий партияларга бөлүнүп берилүүчү каражаттардын жалпы көлөмү жыл сайын республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда бекитилет жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмүнөн 0,01 пайыздан кем эмести түзөт".
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү жалпы саясий максаттары, милдеттери бар жана мамлекеттик иштерди башкарууга өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмесин саясий партия катары түшүнүүгө болот.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында саясий партиялардын ишин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо маселесин жөнгө салуучу ченем каралбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык шайлоо компанияларын каржылоодон башка учурларда, саясий партиялардын иши мамлекеттик бюджеттен каражаттар бөлүнбөстөн, бул партиялардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесине ылайык республикалык бюджет - бул мамлекеттик органдардын, аларга караштуу бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоо үчүн арналган акча каражаттарынын жыйындысы.
Ушуга байланыштуу долбоордун 1-беренесинде каралган, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, анткени бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджетке оорчулук алып келет жана саясий партияларга ар жылдык негизде бюджеттен финансы каражаттарын кошумча бөлүүнү талап кылат.
Мындан сырткары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш, мында каржылоонун көлөмү жана республикалык бюджеттин мүмкүндүгү аныкталуучу финансылык-экономикалык эсептер жок.
2. Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин ченем менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "саясий партия тарабынан шайлоо комиссиясына каражаттардын келип түшкөндүгү жана чыгашалангандыгы жөнүндө жылдык каржылык жыйынды отчетту белгиленген мөөнөттөрдө тапшырбоо - эскертүүгө же болбосо 1-категориядагы айып пул салууга алып келет".
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде саясий партиянын кирешелер булагына, ал тарабынан алынган каражаттардын өлчөмдөрүнө жана салыктардын төлөнүшүнө контролду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын аймактык органдары жүзөгө ашыра тургандыгы каралган.
Негиздеме-маалым катта белгиленгендей ушул мыйзамдын долбоору саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды колдонуу үчүн иштелип чыккан, бирок Кыргыз Республикасынын колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык сунушталып жаткан баяндоодо келип түшкөн каражаттардын булагына карата маалыматтарды камтыбайт, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктук ченемдин санкцияларын колдонууда дискрециялык ыйгарым укуктарды бөлүп берет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек.
3. Долбоордун 3-беренесинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин толуктоо жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга саясий партиялардын каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын кирүү жана мүчөлүк акылары, кайрымдуулуктары түрүндө саясий партиялардан алынган мүлк жөнүндө жылдык жыйынды финансылык отчётторду жана маалыматтарды текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүп берүү сунушталат.
Долбоордун 2 жана 3-беренелерине сунушталып жаткан түзөтүүлөр боюнча "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга саясий партиялардын каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын кирүү жана мүчөлүк акылары, кайрымдуулуктары түрүндө саясий партиялардан алынган мүлк жөнүндө жылдык финансылык жыйынды отчетторду, маалыматтарды текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жана шайлоо комиссияларына каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө жылдык финансылык жыйынды отчетту берүүгө саясий партияларды милдеттендирген ченемдери каралган эмес.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык саясий партиянын киреше булактарын, ал тарабынан алынган каражаттардын өлчөмүн жана салыктардын төлөнүшүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын аймактык органдары контролдошот.
4. Сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу тапшырылган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн эмес.
Ошондуктан негиздеме-маалым катты Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же тиешелүү оңдоолорду киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.