Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 9-сентябры № 474
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөнүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажрыйбанын жыйынтыктарын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүргүзүлгөн аракеттердин жыйындысы;
жеке практика - агроөнөр жай комплекси системасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен сырткары түзүлгөн келишимдерге ылайык жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү.";
2) 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) агроөнөр жай комплексин техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү;";
3) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) агроөнөр жай комплекси системасында жеке практиканы ишке ашыруу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Агроөнөр жай комплекси системасында жеке практиканы ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
4) 8-беренесинде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү";
б) биринчи абзацы "камсыз кылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-пункттар менен толукталсын:
"5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүү боюнча уюштуруу-башкаруу методдору;
6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системасын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүү боюнча технологиялык-өндүрүштүк методдор;
7) "жашыл экономика" принциптерин ишке ашыруу боюнча экономикалык методдор;
8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, өсүмдүктөрдүн биологиялык коргоо каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоо, айыл чарба багытындагы жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу жана сактоо боюнча экологиялык методдор;
9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин, айыл чарба малдарынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруу, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны ишке ашыруу боюнча селекциялык-генетикалык методдор.";
5) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо системасын өнүктүрүү.";
6) 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|