Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-июну № 299
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик алымдын ставкаларын жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоочу жана суу бөлүүчү эксплуатациялык уюмдарынын, ишканаларынын ичүүчү сууну пайдалануу, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарды берүүдөгү чыгымдарын азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 1-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;";
- 2-пунктунун 12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 49 (3121) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |