Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик алымдын СТАВКАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 299, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 546, 2021-жылдын 3-майындагы № 177 КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-майындагы № 251 , 2022-жылдын 10-июнундагы № 308, 2023-жылдын 15-февралындагы № 73, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2024-жылдын 15-майындагы № 247 , 2024-жылдын 3-июлундагы № 350, 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2024-жылдын 16-июлундагы № 392, 2025-жылдын 30-октябрындагы № 707, 2026-жылдын 23-июлундагы № 505
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым
1. Сотко берилүүчү доо арыздарынан, анын ичинде келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) доонун төмөнкүдөй баадагы доо арыздарынан:
- 50000 (элүү миң) сомго чейин - доонун баасынан 5 пайыз, бирок бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес;
- 50000 (элүү миң) сомдон 250000 (эки жүз элүү миң) сомго чейин - 2500 (эки миң беш жүз) сом жана 50000 (элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 4 пайыз;
- 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон 500000 (беш жүз миң) сомго чейин - 10000 (он миң) сом жана 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 3 пайыз;
- 500000 (беш жүз миң) сомдон 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомго чейин - 20000 (жыйырма миң) сом жана 500000 (беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 2 пайыз;
- 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейин - 60000 (алтымыш миң) сом жана 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 1 пайыз;
- 5000000 (беш миллион) сомдон жогору - 80000 (сексен миң) сом жана 5000000 (беш миллион) сомдон ашкан суммадан 0,5 пайыз;
2) никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү, никени бузууда мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө доо арыздарынан - доонун баасынан 1 пайыз;
3) белгиленген тартипте дайыны жок же жин оорусунан же кем акылдыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар, же үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар менен никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
4) турак-жайларды жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө, мурасты кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу, мүлктү камоодон бошотуу жана мүлктүк эмес мүнөздөгү (же баалоого тийиш эмес) башка доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
5) өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан) - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
6) келишимге чейинки талаштар боюнча доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
7) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
8) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан - доо арызын берүүдө төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;
9) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча карызды өндүрүү жөнүндө соттук буйрукту берүү тууралуу арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
10) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
11) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык бүтүмдүн предмети болуп эсептелген мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча аныкталат;
12) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт;
14) мүлктүк жана мүлктүк эмес талаштар боюнча аз камсыз болгон же болбосо жарды үй-бүлөдөгү жарандардын, 1, 2 жана 3-топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын доо жана башка арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
15) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардын доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү.
2. Экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилүүчү арыздардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) мүлктүк мүнөздөгү доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык доонун баасы боюнча аныкталат;
2) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
3) келишимдерди түзүүдө, өзгөртүүдө же бузууда пайда болгон талаштар боюнча доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
4) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча аныкталат;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын ченемдик эмес актыларын жараксыз (толугу менен же жарым-жартылай) деп таануу жөнүндө доо арыздарынан, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине же аракетсиздигине даттануулардан - эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;
6) мүлктүк эмес мүнөздөгү башка доо арыздарынан, анын ичинде натуралай түрдө милдетин аткарууга ыйгаруу укугун таануу жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;
8) талаштын предметине өз алдынча талаптарын билдирген үчүнчү жактардын ишке киришүүсү жөнүндө арыздардан - мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арызын берүүдө алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча, ал эми мүлктүк мүнөздөгү талаштар боюнча үчүнчү жак менен талашка түшкөн суммага жараша эсептелген мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча;
9) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун, (арбитраждын) чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;
10) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан - доо арызын берүүдө төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;
11) жаратылыш газын керектегендиги жана ташыгандыгы үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.
3. Бир эле убакта мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды камтыган доо арыздары үчүн бир эле убакта мүлктүк мүнөздөгү доо арыздары жана мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арыздары үчүн белгиленген мамлекеттик алым алынат.
31. Жарандык талаш-тартыштар боюнча сотко берилген доо арыздарынан алынуучу мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 50000 эселенген өлчөмүнөн ашпайт.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 535 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин консулдук кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттерден тышкары, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым
4. Нотариалдык конторалар жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) предмети кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 300 (үч жүз) сом;
– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 500 (беш жүз) сом;
– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 1000 (бир миң) сом;
накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 3000 (үч миң) сом;
– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 5000 (беш миң) сом;
– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 10000 (он миң) сом;
2) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 600 (алты жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 1000 (бир миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо - 2000 (эки миң) сом;
3) ипотека (күрөө) жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 6 эселенген өлчөмү;
4) тыюуларды алып салуу үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
5) кандай гана болбосун мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз) пайдалануу, тескөө жана сатып алуу укугуна, анын ичинде кайра ишеним артуу тартибинде берилген ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- балдар, ата-энелер, жубайлар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
- ишеним катты берүүдө башка жеке жактар болсо:
3 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
6 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 4 эселенген өлчөмү;
1 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 6 эселенген өлчөмү;
3 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар болсо, мөөнөтүнө карабастан - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
6) башка ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- жеке жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
7) керээздерди күбөлөндүрүү үчүн:
- жөнөкөй керээз - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
- жашыруун керээз - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
8) мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн:
- балдарга, ата-энеге, жубайына 1000 (бир миң) сом;
- бир тууган ага-инилерге, бир тууган эже-сиңдилерге, чоң энелерге, чоң аталарга, неберелерге - 2000 (эки миң) сом;
- башка мураскерлерге - 5000 (беш миң) сом;
9) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
10) лизингдин предметин талап кылбастан аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн - өндүрүлүүчү суммадан 2 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызынан кем эмес, лизингдин предметин талап кылууда - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
11) документтин бир тилден экинчиге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын нотариус тарабынан күбөлөндүрүү үчүн (документтин ар бир барагы үчүн):
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн жана алардан көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн документтери берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 20 пайызы;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 30 пайызы;
13) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн арыздары өткөрүлүп берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
14) банк карточкаларындагы, арыздардагы жана башка документтердеги (анын ичинде коммерциялык эмес юридикалык жактарды - коомдук фонддорду, мекемелерди түзүү жөнүндө чечимдердеги) колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн колтамгалары күбөлөндүрүлсө:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
15) нотариалдык кеңсенин делолорунда сакталган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү жана дубликаттарын берүү үчүн:
- жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
16) юридикалык жактардын жыйналыштарынын протоколдорун, түрдүү лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын протоколдорун ж.б. күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 15 эселенген өлчөмү;
17) акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу үчүн - кабыл алынган депозиттик сумманын жана баалуу кагаздын наркынын 1 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмүнөн кем эмес.
18) акы төлөбөөдө, акцепт кылбоодо жана акцептин датасын койбоодо векселдерге бөгөт жасоо, чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү үчүн – векселдин же чектин төлөнбөгөн суммасынын 2 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
19) документтерди сактоо үчүн – жарыяланган баалуулуктун суммасынын 2 пайызы (сакталган ар бир ай үчүн), бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
20) деңиз бөгөтүн жасоо үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
21) башка нотариалдык аракеттерди жасоо (анын ичинде зыяндын ордун толтуруу, карызды кайтаруу, мүлктү сактоо тууралуу милдеттенмелерди күбөлөндүрүү) үчүн:
– жеке жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
– юридикалык жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 4 эселенген өлчөмү;
22) нотариалдык буйрукту берүү үчүн:
– жеке жактар үчүн – 1000 (бир миң) сом;
– эгерде тараптардын бири юридикалык жак болсо өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан 1 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 өлчөмүнөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашык эмес.
5. Нотариалдык конторанын имаратынан тышкары жайда жасалган нотариалдык аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эсе өлчөмдө алынат, ошондой эле бул аракеттерди жасоо үчүн жерине барууга байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдар төлөнүп берилет.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда укук белгилөөчү документтерди чет өлкөлүк валютада берүү жана чет өлкөлүк валюта бүтүмдөрдүн предмети болгон учурда аны менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоо үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү төлөө учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген расмий курс боюнча сомго айландырылып эсептелүүгө тийиш.
2-1-глава. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен жасалган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен бүтүмдөрдү жасагандыгы үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 300 (үч жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 500 (беш жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 1000 (бир миң) сом.
2) накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 3000 (үч миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 5000 (беш миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 10000 (он миң) сом.".
3-глава. Жарандарга жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алым
7. Жарандарга жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайта берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн нөлдүк ставкасы.
4-глава. Башка аракеттерди жасоо жана юридикалык мааниге ээ документтерди берүү үчүн алынуучу мамлекеттик алым
8. Башка аракеттерди жасоо жана юридикалык мааниге ээ документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) аты-жөнүн, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн - 60 (алтымыш) сом;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн:
- жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык тарап, күбө, жабырлануучу катары жана жарандык жана жазык иштери боюнча эксперт катары чет элдик сотторго чакыртылган жарандарга - 60 (алтымыш) сом;
3) аты-жөнүн, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
4) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүндө;
5) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 546 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 546 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) убактылуу жашоого уруксат берүү үчүн:
- КМШга жана ЕАЭБге катышкан мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
8) туруктуу жашоого уруксат берүү үчүн:
- КМШга жана ЕАЭБге катышкан мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына - эсептик көрсөткүчтүн 150 эселенген өлчөмү;
9) чет мамлекеттик жаранга жана жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, ошондой эле жоголгон же бузулган жашап турууга уруксатты берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
10) чет мамлекеттик паспортту же аны алмаштырган документти каттоо же каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздардан, аларды каттоо, жарандыкка таандыгын аныктоо жөнүндө тартипте - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) өтүнүчтөрдөн:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө (этностук кыргыздардан, качкындардан жана аргасыз көчүп келгендерден тышкары) - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
- качкындар жана аргасыз көчүп келгендер үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;
13) жашаган жери боюнча каттоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн нөлдүк ставкасы;
14) чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына - 50 (элүү) сом;
- чет мамлекеттик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - 250 (эки жүз элүү) сом;
15) ушул пункттун 151 жана 16-пунктчаларынан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган иш жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн:
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
151) чет мамлекеттин аймагы боюнча жүрүүнү, анын ичинде ата мекендик автоташуучулардын транзиттик өтүүсүн жүзөгө ашырууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берүү үчүн:
- Кытай Эл Республикасына болгон багыт боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн (үч тараптуу ташуулардан тышкары) - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;
- башка өлкөлөргө болгон багыт боюнча (Кытай Эл Республикасынан тышкары) жеке жана юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 50 эселенген өлчөмү;
16) уруксат берүү үчүн:
- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн белгиленген лимиттин чегинде чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
- бир чарбалык субъекттеги чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн белгиленген лимиттен ашкан чет мамлекеттик адистин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 200 эселенген өлчөмү;
- жогорку квалификациялуу чет мамлекеттик адистердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү;
- чет мамлекеттик жеке ишкерлердин иштөөсүнө - эсептик көрсөткүчтүн 500 эселенген өлчөмү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу менен байланышкан иштөө укугуна - эсептик көрсөткүчтүн 40 эселенген өлчөмү;
17) лицензия берүү, кайра тариздөө жана лицензиянын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу таануу жол-жобосу үчүн:
- юридикалык жакты түзбөгөн жарандардан - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактан - эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү.
171) Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген курулуш ишине лицензияларды берүү жана кайра жол-жоболоштуруу, ошондой эле өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте курулуш ишине лицензияларды таануу жол-жобосу үчүн:
- юридикалык жакты түзбөгөн жарандардан - 500 эселенген эсептик көрсөткүч;
- юридикалык жактан:
курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли үчүн 1500 эселенген эсептик көрсөткүч;
курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин II деңгээли үчүн 7000 эселенген эсептик көрсөткүч;
курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин I деңгээли үчүн 15000 эселенген эсептик көрсөткүч.
Курулуш ишинде лицензиялардын дубликатын берүү үчүн - 50 эселенген эсептик көрсөткүч.
18) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 100 эселенген өлчөмү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308, 2023-жылдын 15-февралындагы № 73, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 , 2024-жылдын 3-июлундагы № 350, 2024-жылдын 4-июлундагы № 352 токтомдорунун редакцияларына ылайык)