Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 84
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) VII-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-глава менен толукталсын:
"27-1-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар
Эскертүү. Ушул Кодекстин 208-1 - 208-3-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларга байланышкан маселелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
208-1-берене. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар менен операцияларды жүргүзүүдө белгиленген талаптарды сактабоо
1. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка тиричилик буюмдарын жасоодо жана оңдоодо эсепке алууну жүргүзүү боюнча мыйзамда белгиленген талаптарды сактабоо, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды жана анын сыныктарын сатууда жана сатып алууда мыйзамда белгиленген талаптарды сактабоо, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
208-2-берене. Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн ташып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо үчүн берүүнүн мыйзамда белгиленген талаптарын бузуу
Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо үчүн берүүнүн талаптарын бузуу, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
208-3-берене. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты жеке чайкоочулардан сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамда белгиленген талаптарды сактабоо
Эгер жоруктун белгилери камтылбаса, кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты жеке чайкоочулардан сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамда белгиленген талаптарды сактабоо, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|