Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 23-сентябры № 502
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерге, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жалпылоо жана Евразия экономикалык комиссиясына берүү үчүн 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун 2-тиркемесине ылайык ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоо каралган товарларды ташып келүүгө укугу бар уюмдардын жана жактардын кошумча тизмесин жыл сайын 31-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2017-жылы түзүлгөн тизме 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Келишимдин күчүнө кирген датасынан тартып товарларды ташып келген уюмдарга жана жактарга карата колдонула тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 9-октябрындагы № 84 (3156) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |