Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-сентябрындагы № 502 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги (мындан ары - ЕАЭБ) жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин, ЕАЭБ укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана ЕАЭБ органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун 2-тиркемесине ылайык ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарлардын жана ставкалардын тизмесинде (мындан ары - Товарлардын жана ставкалардын тизмеси) көрсөтүлгөн ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагынын бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарларды өткөрүүнү башкаруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи (мындан ары - ББТ) белгиленген ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонуу менен ташып келинген Товарлардын жана ставкалардын тизмесине кошулган соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөнүн аймагынан чыккан товарлар шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.
3. Максаттуу ырастоону талап кылган Товарлардын жана ставкалардын тизмесинде көрсөтүлгөн товарларга карата ЕАЭБ ББТ белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган ташып келүү бажы алымынын ставкасы аталган товарлардын декларанты болуп саналган жак Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан түзүлгөн жана Евразия экономикалык комиссиясына (мындан ары - ЕЭК) жиберилген 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин, ЕАЭБ укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана ЕАЭБ органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун 2-тиркемесине ылайык товарларды ташып келүүгө укуктуу уюмдардын жана жактардын тизмесине (мындан ары - Уюмдардын жана жактардын тизмеси) киргизилген шартта колдонулат.
2-глава. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар
4. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан чыгарылган дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды ташып келүүдө төмөнкүлөр зарыл:
1) дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын таңгактарында Кыргыз Республикасынын каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) номерин көрсөтүү менен маркалоонун болушу. Маркалоо ыкмасы таңгакты бузбай туруп маркалоону жок кылуунун мүмкүн эместигин камсыз кылышы керек;
2) тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделген жана берилген продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга таандык экендигин ырастоочу маалым каттын болушу;
3) каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен маркалоосу бар ташып келинген дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган дары каражаттарын ташып келүү жөнүндө кепилдик милдеттенменин болушу. Кепилдик милдеттенмеде эсеп-фактуралар, контракттар жана маркалоонун бар экендигин ырастоочу маалыматтарды камтыган жүктү коштоочу документтер жөнүндө маалыматтар болууга тийиш (жеткирүүчүнүн кепилдик каты, таңгактоо баракчалары);
4) ташып келүү бажы алымдарын эсептөө же шарттуу эсептөө менен бажы алымдарын жана салыктарды эсептөө максатында каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланган жана маркаланбаган дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын партиясынын номерлеринин товарларына декларациянын болушу. Каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланган дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар үчүн бажы алымдары шарттуу түрдө эсептелет, каттоо күбөлүгүнүн номерлери менен маркаланбаган дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар үчүн ташып келүү бажы алымдары төлөмгө карата эсептелет.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын ортосундагы маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.
6. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында ички жүгүртүү үчүн чыгарылган дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген учурда дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын таңгагында каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен маркалоонун болушу талап кылынбайт.
7. Ташып келинген дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын таңгагында каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен маркалоо төмөнкүлөрдү ташып келүү учурунда талап кылынбайт:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик каражаттарга борборлоштурулуп сатып алынуучу дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана медициналык практикада колдонууга уруксат берилген дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды.
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга таандык экендигин ырастоочу маалым катта тийиштүү белги коюлушу керек.
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташып келүү бажы алымдарын шарттуу эсептөө менен бажылык тариздөөдөн кийин маркалоонун (дары каражаттарында жана медициналык багыттагы буюмдарда каттоо күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен) жок экендиги аныкталса, дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул факт жөнүндө юридикалык же жеке жакка жана товарларга карата декларацияны тариздеген бажы органына кабарлайт (расмий кат аркылуу).
3-глава. Өнөр жай товарларын өндүрүү үчүн сырьё, материалдар жана комплекттөөчүлөр
9. Ташып келинген товарлардын максаттуу багытын ырастоону алууда юридикалык же жеке жак материалдарды, сырьёну, жана комплекттөөчүлөрдү өндүрүү үчүн ташып келүүдө өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) импорт боюнча сатып алынган керектөөнүн жылдык көлөмүнө ылайык материалдардын, сырьёнун жана комплекттөөчүлөрдүн номенклатуралык-сандык тизмесин;
2) продукцияны өндүрүү үчүн материалдарды, сырьёну жана комплекттөөчүлөрдү үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүнүн зарылдыгы боюнча жазуу жүзүндөгү негиздемени;
3) материалдарды, сырьёну жана комплекттөөчүлөрдү даярдоо жана жеткирүү боюнча фирмалар менен түзүлгөн контракттардын көчүрмөлөрүн.
10. Материалдарды, сырьёну жана комплекттөөчүлөрдү ар бир жеткирүүдөн кийин юридикалык же жеке жак өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) инвойстун;
3) товардын келип чыгуу сертификатынын;
4) товарларга декларациялардын;
5) ташып келинген материалдарды, сырьёну жана комплекттөөчүлөрдү эсепке алууну ырастоочу бухгалтердик документтердин.
11. Өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген материалдардын, сырьёнун жана комплекттөөчүлөрдүн максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
12. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак төмөнкүлөрдү берет:
1) өндүрүлгөн продукциянын номенклатуралык-сандык тизмегин;
2) материалдардын, сырьёнун жана комплекттөөчүлөрдүн калдыктары боюнча ведомостту;
3) материалдарды, сырьёну жана комплекттөөчүлөрдү сарптоо ченемин.
13. Өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген сырьёнун, материалдардын, комплекттөөчүлөрдүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
4-глава. Ветеринардык дары препараттары
14. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн ветеринардык дары препараттарын ташып келүүдө төмөнкүлөр зарыл:
1) ветеринардык дары препараттарынын таңгагында каттоо күбөлүгүн көрсөтүү менен кошумча маркалоонун болушу, маркалоо ыкмасы таңгакты бузбай туруп маркалоону жок кылуунун мүмкүн эместигин камсыз кылышы керек;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибинин 1.4-пунктуна ылайык ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ветеринардык дары препараттарына продукциянын таандык экендиги жөнүндө маалым каттын болушу;
3) ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ветеринардык дары препараттарын ташып келүүгө уруксаттын болушу;
4) ташып келинген ветеринардык дары препараттарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтин (сертификаттын, декларациянын) болушу.
15. Юридикалык же жеке жак Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген ветеринардык дары препараттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчётту ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жылда бир жолу берет.
16. Ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген ветеринардык дары каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
6-глава. Өнөр жайлык жардыруучу материалдар
17. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөнүн аймагынан чыгарылган өнөр жайлык жардыруучу материалдарды ташып келүү экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген импортко лицензиянын негизинде ишке ашырылат.
18. Юридикалык же жеке жак Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген жардыруучу материалдардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчётту тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жылда бир жолу берет.
19. Тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген жардыруучу материалдардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышы боюнча ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
5-глава. Кайра иштетүү өнөр жайы үчүн сырьё, материалдар жана жабдуулар
20. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн сырьёну, материалдарды жана жабдууларды тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн ташып келүүдө ташып келинген сырьёнун, материалдардын жана жабдуулардын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын ырастоо менен кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун ветеринария чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү зарыл.
21. Ушул Жобонун 20-пунктунда аталган товарларды ташып келүүдө юридикалык же жеке жак кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) импорт боюнча сатып алынган керектөөнүн жылдык көлөмүнө ылайык материалдардын, сырьёнун жана жабдуулардын номенклатуралык-сандык тизмесин;
2) продукцияны өндүрүү үчүн материалдарды, сырьёну жана жабдууларды үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүнүн зарылдыгына негиздеме;
3) материалдарды, сырьёну жана жабдууларды жасап чыгаруу жана жеткирүү боюнча фирмалар менен түзүлгөн контракттардын көчүрмөлөрүн.
22. Үчүнчү өлкөлөрдөн материалдарды, сырьёну жана жабдууларды ташып келүүдө юридикалык же жеке жак кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациялардын;
4) ташып келинген материалдарды, сырьёну жана жабдууларды эсепке алууну ырастоочу бухгалтердик документтердин;
5) ветеринардык коштоочу документтердин.
23. Кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материалдардын, сырьёнун жана жабдуулардын максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
24. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) өндүрүлгөн продукциянын номенклатуралык-сандык тизмесин;
2) материалдардын, сырьёнун жана жабдуулардын калдыктары боюнча ведомостту;
3) материалдарды, сырьёну сарптоо ченемдерин.
25. Кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген сырьёнун, материалдардын жана жабдуулардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
7-глава. Малдан алынган продуктулар (буканын уругу)
26. Ветеринария чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ЕАЭБ ББТ белгилеген бажы алымдарынын ставкаларынан айырмаланган ташып келүү бажы алымдарынын ставкасын колдонуу менен Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан буканын уругун ташып келүү укугуна ээ болгон уюмдардын (ишканалардын) тизмегин аныктайт.
27. Ушул Жобонун 26-пунктунда аталган товарларды ташып келүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
1) ташып келинген продукциянын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын ырастоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун;
2) ветеринардык коштоочу документтерди;
3) буканын уругун өндүргөн өлкө тарабынан таризделген жана берилген продукциянын буканын уругуна таандык экендигин ырастоочу коштоочу документтерди.
28. Юридикалык же жеке жак үчүнчү өлкөлөрдөн буканын уругун ташып келүүдө асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациянын;
4) ташып келинген продукцияны эсепке алууну ырастоочу бухгалтердик документтердин;
5) ветеринардык коштоочу документтердин.
29. Асыл тукум мал чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буканын уругунун максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
30. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жактар төмөнкүдөй документтерди берет:
1) кириштөө жана чыгыштоо документтерин;
2) буканын уругунун калдыктарын эсепке алуу ведомостун;
3) буканын уругун сарптоо ченемдерин.
31. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча:
- Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген буканын уругунун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт;
- ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
8-глава. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана көчөт материалдары
32. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарын ташып келүү Кыргыз Республикасынын үрөн жөнүндө мыйзамдарына ылайык үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген сорттун жана гибриддин Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддердин мамлекеттик реестринде болушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
33. Үрөндү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 32-пунктунда аталган ырастоону алган юридикалык жана жеке жактарды эсепке алууну жүргүзөт.
34. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген үрөндүн, көчөт материалдарынын максаттуу пайдаланылышына жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзөт.
35. Мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) кириштөө жана чыгыштоо документтерин;
2) калдыктардын эсебин алуу ведомостун.
36. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген үрөндүн жана көчөт материалдарынын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга (көчүрмөсүн юридикалык же жеке жакка) жазуу жүзүндө жиберет.
9-глава. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана aгрохимикаттар
37. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагынан өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана агрохимикаттарды ташып келүү тарифтик эмес жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттик корутундусунун негизинде тышкы соода операцияларын лицензиялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ташып келүүгө бир жолку лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.
38. Өсүмдүктөрдү коргоонун катталган каражаттарын жана агрохимикаттарды ташып келүүгө эксперттик корутундуну алуу үчүн юридикалык же жеке жактар өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн беришет:
1) пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн;
2) продукциянын өндүрүүчүсү менен түзүлгөн контракттын (келишимдин) жана/же инвойстун;
3) продукциянын өндүрүүчүсү тарабынан берилген сапат сертификатынын;
4) продукциянын келип чыгуу сертификатынын.
39. Юридикалык жана жеке жак өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын жана агрохимикаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту жарым жылда бир жолу берет.
40. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын жана агрохимикаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
10-глава. Жаныбарлардан алынуучу продуктулар (уруктандырылган икра жана эрий турган балык продуктулары же деңиздеги сүт эмүүчү жаныбарлардан алынуучу продуктулар)
41. Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген, алар менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ ББТ колдонулган өлкөлөрдүн аймагында өндүрүлгөн кубулма форелдин уруктандырылган икрасын жана балыктар үчүн тоюттарды ташып келүү ветеринардык контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.
42. Кыргыз Республикасынын аймагына Товарлардын жана ставкалардын тизмеси боюнча Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 23 жана 05-тобундагы товарларды ташып келүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
1) ташып келинген продукциянын максаттуу багытын, номенклатурасын жана санын эсепке алуу жөнүндө балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун;
2) ветеринардык сертификатты;
3) продукциянын ушул Жобонун 41-пунктунда аталган товарларга карата таандык экендигин ырастоочу, өндүрүүчү өлкө тарабынан таризделген жана берилген коштоочу документтерди;
4) ветеринардык коштоочу документтерди.
43. Импорттолуучу товардын максаттуу багыты балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталат.
44. Импорттолуучу уруктандырылган икраны жана эрий турган балык продуктуларын алгандан кийин юридикалык же жеке жак балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөсүн берет:
1) спецификациялоонун;
2) товардын келип чыгуу сертификатынын;
3) товарларга декларациянын;
4) инвойстун;
5) ташып келинген продукциянын эсепке алынышын ырастоочу бухгалтердик документтердин.
45. Балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын максаттуу пайдаланылышына жылына бир жолу мониторинг жүргүзөт.
46. Ташып келинген товарлардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү үчүн юридикалык же жеке жак төмөнкүлөрдү берет:
1) кириштөө жана чыгыштоо документтерин;
2) тоюттардын жана икранын калдыктарынын эсебин алуу ведомостун;
3) тоюттарды сарптоо ченемдерин;
4) инкубациялоодо икранын калдыктарынын ченемин.
47. Балык чарбасын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторингдин жыйынтыгы боюнча Товарлардын жана ставкалардын тизмесине ылайык ташып келинген тоюттардын жана икранын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө актыны түзөт жана ташып келинген товарлардын максаттуу арналышын ырастоону бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө жиберет.
11-глава. Корутунду жоболор
48. Товарларды бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары юридикалык же жеке жак тарабынан бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде гана максаттуу пайдалануу жана ЕАЭБ ББТ ставкалары боюнча эсептелген ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын жана мындай товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын айырмасын кошумча төлөөсүз ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринин аймагына мындай товарларды ташып чыгарбоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме көрсөтүлгөндө гана бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
49. Гуманитардык жардам катары багытталган жүктөн тышкары Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин аймагына ташып чыгууда декларант жеке жоопкерчилик тартат жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шарттуу эсептелген бажы алымдарын, айыптарды жана туумдарды төлөйт.
50. Ушул Жободо белгиленген талаптар сакталбаганда, Товарлардын жана ставкалардын тизмесине киргизилген товарларды ташып келүүдө бажы алымдары ЕАЭБ ББТ белгиленген ставкалар боюнча алынат.