Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 91
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Омуркулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 91 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Омуркулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын ташуу (анын ичинде трансчек аралык ташуу), сактоо, пайдалануу, көмүү менен байланышкан иштин түрүнө лицензиялоо киргизилет.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иштин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону киргизүү ушул Мыйзамдын 5 жана 6-беренелеринде каралган принциптердин жана критерийлердин негизинде гана мүмкүн болот.
Алсак аталган Мыйзамдын 5-беренеси менен лицензиялоону киргизүүнүн далилдүүлүгү аны киргизүүнүн принциптеринин бири катары белгиленген.
Аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык лицензиялык жөнгө салууну киргизүү зарылдыгынын негиздемеси адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, ж.б. зыян келтирүү тобокелдигинин деңгээли боюнча ишти жөнгө салуу методдорун баалоо критерийлери менен түздөн-түз байланышта болууга тийиш.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында жогоруда аталган маселелер боюнча маалымат камтылган эмес.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун сактоо максатында негиздеме-маалым катты тиешелүү маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
2) Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен иш процессинде уруксат алууну талап кылган аракеттердин тизмегине Кыргыз Республикасынын аймагына радиоактивдүү материалдарды жана заттарды алып кирүү, алып чыгуу жана ташууну киргизүү сунушталат.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык радиоактивдүү заттар 7-класстагы кооптуу жүктөргө кирет.
Мында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 26-пунктуна ылайык кооптуу жүктөрдү ташуу уруксат алууну талап кылган аракеттердин тизмегине киргизилген.
Ушуга байланыштуу кайталоону болтурбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктун жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
3) Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын караштырган "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Өз кезегинде Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында сунушталган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жетишиле турган максаттар жана милдеттер, ошондой эле аларды ишке ашыруу механизми жеткиликтүү берилген эмес.
Алсак Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө радиациялык коопсуздук жаатында функцияларга жана финансылык ресурстарга ээ болгон көз карандысыз жөнгө салуучу органды түзүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталат. Ошону менен бирге өзүнчө органды түзүү тиешелүү каражаттарды талап кылат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ченемдик укуктук актылар каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Мында негиздеме-маалым катта каржылоо булактары боюнча маалымат берилүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3) радиациялык коопсуздук жаатындагы жөнгө салуучу органды аныктоо;".
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пункту менен радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын ишине экономикалык дем берүү жаатында мамлекеттик саясат жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын караштырган "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 6-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 6-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясында Мыйзамдын долбоорунда сунушталып жаткан ыйгарым укуктар белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттик бийликти орнотуунун принциптеринин бири болуп мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө саналат.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - бул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүк, аткаруу органдары.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктун жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле убакта "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин сунушталып жаткан редакциясы көп учурда аталган Мыйзамдын 11-беренесинин колдонуудагы редакциясынын жоболорун кайталап жаткандыгына көңүл бурабыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 105-107-пункттарынын талаптарын эске алуу менен иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору мыйзамдардагы кенемтелерди жана коллизияларды жок кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) стандарттарынын эл аралык ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.