Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 95
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-февралындагы № 95 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору сыра продукциясын акциздик марка менен маркалоону карайт, анын максаты төмөнкүдөй:
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн акциздик жыйымдарды топтоону жакшыртуу жана аны толук төлөө жолу менен көбөйтүү;
- көмүскө экономика менен күрөшүү, ак ниет жеткирүүчүлөр менен өндүрүүчүлөрдү колдоо, чарбакер субъекттердин салык төгүү маданиятын жогорулатуу.
Жалпысынан Мыйзам долбоорунун концепциясына макул болуу менен салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында идентификациялоо каражаттары менен товарларды санариптик маркалоо системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейбиз.
Мында сыра продукциясын өндүрүүчүлөр менен импорттоочулардын товарларды маркалоого болгон чыгымдарын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сыра продукциясын акциздик марка менен эмес, санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселесин кароону пландаштырууда