Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 106
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Райымкулов Б.К., Кыдыралиев У.Т., Примов У.Б., Мусабекова Ж.А., Турусбеков Б.С., Маматалиев М.А., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 106 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Райымкулов Б.К., Кыдыралиев У.Т., Примов У.Б., Мусабекова Ж.А., Турусбеков Б.С., Маматалиев М.А., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Мында ушул берененин 2-бөлүгү менен коммерциялык эмес уюм ушул Мыйзамдын жоболорун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат деп белгилөө сунушталат.
Кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берген "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпыланган жана ачык мүнөзгө ээ эмес экенин белгилей кетүү керек. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар деп коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы түшүнүлөт.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында мамлекеттик органдар тарабынан коммерциялык эмес уюмдарды жоопкерчиликке тартуу механизми жок деп белгилей кетүү зарыл.
Мындан тышкары, сунушталган мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды жоопкерчиликке тарткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталган эмес.
Коммерциялык эмес уюмдарды жоопкерчиликке тарткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктаган учурда, кийинчерээк мамлекеттик органдын кызматкерлеринин санын көбөйтүү талап кылынышы мүмкүн.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен жогоруда аталган мыйзамдын 17-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.
Алсак, ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык коммерциялык эмес уюм өз иш-аракети жөнүндө маалыматты юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органга, расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга, салык кызматынын органдарына жана уюмдун уюштуруучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтерине ылайык берет деп белгилөө сунушталууда.
Мында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мыйзамдын күчү коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер түрүндө түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдарга жайылтылат.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык коомдук бирикме деп руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде бириккен жактардын ыктыярдуу бирикмеси түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык эмес уюмдар өз ишин башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары аркылуу жүзөгө ашырышат, бул алардын уставында көрсөтүлүшү керек.
Ошону менен бирге, аталган Мыйзамдын 20-беренесине ылайык коомдук бирикменин жогорку органы болуп анын бардык мүчөлөрүнөн турган жалпы чогулуш саналат.
Ошентип, мүчөлүктүн негизинде иш алып барган коомдук бирикмелерде уюштуруучу деген башкаруу органы жок экендигин белгилеп кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу жаңы редакцияда сунушталган "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта бардык коммерциялык эмес уюмдар ыктыярдуулук, өз алдынча башкаруучулук, мыйзамдуулук, айкындуулук жана ачыктык негизинде түзүлөт деп белгиленген. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин күчөтөт жана алардын ишинин ачыктыгын жогорулатат.
Алсак, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин онунчу абзацы) редакциясына жараша, акысыз негизде берилген акча жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органдын адистештирилген сайтында мүлктүн түзүү булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматты жыл сайын 1-апрелге чейин берет. Маалыматты берүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мекеме - башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн жана толугу менен же жарым-жартылай ошол менчик ээси тарабынан каржылануучу уюм.
Ошентип, "мекеме" деген түшүнүккө, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кирет.
Ошол эле учурда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жөнүндө маалымат ар кандай маалыматтык платформаларда чагылдырылат.
Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 358-б буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобого ылайык аталган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды камтыган, системалаштырылган мамлекеттик маалыматтык ресурска жетүүнү камсыздайт.
Ошондой эле "Ачык маалыматтар" порталы иштейт, ал Интернет тармагында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгымдары боюнча маалыматтарды берүүнүн автоматташтырылган системасын түзөт.
Ошентип, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши калк үчүн жеткиликтүү жана ачык болот.
Мында жеке менчик түрүндөгү коммерциялык эмес уюмдардын иши жөнүндө маалымат кайсыл маалыматтык ресурстарда болбосун чагылдырылбагандыктан, ошондой эле мыйзам долбоорунун концепциясын эске алуу менен 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн сунушталган редакциясын, аталган беренеден мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алып салуу жагынан толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
4. 2020-жылдын 18-февралына карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын маалымат базасында 26680ге жакын коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй уюштуруу-укуктук формаларда катталган - коомдук бирикме, фонд жана мекеме, тактап айтканда, коомдук бирикмелер - 9480, фонддор - 6500 жана мекемелер - 10700.
Мында акыркы жылдары экономикалык мамилелердин өнүгүүсү менен юридикалык жактарды түзүүнүн көбөйүү тенденциясы байкалууда.
Ошол эле мезгилде, туруктуу негизде мамлекеттик бийлик органдарын туруктуу оптималдаштыруу процесси жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча аталган органдардын штаттык саны кыскарганы байкалууда.
Ошону менен бирге, негиздеме-маалым катта белгиленгендей, ушул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн коммерциялык эмес уюмдар өз иши жөнүндө маалыматты онлайн режиминде толтуруулары боюнча функциялык мүмкүнчүлүктөр каралган маалыматтык системаны иштеп чыгуу зарыл.
Ошентип, ушул мыйзам долбоорун кабыл алган учурда каттоочу органга (юстиция органы) адистештирилген сайтына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу боюнча кошумча функция жүктөлөт, бул кийин штаттык санды көбөйтүү түрүндө, расмий сайтты модернизациялоо (маалыматты сактоо үчүн эстутумду көбөйтүү, техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү, жабдууларды сатып алуу, ж.б.) түрүндө кошумча ресурстарды чыгымдоого алып келет.
Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин техникалык мүмкүнчүлүктөрү аталган иш-чараларды ишке ашырууга жол бербей жаткандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, каттоочу орган маалыматтык системаны (маалымат базасын) түзүшү керек болот. Маалыматтык системаларды (маалымат базаларын) түзүү, ишке киргизүү жана иштетүү төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш экендигин белгилей кетүү керек:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген, Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген, Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптардын 12-пунктуна ылайык маалыматтык системаларды жана технологияларды сатып алууга (модернизациялоого) техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык спецификацияларга, техникалык тапшырмаларга ылайык маалыматтык системаны түзүү жана өнүктүрүү процесси бир нече этаптардан турат.
Баяндалганды эске алуу менен маалыматтык системаны түзүү, иштеп чыгуу жана эксплуатацияга киргизүү үчүн белгилүү убакыт жана ресурстар талап кылынат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги акысыз негизде бериле турган акчалай жана материалдык каражаттарды алуу мөөнөтү, алардын өлчөмүн жана аларды алып баштаган мезгили жөнүндө маалыматы жок болгондуктан коммерциялык эмес уюмдарды жоопкерчиликке тартуу процесси кыйын болуп калат. Мындан тышкары, мыйзамдарда жогоруда аталган маалыматтарды аныктоонун механизмдери каралган эмес.
Ошол эле мезгилде мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам долбоорунун талаптарын мындай кыска мөөнөттө ишке ашыруу өтө кыйын болот.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.