Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы № 112
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 199-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"199-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу
1. Автордук укуктун, чектеш укуктардын объектилерин, ЭЭМ үчүн программаларды, маалымат базаларын мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле сатуу максатында чыгармалардын, фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын, маалымат базаларынын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ташуу же даярдоо, эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө киреше алуу максатында келтирилген болсо, -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен же ансыз III категориядагы айып салууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосун эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын, маалымат базаларынын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана чектеш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашса, ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.";
2) 31-главасы төмөнкүдөй редакциядагы 218-1-беренеси менен толукталсын:
"218-1-берене. Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу
1. Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ачыкка чыгаруу, эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган болсо, -
V категориядагы айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан же өзгөчө ири залал келтирүү менен же ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосун -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар эгерде патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануудан, автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ачыкка чыгаруудан келтирилген зыян кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашса, ири өлчөмдө, ал эми эсептик көрсөткүчтөн миң эсеге ашса, өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), ст.80) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-беренесинин 3-бөлүгү:
а) "172-беренесинин 1-бөлүгүндө," деген сөздөрдөн кийин "199-беренесинде," деген сөздөр менен толукталсын;
б) "210-беренесинин 1-бөлүгүндө," деген сөздөрдөн кийин "218 жана 218-1-беренелеринде" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 153-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "199" деген цифралар "198" деген цифралар менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 199-беренеси)," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 8-февралы, № 17-18) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 104-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"104-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу
Автордук укуктардын, чектеш укуктардын объектилерин, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалымат базаларын мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле сатуу максатында чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын, маалымат базаларынын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ташуу же даярдоо, эгерде бул жосундар олуттуу зыян алып келсе, -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
2) 19-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 104-1, 104-2-беренелери менен толукталсын:
"104-1-берене. Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу
Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ачыкка чыгаруу, эгерде бул жосундар зыян келтирүү менен же киреше алуу максатында жасалган болсо, эгерде бул жосундар олуттуу өлчөмдө зыян алып келсе -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
104-2-берене. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу
Башка бирөөнүн товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын же алар менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон бир түрдүү товарлардын белгилөөлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосундар олуттуу өлчөмдө зыян алып келсе, -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
3) ушул Кодекстин 1-тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) 104 - 104-2-беренелеринде - эки жүздөн беш жүз эсеге чейин.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) VII бөлүмүндө:
а) аталышы "Менчикти" деген сөздөн кийин ", интеллектуалдык менчикти" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-главасы менен толукталсын:
"35-1-глава. Интеллектуалдык менчик укуктарына кол салган бузуулар
Эскертүү.
Ушул Кодекстин 274-1 - 274-3-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
274-1-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу
Автордук укуктун, чектеш укуктардын объектилерин, ЭЭМ үчүн программаларды, маалымат базаларын мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле сатуу максатында чыгармалардын, фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын, маалымат базаларынын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ташуу же даярдоо, эгерде жазык кылмышынын же жосундун белгилери камтылбаса, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
274-2-берене. Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу
Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ачыкка чыгаруу, эгерде жазык кылмышынын же жосундун белгилери камтылбаса, -
3-категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
274-3-берене. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу
1. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгилерге, тейлөө белгилерине же товардын чыгарылган жерине карата эскертүүчү маркировкаларды мыйзамсыз пайдалануу, эгерде жазык кылмышынын же жосундун белгилери камтылбаса, -
2-категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
2. Башка бирөөнүн товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын же аларга окшош бир түрдүү товарлар үчүн белгилөөлөрдү мыйзамсыз колдонуу, эгерде жазык кылмышынын же жосундун белгилери камтылбаса, -
3-категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".
5-берене.
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 48-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык граждандык, кылмыш-жаза жана административдик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6-берене.
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
41-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык граждандык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья. Авторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн маани-маңызын алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ачыкка чыгаруу, ошондой эле авторлукту ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.".
8-берене.
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамда каралган патент ээсинин укуктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик келип чыгат.".
9-берене.
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 129-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭЭМ үчүн программаларга жана маалыматтар базасына автордук укуктарга карата ушул Мыйзамда каралган талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.".
10-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|