Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 123
2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 123 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протоколго кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2019-жылдын 22-майындагы № 6-11656/19), Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (2019-жылдын 23-майындагы № 6-11772/19), Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2019-жылдын 22-майындагы № 6-11691/19) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 152-б буйругу менен жактырылган.
Протоколдун долбоорунда 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим, тиешелүү түрдө - Бирлик) XX "Энергетика" бөлүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде Бирлик жөнүндө келишимдин № 21 тиркемесинин жаңы редакциясы - Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жөнүндө протокол камтылган.
Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жөнүндө протоколго ылайык Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча укуктук негиздер менен принциптер аныкталган, Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун иштетүү эрежелери аркылуу жөнгө салынуучу чөйрөлөр белгиленген, ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жөнүндөгү протоколдо каралган актыларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар берилген.
Ошону менен бирге, Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногу жөнүндө протоколдун негизинде Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун башкаруучу жана иштетүүнү камсыз кылуучу органдар жана уюмдар, Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунун катышуучулары жана инфраструктуралык уюмдары, ошондой эле Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын сатуунун ыкмалары аныкталган.
Протоколду ратификациялоо аркылуу Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда укуктук мейкиндикти түзүүгө жол берилет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.