Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 127
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "талап кылуучуга же" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын:
"Камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышуу - жеке же башка жактар менен биргеликте камсыздандыруу уюмунун акцияларынын он жана андан ашык пайыздарына тикелей же кыйыр ээлик кылуу же башкаруу.";
2) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Камсыздандыруу уюмдарын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу уюму акционердик коом түрүндө гана түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.
Камсыздандыруу уюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө төмөнкүлөрдү түзө алышат:
1) туунду уюмдарды;
2) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү.
2. Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен камсыздандыруу уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат.
3. Камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алуу ниети бар жеке жана юридикалык жактар олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жасаганга чейин 30 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастоого, ошондой эле камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
4. Төмөнкүлөр камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катыша алышпайт:
1) алардын террористтик же экстремисттик иштерге катышкандыгы жана массалык жок кылуучу куралдарды таркаткандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмесинде турган жеке жактар (Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеси);
2) кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо катышуучу катары кооптуулугу жогору өлкөлөрдө катталган аффилирленген жагы бар жеке жактар жана юридикалык жактар, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык түзүлөт;
3) экономикалык иш чөйрөсүндө жасаган кылмышы же мамлекеттик бийликке каршы жасаган кылмышы үчүн алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар жеке жактар;
4) белгиленген тартипте өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди бербеген, же болбосо ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жактар жана юридикалык жактар;
5) камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастабаган жеке жактар жана юридикалык жактар.
5. Ушул статьянын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар, же болбосо камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматтарды берген жеке же юридикалык жактар же ушул Мыйзамда коюлуучу талаптарга ылайык келбей калган жактар тарабынан камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга байланышкан бүтүмдөр арзыбаган бүтүмдөр болуп саналат.
Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талаптар менен сотко кайрылат.
Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышуусу бар жактар жөнүндө маалыматтарды көз карандысыз реестр кармоочудан суроого жана алууга укуктуу.
6. Ушул статьянын 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимди маңызы боюнча кабыл алууга олуттуу таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
7. Ушул статьянын 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышуусу бар жак алты айдын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмундагы өзүнө таандык акциялардын санын олуттуу катышуудан төмөн деңгээлге чейин азайтууга милдеттүү. Ушул бөлүктүн талаптары аткарылбаган учурда камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жактар тарабынан көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышы үчүн сотко кайрылат.".
3-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-беренесиндеги ", ошондой эле камсыздандыруу окуясын атайылап түзгөндүгү жана камсыздандыруу төлөмүн мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттери үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат" деген сөздөр "үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат."
5-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл № 6/2, 666-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренеси "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Бенефициардык менчик ээси - акырында (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тикелей же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) кардардын менчик укугуна ээ болгон же аны контролдогон жеке жак (жеке жактар), же болбосо анын атынан же кызыкчылыгында операция (бүтүм) жүргүзүлүүчү жеке жак.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышуу - жеке же башка жактар менен биргеликте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун акцияларынын (үлүштөрдүн) он жана андан ашуун пайызына тикелей же кыйыр ээлик кылуу же башкаруу.";
2) 4-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Документ эмес баалуу кагаздар
Документ эмес баалуу кагаздар - энчилүү баалуу кагаздар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестриндеги эсепке жазуу менен же депозитарийдеги депо эсебиндеги жазуу менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында бардык эмиссиялык баалуу кагаздар документтик эмес түрдө чыгарылат.";
3) 9-беренесинин он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жөнгө салынуучу субъекттерди Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга;";
4) 12-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
- 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жаза-чара түрүндөгү чараларды колдонууга;";
5) 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 41-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-13-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Жеке жана/же юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер ушул беренеде белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат.
8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алуу ниети бар жеке жана юридикалык жактар олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жасаганга чейин 30 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастоого, ошондой эле өзүнүн иши, финансылык абалы, акционерлеринин (катышуучуларынын) курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
9. Төмөнкүлөр баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катыша алышпайт:
1) алардын террористтик же экстремисттик иштерге катышкандыгы жана массалык жок кылуучу куралдарды таркаткандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмесинде турган жеке жактар (Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеси);
2) кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо катышуучу катары кооптуулугу жогору өлкөлөрдө катталган аффилирленген жагы бар жеке жактар жана юридикалык жактар, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык түзүлөт;
3) экономикалык иш чөйрөсүндө жасаган кылмышы же мамлекеттик бийликке каршы жасаган кылмышы үчүн алынбаган же жабынбаган соттуулугу бар жеке жактар;
4) белгиленген тартипте өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди бербеген, же болбосо ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык менчик ээлерин кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын текшерүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
5) акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга жумшалуучу каражаттардын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырастабаган жеке жана юридикалык жактар.
10. Ушул берененин 9-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар, же болбосо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматтарды берген жеке же юридикалык жактар же ушул Мыйзамда коюлуучу талаптарга ылайык келбей калган жактар тарабынан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алуу менен байланышкан бүтүмдөр арзыбаган бүтүмдөр болуп саналат.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талаптар менен сотко кайрылат.
11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышуусу бар же аны сатып алууга ниеттенген жактар жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
12. Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар (үлүштөр) боюнча добуштар кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимди маңызы боюнча кабыл алууга олуттуу таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп саналат.
Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда алардын бузуулары аныкталган жак 6 айдын ичинде акциялардын (үлүштөрдүн) тиешелүү пакетин аны менен байланышпаган жактарга сатууга милдеттүү. Андай болбогон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган жактын акцияларын (үлүштөрүн) мажбурлап ээликтен ажыратуу жөнүндө сотко кайрылат.
13. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кесепеттердин пайда болушу жөнүндө көз карандысыз реестр кармоочуга кабарлайт.";
7) 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "административдик" деген сөз алып салынсын;
8) 46-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы депозитарийлердин системасы өзүнө Борбордук депозитарийди жана депозитарийлерди камтыйт, алардын иштөө тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.".
7-берене.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 7-августу, № 72-73) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул Мыйзамда каралган өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбаган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.".
8-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|