Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 129
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 38-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 255-2-берене менен толукталсын:
"255-2-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттарынын берими
Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттарынын берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";
2) 257-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-пункттар менен толукталсын:
"15-1) Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 870380 товардык позициясында классификациялануучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттары;
15-2) Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 85044030, 85044055 жана 85044090 товардык позицияларында классификациялануучу электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттарын электр энергиясы менен кубаттандыруу үчүн жабдуу;";
3) 259-беренесинин 6-пунктундагы "200000" деген цифралар "500000" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4) 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "2709, 2710" деген цифралар "2707, 2709, 2710, 3811" деген цифралар менен алмаштырылсын;
5) 287-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) таблицасынын жыйырма биринчи-жыйырма алтынчы саптары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрүнүн массасы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрүнүн массасынан жогору болгон ушуга окшош продуктулар: отун катары пайдаланылган бензол | 2707 10 100 0 | тонна | 5000 сом |
жаратылыш газ конденсаты: тыгыздыгы 20 ºC та 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана %дык массасы 1,0 көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты башкалар | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 | тонна | 5000 сом |
чийки мунай жана битумдуу материалдан алынган чийки мунай продуктулары | 2709 00 900 1- 2709 00 900 9 | тонна | 0 сом |
мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 2710 12 110 0- 2710 12 900 9; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 2710 19 250 0; 2710 19 290 0 | тонна | 5000 сом |
башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 | тонна | 5000 сом |
реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун | 2710 19 210 0 | тонна | 2000 сом |
";
б) таблица төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи-отуз биринчи саптар менен толукталсын:
"
дизелдик отун, газойлор, оор дистилляттар | 2710 19 310 0- 2710 19 480 0; 2710 20 110 0- 2710 20 190 0 | тонна | 800 сом |
мазут | 2710 19 510 0- 2710 19 680 9; 2710 20 310 1- 2710 20 390 9 | тонна | 1000 сом |
майлоочу майлар; башка майлар | 2710 19 710 0- 2710 19 980 0 | тонна | 2000 сом |
мунай продуктулары колдонулуучу эле максатта колдонулган коргошун бирикмелеринин негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 | тонна | 5000 сом |
битумдуу тектерден алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга присадкалар | 3811 21 000 0 | тонна | 5000 сом |
";
6) 330-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн транспорт каражаттары.".
2-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ишинин түрүнө карабастан жарнама берүүчүнүн салык органдарындагы каттоосун ырастаган реквизиттерин көрсөтпөстөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн жарнамалоого, ошондой эле жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнамалоого жол берилбейт.";
2) 22-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Товарды жарнамалоодо, ошондой эле жарнама берүүчү өзүн жарнамалоодо ишинин түрүнө карабастан анын салык органдарындагы каттоосун ырастоочу документтерди же болбосо туура күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү, ал эми жарнама чыгаруучу жана жарнама таратуучу аларды көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|