Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 56
Террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чыгымдар республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн каралган каражаттардын чегинде Тартипке ылайык төлөнөт.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |