Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 56 токтомуна) |
Террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин транспорт каражаттарынан тышкары), ал эми шашылыш учурларда - токтоосуз медициналык жардам берүүгө муктаж адамдарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн, ошондой эле эгерде кечеңдетүү адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна чындап коркунуч келтириши мүмкүн болсо террористтик актыны жасоого шектүү адамдардын изине түшүү үчүн жеке адамдарга таандык транспорт каражаттарын (мындан ары - транспорт каражатынын ээси) террорго каршы операция жүргүзүү зонасында пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин (мындан ары - зыяндын ордун толтуруу) аныктайт.
Зыяндын орду республикалык бюджеттин эсебинен толтурулат.
2. Ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн транспорт каражатынын ээси террорго каршы операция аяктаган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) же анын аймактык органына (жашаган жери боюнча же транспорт каражатын пайдалануу жери боюнча) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз берет.
3. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) жеке адамдар үчүн - транспорт каражатынын ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү, ал эми уюмдар үчүн - юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) террорго каршы операция жүргүзүүдө пайдаланылган транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) террорго каршы операция жүргүзүү боюнча республикалык же аймактык ыкчам штабдын жетекчисинин террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражатын пайдалануу фактысын ырастаган маалым каты (транспорт каражатына зыян келтирүү, талкалануу же күйүүчү-майлоочу материалды пайдалануу фактысы көрсөтүлөт);
4) банк мекемелериндеги эсеп номери.
Транспорт каражатын колдонуу фактысын ырастаган маалым кат кайрылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде берилет.
4. Арыз транспорт каражатынын ээсине арыздын кабыл алынгандыгын ырастоо менен ыйгарым укуктуу органдын Келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жана жүргүзүлгөн төлөм тууралуу арыздарды каттоо журналына катталат.
5. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык арыз катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизилген көз карандысыз баалоочуда (мындан ары - баалоочу) транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо ишин уюштурат.
Мында транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо ишин уюштурууга байланышкан чыгым ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык органдарына жүктөлөт.
6. Эгерде арыз ээси сарпталган күйүүчү-майлоочу материалдардын наркын гана компенсациялоону суранса, баалоочуда транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо талап кылынбайт.
7. Транспорт каражатынын ээси зыяндын ордун толтурууга арыз берген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде террорго каршы операция жүргүзүлгөндөн кийин бул транспорт каражаты кандай абалда болсо, ошол абалда сактайт жана ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын кызмат адамдарынын зыян келтирилген транспорт каражатын кароо, ошондой эле баалоочунун келтирилген зыянды баалоо мүмкүндүгүн камсыздайт.
8. Транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо он жумуш күндө уюштурулат жана төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) транспорт каражатынын ээси ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык органы берген эксперттердин тизмегине жана алардын жүргөн жери, байланыш телефондору тууралуу маалыматка ылайык баалоочуну тандоосу;
2) транспорт каражатынын ээси жана баалоочу менен макулдашып, баалоо ордун аныктоо;
3) зыян келтирилген транспорт каражатын баалоо;
4) транспорт каражатынын ээсинин баалоо тууралуу отчёт менен таанышуусу.
9. Транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоодо аны калыбына келтирүү наркы транспорт каражатынын зыян келтирилгенге чейинки эсептелген амортизациясын (эскирүүсүн) алып салуу менен зыян келтирилген күндөгү рынок баасынын негизинде эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде аныкталат.
10. Транспорт каражатын жок кылуудагы келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирилген күндөгү рынок баасына негизделүү менен аныкталат.
Транспорт каражатын калыбына келтирүү техникалык жактан мүмкүн эмес болсо же экономикалык жактан негизсиз болсо, ал жок кылынды деп эсептелет. Эгерде транспорт каражатын калыбына келтирүүгө кетүүчү чыгым зыян келтирилген күндөгү рынок баасынын сексен пайызынан ашса, транспорт каражатын калыбына келтирүү экономикалык жактан негизсиз деп эсептелет.
11. Эгерде ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык органы ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген мөөнөттө баалоочунун транспорт каражатына келтирилген зыянды баалоосун уюштурбаса, анда транспорт каражатынын ээси баалоочунун кызмат көрсөтүүсүн өз алдынча пайдалана алат.
Транспорт каражатынын ээсинин баалоочунун кызмат көрсөтүүсүн төлөө боюнча документтик жактан ырасталган чыгымдары ордун толтуруучу чыгымдын суммасына кошулат.
12. Баалоочу корутунду чыгаргандан жана транспорт каражатынын ээси корутундуга макул болгондон кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын жетекчиси ушул Тартиптин 1-пунктунда аталган жагдайларда келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу жөнүндө буйрук чыгарат.
13. Баалоочунун отчётунда белгиленген баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын өлчөмүнүн аныктыгы тууралуу талаш кырдаалдарда башка баалоочу тарабынан бааланышы (кайрадан бааланышы) мүмкүн.
Отчётто белгиленген баалоо объектисинин, анын ичинде ушул эле объектини баалоо тууралуу башка отчётто да рыноктук же башка наркынын өлчөмүнүн аныктыгы тууралуу талаш пайда болсо, бул талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде каралууга тийиш.
14. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын ээсине ыйгарым укуктуу органдын транспорттук чыгымдарга каралган финансы каражаттары болгон учурда зыяндын ордун толтурат.
Транспорт каражатынын ээсине акча каражатын үч банктык күндүн ичинде транспорт каражатынын ээсинин арызында аталган банк эсебинин номерине которуу аркылуу зыяндын орду толтурулат.
15. Зыяндын орду толтурулгандан кийин орду толтурулган зыяндын өлчөмү, датасы жана төлөм документинин номери көрсөтүлүп, Келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жана төлөнгөн төлөм тууралуу арыздарды каттоо журналына тийиштүү жазуу жүргүзүлөт.
16. Террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражатын пайдалануу фактысы же баалоочу тарабынан транспорт каражатына келтирилген зыяндын фактысы ырасталбаган учурда, арыз ээси бир жумалык мөөнөттө зыяндын ордун толтуруудан баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө кабарланат. Арыз ээси баш тартууга сот тартибинде даттана алат.
17. Мыйзамсыз төлөм алууга багытталган атайын алдамчылык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.