Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 132
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 132 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун максаты коммерциялык банктардын акционерлерин банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө өбөлгөлөө, чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес инвесторлор үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу болуп саналат.
Жалпысынан мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоо менен, банктын капиталы кирешелүү жана туруктуу өсүштү камсыздоо, банкка кардарлардын ишениминин кепилдиги болуп санала тургандыгын жана банк ишине тиешелүү потенциалдуу жоготууларды жабуу булагы боло тургандыгын белгилейбиз. Бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен банктарды капиталдаштыруу калктын кредит жана башка финансылык инструменттер түрүндөгү кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн, ошондой эле жалпысынан банк системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн экономикасына инвестиция салуу болуп саналат.
Банк ишин жүргүзүүдөн алынган пайда дивиденддерди төлөөгө, ошондой эле дивиденддерди төлөбөстөн банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө да багытталышы мүмкүн.
Бул маселе Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн алкагында да кыйла актуалдуу, анткени Кыргыз Республикасында коммерциялык банктардын уставдык капиталынын өлчөмүнө карата минималдуу талаптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында эң төмөн болуп саналат. Мындан тышкары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 1-октябрындагы № 20 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун түзүү концепциясына ылайык стандартташтырылган лицензия механизмин колдонуу аркылуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы рынокторунун катышуучуларынын жетүүсүн камсыздоо механизмдери каралган. Стандартташтырылган лицензия алуу үчүн критерийлердин бири катары 60 миллион АКШ долларынан кем эмес эквиваленттеги банктын ченемдик капиталынын өлчөмү саналат. Мында Кыргыз Республикасы үчүн 2025-жылдан тартып 2030-жылга чейин өткөөл мезгил белгиленген, анын алкагында талаптар 50 миллион АКШ долларына чейин төмөндөтүлгөн. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын рыногуна ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин туунду банктары келген учурда Кыргыз Республикасынын банктарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүүлөрү зарыл болот.
Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алуу менен мыйзамдын долбоорунун текстин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 165-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Дивиденддерди төлөбөстөн уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, кирешени төлөө болуп эсептелбейт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.".
2. 223-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Салык төлөөчү тарабынан дивиденддерди төлөбөстөн уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле ошол салык төлөөчүгө уставдык капиталды мындай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп эсептелбейт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".