Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 133
"2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 133 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизүү тууралуу чечим Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында 2019-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-майындагы № 155-б буйругу менен жактырылган.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу жол-жобосунан өткөн эмес, анткени көрсөтүлгөн Макулдашууда эскертүүлөрдү билдирүүгө жана тараптардын өзгөчө пикирине жол берилген.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун негизги максаты шериктеш мамлекеттерде музей-көргөзмөлүк алмашууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Макулдашууну кабыл алуу зарылдыгы музей иши жаатында шериктеш өлкөлөрдүн кызматташуусу системалык түрдө аныкталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында ченемдик укуктук актынын жоктугу менен шартталган.
Мындан тышкары, бул Макулдашуу тараптардын музей баалуулуктарын сактоого жана өз убагында кайтарып берүүгө кепилдик берет.
Бул Макулдашуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүндө тарыхты сактоодо жана аны кийинки муунга өткөрүп берүүдө негизги багыт болуп саналган музей ишин жайылтууга, көргөзмөлөрдү уюштурууда, ошондой эле музей предметтерин сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо жаатында заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга жөндөм түзөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Бул Макулдашуу ратификацияланган учурунда бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тиешелүү жылга каралган каражаттарынын алкагында ишке ашырыла тургандыгын белгилөө зарыл. Макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.