Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 13-ноябры № 561
"2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 561 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 441-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн миграция, бир Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын коргоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү, Тараптардын аймактарындагы миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн миграциялык маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу, натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүү болуп саналат.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда миграция чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жана негизги маселелерди жөнгө салууну жакшыртууга, атап айтканда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасында туруусу менен байланышкан маселелер боюнча статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртууга жана ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүүгө, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу саны өсүп жаткан эмгек мигранттарынын (Кыргыз Республикасынын жарандары) маселелери боюнча маалымат алмашууну тездетүүгө өбөлгө түзүлөт.
Аталган Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги саналат.
Эмгекчилердин санынын өсүшү тиешелүү түрдө ыкчам чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелердин көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу аталган Макулдашууну ратификациялоо аркылуу алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Макулдашууда көрсөтүлгөн маселелер боюнча компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.