Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 19-ноябры № 570
"2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууда жооптуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 570 токтому менен жактырылган |
2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2014-жылдын 3-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 190-б буйругу менен жактырылган.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктчасынын негизинде ушул Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү профилдик комитеттери менен макулдашуунун зарылчылыгы болгон эмес, анткени Макулдашуунун долбоорунда эскертмелерди билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы эскертмелерди гана билдирүүгө жол берген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кийин ратификацияланууга тийиш болгон жоболору жок эле.
Ушул Макулдашуунун негизги максаты - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоосун өнүктүрүүдө өз ара аракеттенүү, топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоону уюштуруу жана техникалык маселелерин чечүүгө жалпы көз карашты иштеп чыгууда, топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо каражаттарын илимий иштеп чыгууда, долбоорлоодо, жасоодо, сатып алууда жана киргизүүдө ишти координациялоо болуп эсептелет.
Ошондой эле Макулдашуунун алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн топографиялык кызматтары үчүн кадрларды жана адистерди даярдоо, геомейкиндиктик маалымат каражаттарын стандартташтыруу жана унификациялоо тармагында өз ара аракеттенүү, геомаалыматтык системаларды жана маалыматтар базасын түзүү ишинде топографиялык кызматтардын ортосунда маалыматты өз ара алмашуу жана биргелешкен атайын машыгууларды, топографиялык кызматтын бөлүкчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Мындан тышкары Макулдашуу топогеодезиялык камсыздоо жана жердеги навигация каражаттарын, ошонун ичинде жеңилдетилген шарттарда сатып алуу жана жеткирүү маселелерин ишке ашырууну жөнгө салат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу аскерлердин биргелешкен иш-чараларын даярдоонун жана өткөрүүнүн, ошондой эле күнүмдүк ишинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо боюнча пайда болгон маселелерди чечүүгө шарт түзөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыч Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Ушул Макулдашуу ратификацияланган учурда бардык иш-чаралар коргоо маселелери жаатындагы ыйгарым укуктуу ведомствонун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылып, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилөө зарыл.