Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-июлу № 398
"2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 398 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 405-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн башчылары тарабынан кол коюлган.
Протоколдун максаты болуп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну практикалык түрдө ишке ашырууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү саналат.
Протоколдо практикалык багыттагы кызматташуунун жаңы түрлөрү каралган, алар:
- баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө максатында биргелешкен ыкчам-тергөө топторун түзүү;
- төмөнкүдөй максаттагы комплекстүү макулдашылган жана/же биргелешкен ведомстволор аралык, алдын алуу жана ыкчам-издөө иш-чараларын, атайын операцияларды өткөрүү:
а) КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик чек аралары аркылуу баңгизаттарды ташуу каналдарын аныктоо жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүүсү менен байланышкан адамдарды аныктоо;
б) баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн банктык, коммерциялык жана башка түзүмдөрдү колдонууга бөгөт коюу;
в) баңгизаттарды өндүрүүчү жашыруун (легалсыз) лабораторияларды жоюу;
г) баңгизаттарды камтыган мыйзамсыз өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү, ошондой эле баңгизаттарды камтыган жапайы өсүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жок кылуу;
д) баңгизаттарды таратуу үчүн Интернет тармактарынын мүмкүндүктөрүн пайдаланууга бөгөт коюу.
Мындан сырткары, Протокол баңгизаттарды жана психикалык активдүү заттардын жаңы түрлөрүн мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин укук коргоо органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол ратификациялоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.