Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы №11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-апрели № 211
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 284-287-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35 (3107) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |