Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 7-майы № 237

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2017-жылдын 23-июнундагы № 407

"Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана

жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө жана берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана санариптештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмегинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызмат адамдары.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы № 38 (3110) жарыяланды

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев