Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 2-октябры № 512
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу талап кылынат.":
2) 12-беренесинин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып" деген сөздөрдөн кийин ", спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларга карата - дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды юстиция органдарынан каттоо (кайра каттоо) үчүн макулдук берүү тартибин жана реестрин жүргүзүүнү аныктайт.";
2) 8-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 23-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|