Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтомуна) |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана белгиленген квоталардын алкагында, квотадан тышкары, келишимдик негизде жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен өндүрүлгөн жеке муктаждыктар үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) электр энергиясынын квоталары - ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолордон жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тариф боюнча төлөнүүчү, региондор боюнча жана ЭКБнын түрлөрү боюнча убакыттын белгилүү бир мезгилине ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолордун электр кубаттуулуктарынын көлөмүн белгилөө;
2) ЭКБ жаатындагы иш режимдеринин түрлөрү - ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын берүүнүн жана иштеп чыгуунун режимдери (квотанын алкагында ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү, квотадан тышкары ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү, келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү, жеке муктаждык үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу);
3) квотанын алкагында ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, анда энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген квоталардын алкагында ЭКБ орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын ЭКБ субъектиси "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеңилдетилген мезгилдин алкагында жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тариф боюнча ишканаларды бөлүштүрүү тармагында берет;
4) квотадан тышкары ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, анда ЭКБ субъектиси квоталардан тышкары ЭКБ орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен, өзүн-өзү актоо мөөнөтүнүн мезгилинде электр энергетикалык компаниясынын транзитинин кызмат көрсөтүүсүнүн наркын эсептен чыгаруу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тариф боюнча бөлүштүрүүчү ишканалардын тармагында берет;
5) келишимдик негизде ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын берүү - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, анда ЭКБ орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясы ЭКБ субъектиси тарабынан сатып алуучуга берилет, аны менен ЭКБ субъекти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык тараптар өз алдынча аныктаган баа боюнча келишимдик мамилелерде турат;
6) жеке муктаждыктар үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу - ЭКБ жаатындагы иш режиминин түрү, анда ЭКБ орнотмолорун пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясы жеке максатта (жеке муктаждык үчүн) пайдаланылат;
7) ЭКБ субъекттеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - ЭКБ субъекттеринин реестри) - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү, берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан ЭКБнын бардык субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы;
8) ЭКБ субъектиси - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү (режимдердин бардык түрлөрүн), берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же иштеп жаткан жеке жана юридикалык жактар, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
9) ЭКБ электр энергиясы - ЭКБны пайдалануу менен ЭКБ субъектиси тарабынан иштелип чыккан электр энергиясы;
10) ЭКБ орнотмосу - ЭКБдан өндүрүлгөн, электр энергиясын кабыл алуу (алуу), кайра түзүү, аккумуляциялоо жана (же) берүү боюнча технологиялык жабдуулар же технологиялык жабдуулардын комплекси;
11) ЭКБ тарифи - "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берүүчү үчүн отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген ЭКБ электр энергиясынын жеңилдетилген тарифи;
12) өзүн-өзү актоо мезгили (өзүн-өзү актоо мөөнөтү) - бул ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмону эксплуатацияга киргизген күндөн тартып эсептелүүчү убактылуу интервал, мында алынган таза кирешенин өлчөмү жумшалган чыгымдардын көлөмүнө барабар болот;
13) техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - ТЭН) - инвестициялоонун, инвестициялардын натыйжалуулугун негиздөөнүн максаттарын сыпаттоо менен негизги баштапкы маалыматтарды камтыган долбоордук документ, анын ичинде: ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмонун иштөөсүнөн күтүлгөн экономикалык, социалдык жана (же) коммерциялык натыйжа, ошондой эле курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтар жана объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөр;
14) алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме - долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө менен деталдуу ТЭНдин ортосундагы орто аралык баскыч. Алдын ала ТЭН маалыматтын аз такталышы, долбоордун варианттарын жана аны жүзөгө ашыруунун айрым өңүттөрүн функциялык изилдөөлөрдү кошумча жүргүзүүнү эске алуу менен тереңдеп кароо жаатында ТЭНден айырмаланат;
15) долбоордук-сметалык документтер (мындан ары - ДСД) - долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер, ал көлөмдүк-пландаштыруучу, конструктивдүү, технологиялык, инженердик, жаратылышты коргоочу, экономикалык жана башка чечимдерди, ошондой эле курулушту уюштуруу жана жүргүзүү үчүн сметалык эсептерди, инженердик даярдыкты жана аймакты абаттоону камтыйт.
2-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергетика чөйрөсүндө иштеп жаткан катышуучулардын ыйгарым укуктары
3. ЭКБны пайдалануу менен энергетика чөйрөсүндө иштеп жаткан катышуучулар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
4) бөлүштүрүүчү ишканалар;
5) ЭКБ субъектиси.
4. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБ орнотмолорунун кубаттуулуктарына квота берүүнү, айрым аймактык-административдик бирдиктер үчүн ЭКБнын ар бир түрү боюнча белгиленген кубаттуулукту иштеп чыгат жана бекитет, ошондой эле расмий веб-сайтта маалыматтарды жайгаштыруу менен ЭКБ орнотмолорунун кубаттуулугуна квоталардын болушу жөнүндө маалыматтарды жаңылайт;
2) ЭКБ жаатында иштөөгө ниетин билдирген жана/же иштеп жаткан ЭКБ субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт жана ЭКБ субъекттерин каттайт;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген тартипте ЭКБ орнотмолорун курууга конкурстук тандоо өткөрүүгө, алдын ала ТЭН долбоорлорун даярдоого жана жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер мыйзамдарына ылайык жер участогун бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу;
4) ЭКБны пайдалануу боюнча объекттин курулушуна инвестициялоо ниети жөнүндө ЭКБ субъектиси менен макулдашуу түзүүгө укуктуу;
5) ЭКБны пайдалануу боюнча объектти куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багыты бузулуп же 3 (үч) жыл бою пайдаланылбаган учурларда Кыргыз Республикасынын жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу;
6) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участокторун максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана аны контролдоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктуу органдар менен кызматташат;
7) ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө ЭКБ субъекттерине юридикалык жана уюштуруучулук жардамдарды берет;
8) энергетика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электр берүүчү уюмдардын электр тармактарына ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди туташтырууга мониторинг жана контроль жүргүзөт;
9) ЭКБнын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергияны өндүрүүнүн жалпы көлөмүнө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсептөө жана талдоо жолу менен ЭКБны пайдаланууга мониторинг жүргүзөт;
10) кызыкдар болгон жактарга ЭКБ субъекттеринин ишине, квоталоо жана берилген квоталардын көлөмүнө тиешелүү болгон толук жана так маалыматтарды өз убагында берет.
5. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин жарактуулук мөөнөтүн 10 (он) жылдан ашпаган мезгилге белгилейт;
2) ЭКБ субъекттеринен бөлүштүрүүчү ишканалар сатып алган электр энергиясына тарифтерди аныктайт;
3) кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБ орнотмолору үчүн өзүн-өзү актоо мезгилинин жарактуулук мөөнөтүн белгилейт, алардын ээлери жеңилдетилген мезгил боюнча, ошондой эле квоталар жок калган учурларда тарифтик преференцияга талапкер боло алышпайт.
6. Жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чегинде, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) ЭКБ орнотмолорун курууга алдын ала ТЭН менен бирге жер участогун берүү жөнүндө арызды карашат;
2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участокторун беришет;
3) ЭКБ орнотмолорун курууда ишти уюштурууда жана ЭКБ субъектисинин ишине колдоо көрсөтүү үчүн коомчулук менен консультацияларды жүргүзүүдө ЭКБ субъектисине көмөк көрсөтүшөт.
7. Бөлүштүрүүчү ишканалар:
1) ЭКБ субъектисине ЭКБ орнотмолорун туташтырууга техникалык шарттарды беришет;
2) ЭКБ орнотмолору менен өндүрүлгөн ЭКБ электр энергиясын берүүгө ЭКБ субъектиси менен келишимдерди түзүшөт;
3) керектөөчүлөргө келишимдик негизде ЭКБ субъектиси тарабынан ЭКБ электр энергиясын берүүдө ЭКБ электр энергиясын ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүшөт;
4) тийиштүү тейлөө аймактарында ЭКБ орнотмолору менен иштелип чыккан электр энергиясынын белгиленген кубаттуулугун жана көлөмүн эсепке алышат.
8. ЭКБ субъектиси:
1) алдын ала ТЭН, долбоордук ТЭН жана ДСД даярдоону камсыздайт, анын ичинде ЭКБ орнотмолорун курууда айлана-чөйрөгө таасирин баалоонун негизинде экологиялык экспертиза жүргүзөт;
2) энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу органга ЭКБ субъекттеринин реестрине кошуу үчүн арыз жана ЭКБ субъекттеринин реестринде катталган маалыматтар өзгөргөн учурда билдирүүлөрдү берет;
3) шаар куруу жана энергетика чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭКБ орнотмолорун долбоорлоо, куруу, туташтыруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча иштерди каржылоону жана аткарууну камсыздайт;
4) жыл сайын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ электр энергиясы тармагындагы иштеп чыгуунун жана чыгаруунун болжолдуу жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө маалыматты берет.
3-глава. ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ЭКБ субъекттеринин иштөө өзгөчөлүктөрү
9. ЭКБ субъекттери энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген кубаттуулуктарды квоталоонун алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияга талапкер болууга укуктуу.
10. Жеңилдетилген мезгилдин аралыгында жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин өлчөмүндөгү тарифтик преференция кубаттуулуктарды квоталоонун алкагында ЭКБ субъекттеринин реестрине кирген жактарга берилет. Квоталардын алкагындагы кубаттуулук "биринчи берилген арыздын" эрежеси боюнча ушул Жобонун 7-главасына ылайык тарифтик преференция алууга арыз берүүнүн кезектүүлүк тартиби менен бөлүштүрүлөт.
11. ЭКБ субъектисине белгиленген кубаттуулуктардын квоталарынын көлөмүн түгөткөндөн кийин жана/же квоталоонун алкагынан тышкары ЭКБ орнотмолорунун курулушун ишке ашырууда, бөлүштүрүүчү ишканалардын тармагына электр энергиясын берүүдө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген өзүн-өзү актоо мөөнөтүндө электр энергетикалык компаниясынын транзитинин кызмат көрсөтүүсүнүн наркын эсептен чыгарып салуу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде алар тарабынан иштелип чыккан ЭКБ электр энергиясына тариф коюлат.
12. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдын ала ТЭН жана ЭКБ орнотмосун куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогу болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык энергетикалык ЭКБ орнотмолорун курууга конкурс өткөрөт.
13. ЭКБ субъекттери иштелип чыккан ЭКБ электр энергиясын акыркы керектөөчүлөргө берүүгө укуктуу, бул учурда келишимдик негизде берилген ЭКБ электр энергиясынын баасы аныкталат.
14. Жеке муктаждыктарга керектелбеген, ошондой эле келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган ЭКБ электр энергиясы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЭКБ орнотмолору жайгаша турган административдик-аймактык түзүлүштө эң ири бөлүштүрүүчү ишканалар тарабынан сатылып алынышы керек.
4-глава. ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун этаптары
15. ЭКБ электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча иш өзүнө төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) ЭКБ субъекттерин ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү;
2) ЭКБ орнотмосун куруу үчүн жер участокторуна укук берүү;
3) белгиленген квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияларды берүү;
4) ДСДны даярдоо жана электр тармактарына туташуу;
5) электр энергиясын сатуу боюнча ишти жүргүзүү үчүн керектүү лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу;
6) ЭКБ электр энергиясын берүү боюнча тарифтерди жана ЭКБ орнотмосунун өзүн-өзү актоо мезгилин белгилөө;
7) ЭКБ электр энергиясын берүүгө келишим түзүү;
8) ЭКБ орнотмосун куруу;
9) ЭКБ орнотмосун кабыл алуу жана колдонууга киргизүү.
5-глава. ЭКБ субъекттеринин реестрин жүргүзүү
16. ЭКБ субъекттеринин реестрин жүргүзүү энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын баалоону жана статистикалык эсепке алууну камсыздоо максатында ишке ашырылат. Реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндөгү алып жүрүүчүдө жана электрондук форматта жүргүзүлөт.
17. ЭКБ субъекттеринин реестри ЭКБ субъектинин укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат. Реестрге киргизүү фактысы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү менен ырасталат.
18. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясы, номери жана берилген күнү;
2) Реестрдеги ЭКБ субъектисинин номери;
3) юридикалык жактар үчүн - толук жана (эгер бар болсо) кыскартылган аталышы, юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери;
4) жеке жактар үчүн - жеке жактын аты-жөнү, катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин ырастаган документтин маалыматтары, идентификациялык жеке номери (ИЖН);
5) чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук аталышы жана (эгер бар болсо) кыскартылган аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери, мамлекеттик реестрдин же бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын ырастоочу апостиль коюлган башка документтин көчүрмөсү. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
6) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - жеке жактын аты-жөнү, катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин ырастаган документке, башка документтерге жана мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорго ылайык жеке идентификациялык номери;
7) жеке ишкерлер үчүн - аты-жөнү, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери, катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, идентификациялык жеке номери;
8) пландаштырылган ЭКБ орнотмосунун түрү жана кубаттуулугу;
9) ЭКБ тармагындагы иш режиминин түрү;
10) иш жүргүзүү аймагы (административдик-аймактык бирдик);
11) арыз ээсинин байланыш телефону жана электрондук почтасынын дареги;
19. ЭКБ субъекттеринин реестри ачык маалымат болуп саналат жана энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
20. ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн арыз ээси энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча арыз берет.
21. Арызга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын;
2) жеке жактар үчүн - ким экендигин ырастоочу документтин;
3) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик реестрден берилген көчүрмөнүн (апостилденген) же мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн башка документтин;
4) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
5) жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн.
22. ЭКБ субъекттеринин реестрине арыз берилген күндөн тартып он иш күндүн ичинде киргизилет жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бул каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү менен ырасталат.
Арыз толук эмес же туура эмес толтурулса же тиркелген документтер толук эмес болсо, арыз ээсине жетишсиз маалыматтарды же документтерди берүү жөнүндө сурам жөнөтүлөт. Мындай учурда арыз бардык керектүү документтер берилген күн менен катталат.
ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүүдөн негизсиз баш тартылса же ал кечиктирилсе, арыз ээси административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанса болот.
23. Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ЭКБ субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка өзгөртүүлөр энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөртүү үчүн негиз келип чыккан күндөн тартып бир календардык айдын аралыгында ЭКБ субъекттери тарабынан жазуу жүзүндө билдирилиши керек.
24. ЭКБ субъектинин статусу ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу менен төмөнкүдөй учурларда жоготулат:
1) ЭКБ орнотмосун куруу үчүн ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизген күндөн тартып 2 (эки) жылдын ичинде жеке менчик укугунун же жер участогун убактылуу пайдалануу укугунун жоктугу;
2) жер участогун алган учурдан тартып 3 (үч) жылдын ичинде ЭКБны пайдалануу менен орнотмону куруу боюнча ишти жүзөгө ашырбоо.
6-глава. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмону куруу үчүн жер участогуна укук берүү
25. ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участогуна укук жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер мыйзамдарында каралган тартипте ЭКБ субъекттерине менчикке же пайдаланууга берилиши мүмкүн.
26. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сынак өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте жер участогу карамагында турган тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүүгө арыз менен кайрылууга укуктуу.
27. ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участогун берүү үчүн арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: ЭКБ түрү жана ЭКБ объектисинин пландалган бекитилген кубаттуулугу, анын болжолдуу жайгаша турган жери, жер участогунун болжолдуу аянтын негиздөө жана ага карата суралган укуктун түрү. Арызга ЭКБ орнотмолорун куруу долбоорунун алдын ала ТЭН жана айлана-чөйрөгө таасирин алдын ала баалоо тиркелиши керек.
28. ЭКБ орнотмолорун куруу долбоорунун алдын ала ТЭНи, ошондой эле айлана-чөйрөгө таасирин алдын ала баалоо Кыргыз Республикасынын энергетика жана шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштин тийиштүү түрлөрүн ишке ашырууга укугу бар жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен ЭКБ субъектиси тарабынан өз алдынча даярдалат.
7-глава. Белгиленген квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияларды берүү
29. Тарифтик преференцияларды алууга арыз энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ субъектиси тарабынан берилет.
30. Арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) юридикалык жактар үчүн - толук жана (эгер болсо) кыскартылган аталышы;
2) жеке жактар үчүн - жеке жактын аты-жөнү;
3) ЭКБ субъектисинин ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн номери жана сериясы;
4) пландалган ЭКБ орнотмосунун түрү жана белгиленген кубаттуулугу;
5) берүү үчүн ЭКБ электр энергиясынын пландалган көлөмү.
31. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелиши керек:
1) жер тилкелерине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) пландалган ЭКБ орнотмолоруна ТЭН.
32. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн арыздар жана ага тиркелген документтер каттоочу кириш номерди ыйгаруу жана алардын келген күнүн жана убактысын аныктоо менен кабыл алынат жана катталат.
33. Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭКБ субъекттеринен түшкөн арыздарды арыз катталган күндөн тартып 14 (он төрт) иш күнүнүн ичинде карайт. Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгында бош квоталар болсо, энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы мыйзамдарына ылайык квоталарды жана тарифтик преференцияларды алуу жөнүндө чечим чыгарат;
2) арыз толук эмес же туура эмес толтурулган учурда же тиркелген документтер толук эмес болсо, арыз ээсине жетишпеген маалыматтарды же документтерди берүүгө сурам жиберет. Мындай учурда арыз керектүү документтердин баары берилген күнү катталат.
34. Квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда чыгарылат, эгерде:
1) энергетикалык орнотмо Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ЭКБ объекттерине кирбесе;
2) ЭКБ электр энергиясын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолордон жогорулатылган коэффициентти пайдалануу менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тариф боюнча электр энергиясынын белгиленген квоталары бүтсө.
Квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияларды берүүдөн негизсиз баш тартылса же кечиктирилсе, административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга болот.
35. Арыз ээси өзүнүн арызынан каралып жаткан бардык баскычта баш тартууга укуктуу.
8-глава. ДСДны даярдоо жана электр тармактарына кошулуу
36. ДСДны даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашат.
ЭКБны пайдалануу менен ЭКБ орнотмолорун курууга ДСДны даярдоодо айлана-чөйрөгө таасири толук бааланат. Айлана-чөйрөгө таасирин баалоо жана ЭКБ орнотмолорун куруу боюнча долбоорго экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
37. Электр тармактарына технологиялык туташтыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесине ылайык ишке ашырылат.
9-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтер
38. ЭКБ жаатындагы иштин лицензияланган түрү менен иштөөгө каалоосун билдирген ЭКБ субъекттери тийиштүү лицензияны отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алууга милдеттүү.
39. ЭКБ субъекттерине лицензияларды берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.
10-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүүгө тарифтерди белгилөө
40. ЭКБ электр энергиясын берүү үчүн квоталардын алкагында жана квоталардан тышкары тарифтик преференцияларды алууга ЭКБ субъектиси отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тарифтерди белгилөө жөнүндө арыз берет.
41. Арызга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелиши керек:
1) ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүктүн;
2) ЭКБны пайдалануу менен орнотмолордо өндүрүлгөн электр энергиясын сатууга лицензиянын;
3) пландалган энергетикалык ЭКБ орнотмосуна ДСДнын;
4) ЭКБ субъектисине квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифти берүү жөнүндө энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин.
42. ЭКБ субъектисинин арызынын негизинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр энергиясын сатууга лицензия алган ЭКБ субъектисине квоталардын алкагында же квоталардан тышкары тарифти берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен буйрук чыгарат.
Квоталардын алкагында же квоталардан тышкары ЭКБ субъектисине тарифтерди берүүдөн негизсиз баш тартылса же кечиктирилсе, административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга болот.
43. ДСДнын негизинде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кубаттуулуктарды квоталоонун алкагынан тышкары курулган ЭКБ орнотмосу үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин белгилейт.
44. ЭКБ электр энергиясын берүүгө болгон тарифтер келишимдик негизде отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынууга тийиш эмес.
11-глава. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүү келишимин түзүү
45. Квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифти же өзүн-өзү актоо мезгилинде кубаттуулуктарды квоталоонун алкагынан тышкары тарифти алган ЭКБ субъекттери ЭКБ орнотмосу жайгашкан административдик-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү ишканага ЭКБ электр энергиясын берүүгө келишим түзүү жөнүндө арыз менен кайрылышат.
46. ЭКБ орнотмосунда иштелип чыккан электр энергиясын берүүгө келишим түзүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) ЭКБ субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүктүн;
2) электр энергиясын сатууга лицензиянын;
3) электр тармактарына кошууга техникалык шарттардын;
4) отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифти же өзүн-өзү актоо мезгилинде кубаттуулуктарды квоталоонун алкагынан тышкары тарифти берүү жөнүндө буйругунун.
47. Бөлүштүрүүчү ишкана жана ЭКБ субъекти ЭКБ электр энергиясын берүү келишимине арыз берилген күндөн тартып 14 (он төрт) иш күнүнөн кечиктирбестен кол коюшат.
Келишим түзүүдөн негизсиз баш тартылса же кечиктирилсе, административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга болот.
48. ЭКБ электр энергиясын берүүгө келишим боюнча милдеттерди аткарууда квоталардын алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифти алган ЭКБ субъекттери тарабынан энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине киргизилген кепилдик депозити менен камсыздалат. Кепилдик депозити ЭКБ субъектиси тарабынан билдирилген пландалган ЭКБ электр энергиясынын жылдык иштеп чыгуу көлөмүнүн наркынын 5 (беш) пайыз өлчөмүндө акчалай түрдө киргизилет. Эгерде ЭКБ субъектиси келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбаса, кепилдик депозити кайтарылбайт жана республикалык бюджетке түшөт.
12-глава. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу
49. ЭКБ орнотмолорун куруу жана пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерине жана Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана ишке киргизилип жаткан курулушу бүткөн объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашат.
13-глава. ЭКБ орнотмолорду кабыл алуу жана ишке киргизүү
50. Ишке киргизилип жаткан курулушу бүткөн ЭКБ орнотмолорунун шайкештигин баалоо акты ЭКБ орнотмосун ишке киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Бул актынын көчүрмөсүн ЭКБ субъектиси энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ субъекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн берет.
51. ЭКБ субъектиси ЭКБ орнотмосун ишке киргизүүдөн кийин энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарым жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн ишинин натыйжалары (иштелген электр энергиясынын саны, электр энергиясын өндүрүү жана сатуу) жөнүндө билдирет.
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин реестри
№ | ЭКБ орнотмосунун аталышы | Жайгашкан жери | Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын түрү | Белгиленген кубаттуулук, МВт | Иш режими | Ээси | Ээсинин идентификациясы | Күбөлүк | Башка белгилер | |||
серия, № | берилген күн | жокко чыгарылган күн | дубликат берүү жөнүндө белги | |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүк
| Күбөлүктүн сериясы жана номери | Күбөлүк берилген күн |
| |||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 20___-жылдын "___" ___________ |
|
|
|
|
| |||||||||||||
| ||||||||||||||||
Ушул күбөлүк энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу укугун күбөлөндүрөт
| |
| (генерациялоочу объекттин менчик ээсинин-жактын же мыйзамдуу башка ээсинин толук аталышы) |
|
|
| (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмонун аталышы) |
|
|
| (энергиянын кайра жаралуучу булактарынын генерациялоочу объектисинин жайгашкан жери) |
|
|
| (энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмонун түрү) |
|
|
| __________________МВт (энергиянын кайра жаралуучу булактарынын генерациялоочу объектисинин белгиленген кубаттуулугу) |
|
|
| энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы иштин укуктук режими |
|
|
Жетекчи: | _____________________ | _____________________ | |
|
| (колу) | (аты-жөнү) |