Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-декабры № 594
Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо жана аларды кадимки жашоо-тиричиликке кайтаруу максатында, "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоого тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |