Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 594 токтомуна) |
Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды кадимки жашоо-тиричиликке кайтаруу максатында аларды реабилитациялоо тартибин аныктайт.
2. Реабилитациялоо үчүн алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому же терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамды Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жабырлануучу деп таануу жөнүндө соттун аныктамасы негиз болуп саналат жана реабилитация биринчи кезекте көрсөтүлөт.
3. Жабырлануучуларды реабилитациялоо терроризм актысы (актылары) жасалган жердеги же болбосо жабырлануучу жашаган жердеги мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт жана министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен укуктук жардамды, психологиялык, медициналык, кесиптик реабилитациялоону өзүнө камтыйт.
Жабырлануучуларга зарыл учурда бир эле убакытта ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн реабилитациялоо боюнча жардамдардын бир нече түрү көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. Башка мамлекеттин аймагында жасалган терроризм актысынан жабырлануучулар деп таанылган Кыргыз Республикасынын жарандарын реабилитациялоо, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка белгиленбесе, ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
II. Терроризм актысынан жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби
5. Реабилитациядан өтүү үчүн жабырлануучу же анын атынан өкүлү жабырлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын, почта дарегин, байланыш телефонун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына арыз менен кайрылат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) терроризм актысынан жабыр тарткан адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
2) жабыр тарткан адамдын өкүлү кайрылган учурда - өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтин түп нускасы жана анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
3) сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзгөн органдын, тергөөчүнүн токтомунун көчүрмөсү (көчүрмө бөлүгү) же адамды терроризм актысынын натыйжасында жабырлануучу деп таануу тууралуу соттун аныктамасы.
Жазуу түрүндө же электрондук документ түрүндө кайрылган учурда мамлекеттик органдар он төрт жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жабырлануучуга арызды кароонун натыйжалары тууралуу жоопту жөнөтөт.
6. Укуктук жардамды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык көрсөтөт.
7. Жабырлануучуларга психологиялык реабилитациялоо жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн саламаттык сактоо уюмуна кайрылуусунун негизинде психологиялык жардам көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
Жабырлануучуларга психологиялык реабилитациялоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан терроризм актысы (актылары) жасалган жерде токтоосуз түрдө көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 232 КПҮ токтому менен бекитилген Террористтик коркунучтун деңгээлдерин белгилөөдө терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдардын улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө нускамага ылайык тийиштүү профилдеги адистер (психологдор) тарабынан жардам көрсөтүүнү камтыйт.
Саламаттык сактоо уюмдарынын психолог адистери жабырлануучуга психологиялык консультация берет жана зарыл учурда калыбына келтирип дарылоочу жана медициналык реабилитациялоочу, анын ичинде балдарды медициналык реабилитациялоочу медициналык уюмдардан андан ары дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмуна кайрылууну сунуштайт.
8. Кесиптик багыттоо, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү жаатында, ошондой эле ишке орношууга көмөк көрсөтүү жаатында жабыр тарткан адамдарды кесиптик реабилитациялоо "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш менен камсыз кылуу кызматынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
9. Жооптуу реабилитациялоо органынын жетекчиси реабилитациялоо боюнча өз убагында жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.