Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-декабры № 595
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө биологиялык түрдүүлүктүн сакталышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде эндемикалык объекттерин мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн такса" тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн такса
Мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет-ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына фото-видео аппаратураларына тартып алуу жана жайгаштыруу менен, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (буга балык жана суу чаяндардан тышкары), сатып алуу, ташуу, күтүү, кайра иштетүү, сактоо, пайдалануу, сатуу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кирүү, чыгаруу, башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, мыйзамсыз олжолоо же байырлаган уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн | ||
№ | Жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү) | Жашына, өлчөмүнө, салмагына карабастан ар бир жаныбар (башы, териси, 1 даана) үчүн таксалардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген: | ||
§ 1. Сүт эмүүчүлөр | ||
1 | Илбирс | 1500000 |
2 | Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен | 1000000 |
3 | Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн | 50000 |
4 | Ортоазиялык күндуз | 20000 |
5 | Мензбир сууру | 20000 |
6 | Бранд индия кирписи | 10000 |
7 | Суусар, чаар күсөн | 10000 |
8 | Жейре узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, кол канат жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк жана Северцов) | 10000 |
§ 2. Канаттуулар | ||
1 | Жылкычы чулдук | 10000 |
2 | Ак кунас | 30000 |
3 | Кара кунас | 30000 |
4 | Ителги | 250000 |
5 | Кидик кара каз | 10000 |
6 | Бүркүт | 100000 |
7 | Көк жорү | 100000 |
8 | Күмай (гималай күмай) | 100000 |
9 | Таз кара | 100000 |
10 | Тоо казы | 50000 |
11 | Көк өрдөк | 50000 |
12 | Ак төш көгүчкөн | 10000 |
13 | Көк көгүчкөн | 10000 |
14 | Тоодак | 200000 |
15 | Жорго тоодак | 200000 |
16 | Ак канаттуу тоңкулдак | 10000 |
17 | Чоң чаар тоңкулдак | 10000 |
18 | Каркыра | 15000 |
19 | Жаланчы куш | 100000 |
20 | Шумкар | 250000 |
21 | Ак кашык тумшук | 50000 |
22 | Ичке тумшук тоо чулдук | 50000 |
23 | Узун (орто) тумшук кытай ала | 10000 |
24 | Кадимки тарталтоок | 6000 |
25 | Чөл ызгыты | 6000 |
26 | Кубарган кулаалы | 100000 |
27 | Ак куу | 25000 |
28 | Кара шакылдак | 100000 |
29 | Узун куйрук чымынчы | 6000 |
30 | Мыкый үкү | 15000 |
31 | Кидик бүркүт | 100000 |
32 | Кара куш | 100000 |
33 | Чүйлү сымал бүркүт | 100000 |
34 | Суу бүркүт | 100000 |
35 | Узун куйрук суу бүркүт | 100000 |
36 | Чаар бүркүт | 100000 |
37 | Тармал бир казан | 50000 |
38 | Кызгылт бир казан | 50000 |
39 | Талаа күйкөсү | 20000 |
40 | Бүлдүрүк | 20000 |
41 | Чыгыш бүлдүрүк, кара боор | 20000 |
42 | Ылаачын | 250000 |
43 | Сары баштуу шумкар (талаа, шахин) | 250000 |
44 | Безбелдек | 200000 |
45 | Ак кажыр | 100000 |
46 | Балыкчы куш, бакачы | 100000 |
47 | Журтчу, тарпчы | 100000 |
48 | Орок тумшук чулдук | 25000 |
49 | Ак баш өрдөк | 20000 |
50 | Кыл куйрук, бүлдүрүк кара | 20000 |
51 | Чүйлү | 100000 |
52 | Кара кур | 25000 |
53 | Кара канаттуу ача чулдук | 10000 |
54 | Фламинго | 70000 |
55 | Чоң үкү | 30000 |
56 | Каракчы чардак | 5000 |
57 | Ак көз өрдөк | 6000 |
§ 3. Амфибиялар жана сойлоп жүрүүчүлөр | ||
1 | Боз эчкимер | 25000 |
2 | Ренарддын боздоң чаар жыланы | 10000 |
3 | Туран (жашыл) кур бакасы | 5000 |
4 | Бутсуз кескелдирик | 5000 |
5 | Саид-Алиевдин жумуру баш кескелдириги | 5000 |
6 | Орто Азиялык кызыл колтук бака | 10000 |
7 | Чаар сойлок же турну чеке сойлогу | 10000 |
8 | Шнайдер кадимки тартак сцинк | 10000 |
9 | Чыгыш кумчул муунткучу | 10000 |
10 | Орто Азиялык таш бака | 10000 |
§ 4. Муунак буттуулар | ||
1 | Жок болуу коркунучу I категорияга киргизилгендер (галатея көпөлөгү жана кыргызобия мурунчаны | 10000 |
2 | Жок болуу коркунучу II категорияга киргизилгендер (Трихолатис реликт жөргөмүшү, тикен куйрук ийнелик, айман чегиртке, фергана бүркөкчү, чоң бүркөкчү, Чичерин мурутчаны, Христоф сары көпөлөгү, локсиас калдырканы, алексанор желкиндүү калдырканы, Кузнедов бутак муруттуу таарыгыч, Полохрум сары аарысы жана кара курсактуу кул ээлөөчү кумурска); жок болуу коркунучу III категорияга киргизилгендер (кадимки аполлон, Мерцбахер калдырканы, дөө шер чымыны, Сах арча мүйүз көчүгү жана Мазарис сары аарысы) | 5000 |
2. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген: | ||
1 | Доңуз | 50000 |
2 | Теке | 100000 |
3 | Элик | 50000 |
4 | Сайгак | 100000 |
5 | Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак кадимки (европа кашкулагы жана тяньшань кашкулагы) | 6000 |
6 | Норка, суугунду, солонгой, талаа хору, талаа чычканы, ласка, енот-полоскун | 5000 |
7 | Суурлар | 3000 |
8 | Чоң кош аяк жана барак бут кош аяк | 5000 |
9 | Камыш мышыгы, талаа мышыгы | 5000 |
10 | Коён | 5000 |
11 | Тыйын чычкан | 1000 |
12 | Сары чычкан, ондатр | 1000 |
13 | Кадимки жарганаттар | 5000 |
14 | Чоң кара каз | 1000 |
15 | Көгүчкөндөр (доместик көк көгүчкөндөн тышкары), бактектер, чулдуктар, тартарлар, бөдөнө | 1500 |
16 | Каздар | 6000 |
17 | Кекилик, чил | 2000 |
18 | Үкүлөр, жырткыч канаттуулар | 10000 |
19 | Улар | 6000 |
20 | Өрдөктөр | 1500 |
21 | Кыргоол | 5000 |
22 | Кытандар (ак, боз, сары), кол букасы (чоң, кидик) | 3000 |
23 | Сайраган канаттуулардын бардык түрү (ала жана кара каргадан, чар каргадан, сагызгандан, ала канат чыйырчыгынан (Майна) тышкары) | 3000 |
24 | Күрөң орок тумшук | 15000 |
25 | Ышылдак ак куу | 15000 |
26 | Кичи ак куу | 15000 |
27 | Арам өрдөктөр, чагалалар, күкүктөр, теликуштар, карлыгачтар, үпүптөр, чолок куйруктар, чардактар, көк каргалар, соорулар, көк канаттар | 1500 |
28 | Жыландар (кызыл боор) суу жыландан жана чаар жыландардан тышкары) агама кескелдириктери | 3000 |
29 | (Кызыл боор) суу жылан | 2000 |
30 | Чаар жылан | 10000 |
31 | Суу бака, Певцов кур бакасы, кескелдириктер (агамалыктар кирбейт) | 3000 |
32 | Суу чаян сымалдар (суу чаян кирбейт), тишсиздер, үлүлдөр, сүлүк курттар, сөөлжандар, суу тоюттук объекттер: кызыл курт жана башка ызылдак курттар, суу бүргөлөрү, капталдап сүзгүчтөр) | Акы төлөөнүн ставкаларын көрсөткүчүнүн он эсе өлчөмүндө |
3. Жаныбарлар байырлаган локалдуу чөйрөнү бузгандык жана табигый популяцияга башка кыйыр зыян келтиргендик үчүн: | ||
№ | Эреже бузуулардын түрлөрү | Такса (сом менен) |
| Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдуу чөйрөнү бузуу | Зыян келтирилген ар бир түр үчүн 60000 |
2 | Кыргыз Республикасында аялуу локалдуу эндемика же кайталангыс реликт болуп саналган омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдүу чөйрөнү бузуу | Зыян келтирилген ар бир түр үчүн 30000 |
3 | Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жер бетиндеги омурткасыздардын уяларынан мыйзамсыз алынган ар бир жумуртка же жок кылынган ургаачысынын ар бир эмбриону үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяндын айып өлчөмүн эсептөөчү таксаларына ылайык төлөнөт | Жаныбардын ушул түрү үчүн доонун өлчөмүнүн 100 пайызы |
4 | Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген канаттуулардын түрлөрүнүн уясынан алынган ар бир жумуртка үчүн | 1000 |
5 | Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген жапайы канаттуулардын уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн (карышкырдыкынан жана чөөнүкүнөн башкасын) жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн (бир даанага) | 6000 |
6 | Кумурсканын уясын жок кылгандык же бузгандык үчүн (бир даанага) | 6000 |
7 | Жаныбарлар үчүн акырларды жана шор топурактуу жерлерди, такталарды, аншлагдарды, аңчылардын жер тамдарын, курулма жерлерде орнотулган таанытуучу жана башка жаратылышты коргоо тематикасын камтыган маалымат белгилерин бузгандыгы жана жок кылгандыгы үчүн | Ушул курулмалардын наркынын жыйырма эсе өлчөмүндө |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, мамлекеттик заказниктеринин жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жапайы жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет-ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен фото-видео аппаратурага тартыл алуу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин (буга балык жана суу чаяндар кирбейт), башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, мыйзамсыз олжолоо же байырлаган ар бир уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн айып сумманын өлчөмү эки эсе көбөйөт.
2. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), анын ичинде интернет- ресурстарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына фото-видео аппаратурага тартып алуу жана жайгаштыруу менен, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (буга балык жана суу чаяндардан тышкары), аларды сатып алуу, ташуу, күтүү, кайра иштетүү, сактоо, пайдалануу, сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кирүү, чыгаруу, башка ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жок кылуу, алардын жашоо чөйрөсүн бузуу, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз олжолоо же байырлаган ар бир уяларын, ийиндерин, үңкүрлөрүн жана башка баш калкалоочу жайларын жок кылгандыгы, талкалагандыгы үчүн чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга айып сумманын өлчөмү үч эсе көбөйөт.
3. Локалдуу жашоо чөйрөсү деп ушул сыяктуу жашоо чөйрөлөрүнөн өзүнчө турган экосистемасы (же экосистемалары) бар, аянты боюнча чектелген (10 гектар га чейин) жана жаныбарлардын кандайдыр бир түрү салыштырмалуу түрдө туруктуу жашаган жер эсептелет (чоң эмес жаныбарлардыкы, анткени жер которуп туруучу чоң жаныбарлардын популяциясы анча чоң эмес аянттагы участокторго жана локалдуу экосистемаларга көп токтолушпайт).".