Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-декабры № 598
Балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жана мектепке чейинки жаштагы балдарды өнүктүрүү үчүн шарттарды кеңейтүү максатында, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун тиркемеге ылайык ачышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык китепканалардын базасында ачылган балдарды өнүктүрүү борборлорунда билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландарын киргизүүнү камсыздасын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул токтомдун 3-пунктун ишке ашыруу максатында 2020-жылга республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин каражаттарынын чегинде тийиштүү каржылоону камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2021-жылдан баштап жыл сайын ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте карасын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жыл сайын ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон финансы каражаттарын жергиликтүү бюджетте кароо сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Тиркеме |
Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорунун ТИЗМЕСИ
№ | Китепкананын аталышы | Бюджет | Жайгашкан жери |
Бишкек ш. | |||
1 | "Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепкана" мекемеси | Республикалык |
|
2 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагы, № 20 китепкана | Жергиликтүү | Эне-Сай конушу, Свердлов району |
3 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагы, № 24 китепкана | Жергиликтүү | Келечек конушу, Свердлов району |
4 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагы, № 25 китепкана | Жергиликтүү | Ак-Бата конушу, Свердлов району |
5 | Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагы, № 26 китепкана | Жергиликтүү | Ак-Тилек конушу, Свердлов району |
Жалал-Абад облусу | |||
6 | Сузак райондук китепкана | Республикалык | Сузак району, Сузак айылы |
7 | Майлуу-Суу балдар китепканасы | Жергиликтүү | Майлуу-Суу ш. |
8 | Көк-Жаңгак шаарынын борборлоштурулган китепкана системасы мекемеси | Жергиликтүү | Көк-Жаңгак ш. |
9 | Токтогул райондук балдар китепканасы | Республикалык | Токтогул району, Токтогул ш. |
10 | Тогуз-Торо райондук борборлоштурулган китепкана тармагы | Республикалык | Тогуз-Торо району, Казарман а. |
Баткен облусу | |||
11 | Баткен облустук китепкана | Республикалык | Баткен ш. |
12 | № 5 китепкананын филиалы | Жергиликтүү | Баткен району, Ак-Сай а. |
13 | № 26 китепкананын филиалы | Жергиликтүү | Баткен району, Жаңы-Жер а. |
14 | № 23 китепкананын филиалы | Жергиликтүү | Исфана ш., Чимген а. |
15 | Лейлек райондук балдар китепканасы | Республикалык | Исфана ш. |
16 | Кадамжай райондук балдар китепканасы | Республикалык | Кадамжай району, Пульгон а. |
17 | Айылдык китепкана № 6 филиал | Жергиликтүү | Кадамжай району, Жаңы-Жер а. |
Ош облусу | |||
18 | Кара-Кулжа райондук борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа а. |
19 | "Алай райондук Мамат Жакыпов атындагы борборлоштурулган китепкана системасы" мекемеси | Республикалык | Алай району, Гүлчө а. |
20 | Айылдык китепкана - № 8 филиал | Жергиликтүү | Алай району, Жаңы-Турмуш а. |
21 | Араван районунун А.С.Пушкин атындагы борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Араван району, Араван а. |
22 | Кара-Суу районунун борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Кара-Суу району, Кара-Суу ш. |
23 | Ноокат районунун борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Ноокат району, Ноокат ш. |
24 | "Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкана" мекемеси | Республикалык | Өзгөн району, Өзгөн ш. |
25 | Чоң-Алай районунун борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Чоң-Алай району, Доорот-Коргон а. |
Чүй облусу | |||
26 | Жайыл райондук балдар китепканасы | Республикалык | Кара-Балта ш. |
27 | Сокулук районунун борборлоштурулган китепкана системасы (балдар бөлүмү) | Республикалык | Сокулук району, Сокулук а. |
28 | Кемин райондук балдар китепканасы | Республикалык | Кемин ш. |
29 | Москва районунун борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Москва району, Беловодское а. |
30 | Токмок борборлоштурулган китепкана системасынын алдындагы балдар бөлүмү | Жергиликтүү | Токмок ш. |
31 | Панфилов борборлоштурулган китепкана системасынын алдындагы балдар бөлүмү | Республикалык | Кайыңды ш. |
32 | "Чүй облустук (жалпыга жеткиликтүү) китепкана" мекемеси | Республикалык | Ысык-Ата району, Кант ш. |
Талас облусу | |||
33 | "Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкана" мекемеси | Республикалык | Талас ш. |
34 | Бакай-Ата райондук балдар китепканасы | Республикалык | Бакай-Ата району, Бакай-Ата а. |
35 | Манас райондук балдар китепканасы | Республикалык | Манас району, Покровка а. |
36 | Кара-Буура райондук балдар китепканасы | Республикалык | Кара-Буура району, Кызыл-Адыр а. |
37 | Талас райондук балдар китепканасы | Республикалык | Талас району, Көк-Ой а. |
Нарын облусу | |||
38 | Нарын райондук борборлоштурулган китепкана | Республикалык | Нарын ш. |
39 | Ак-Талаа райондук Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана системасы | Республикалык | Ак-Талаа, Баетов а. |
40 | Ат-Башы райондук Б.Кыдыкеева атындагы маалыматтык китепкана системасы | Республикалык | Ат-Башы району, Ат-Башы а. |
41 | Жумгал райондук С.Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Жумгал району, Чаек а. |
42 | Кочкор райондук балдар китепканасы | Республикалык | Кочкор району, Кочкор а. |
43 | Айылдык китепкана | Жергиликтүү | Кочкор району, Семиз-Бел а. |
Ысык-Көл облусу | |||
44 | Түп борборлоштурулган райондук китепкана | Республикалык | Түп району, Түп а. |
45 | "Ысык-Көл облустук Т.Сыдыкбеков атындагы китепкана" мекемеси | Республикалык | Каракол ш. |
46 | Балыкчы борборлоштурулган китепкана системасы, балдар китепканасы | Жергиликтүү | Балыкчы ш. |
47 | Кажы-Сай поселоктук китепкана | Жергиликтүү | Тоң району, Кажы-Сай штп. |
48 | Жети-Өгүз райондук борборлоштурулган китепкана системасы | Республикалык | Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу а. |
49 | Ысык-Көл борборлоштурулган китепкана системасы, айылдык китепкана | Жергиликтүү | Ысык-Көл району, Тамчы а. |
50 | Тоң балдардын райондук китепканасы | Республикалык | Тоң району, Бөкөнбаев а. |