Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-декабры № 617
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары:
1) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетишсин;
2) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткарууда бузуулар менен кемчиликтерге жол берген жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өткөн жылдын аудитинин жыйынтыгы боюнча көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткарбаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашсын;
3) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын (мындан ары - ведомстволук план) иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
4) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өткөн жылдын аудитинин жыйынтыгы боюнча аткарылбаган көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткаруу иш-чараларын ведомстволук пландарга киргизишсин;
5) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жиберип турушсун;
6) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | 2019-жылдагы республикалык бюджетти аткаруу аудити жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштары | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттик календардын жана бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун түзүмүн, алардын ачык-айкындуулугун жана шайкештигин камсыз кылуу максатында финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиркемелер форматында бекитүүнү караган Бюджеттик кодекстин 81 жана 116-беренелерин сактоо камсыздалсын | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү: - бюджеттик календарь; - финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиркемелер форматында бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун түзүмү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
2 | DT Global IDEV Europe, S.L. компаниясы тарабынан мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун баалоону эске алуу менен 2017-2025-жылдарга мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2020-2022-жылдарга орто мөөнөттүү иш-аракеттер планына (II этап) кирген иш-чараларды аткаруу камсыздалсын | Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун баалоону эске алуу менен 2017-2025-жылдарга мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2020-2022-жылдарга орто мөөнөттүү иш-аракеттер планына (II этап) кирген иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу | 2021-2025-жылдар ичинде | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
3 | Эсептешүү системасын жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү автоматташтырылсын | Эсептешүү системасын жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнү автоматташтыруу | 2021-жылдын III кварталы | ФМ, МТБМК |
4 | Министрликтер жана ведомстволор тарабынан бекитилген программалык бюджеттердин ишке ашырылышын жана натыйжалуулук индикаторлорун аткаруу жөнүндө тиешелүү отчетторду берүүнү контролдоо камсыздалсын | Бекитилген программалык бюджеттерди ишке ашыруу боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна аткаруу жөнүндө тийиштүү отчетту берүүнү камсыз кылуу | туруктуу негизде | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
5 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун жалпы түзүмүндө казыналык облигациялардын эмиссияларынын оң динамикасын өнүктүрүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл буруу менен 2018-2020-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясында белгиленген иш-чараларды аткаруу камсыздалсын | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу боюнча орто мөөнөттүү стратегиясын кезектеги кийинки мезгилге жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
6 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана эл аралык стандарттардын ченемдерине ылайык мамлекеттик карыз боюнча отчетко республиканын карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу, түзүү жана чагылдыруу камсыздалсын | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык мамлекеттик карыз боюнча финансылык отчетко (бухгалтердик баланска) Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерин финансылык эсепке алуу, түзүү жана чагылдыруу боюнча методологияны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2021-жылдын IV кварталы | ФМ |
7 | Электрондук сатып алуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 "Электрондук каталог аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен каралган электрондук каталогду түзүү жана башкаруу камсыздалсын | Электрондук сатып алуулар үчүн электрондук каталог түзүү | туруктуу негизде | ФМ |
8 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган бюджеттик системанын принциптерине ылайык аларды даярдоонун бардык этаптарында бюджеттик маалыматтын ачык-айкындуулугун сактоо максатында КРӨ менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кароо баскычтарында республикалык бюджетке киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо маалыматтар базасын түзүү боюнча чараларды көрүү | КРӨ менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кароо баскычтарында республикалык бюджетке киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо маалыматтар базасын түзүүнү камсыздоо | 2021-жылдын I кварталы | ФМ, МТБМК |
9 | 2019-жылы мамлекеттик мүлктү пайдалануудан жана башкаруудан түшпөй калган 460,3 млн. сом суммасындагы төлөмдөрдүн, "Бишкек машинакуруу заводу" ачык акционердик коому боюнча 11,5 млн. сом суммасындагы дивиденддердин, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИнин таза кирешесинен 191,1 млн. сом суммасындагы чегерүүлөрдүн; "РСК Банк" ачык акционердик коомунун дивиденддер боюнча 125,5 млн. сом суммасындагы карызынын, жеке юридикалык жана жеке жактардын ижара акысы боюнча 34,3 млн. сом суммасындагы карыздарынын республикалык бюджеттин кирешесине түшүшү боюнча чараларды көрүү | Республикалык бюджеттин кирешесине төмөнкүлөрдүн түшүшүн камсыз кылуу: - мамлекеттик мүлктү пайдалануудан жана башкаруудан - 460,3 млн. сомдун; - "Бишкек машинакуруу заводу" ачык акционердик коому боюнча - 11,5 млн. сом суммасындагы дивиденддердин; - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИнин таза кирешесинен - 191,1 млн. сом суммасындагы чегерүүлөрүнүн; - "РСК Банк" ачык акционердик коомунун дивиденддер боюнча - 125,5 млн. сом суммасындагы карызынын; - жеке юридикалык жана жеке жактардын ижара акысы боюнча - 34,3 млн. сом суммасындагы карыздарынын | 2021-жылдын I-II кварталы | ММБФ, ФМ |
10 | КРӨнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө нускаманы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 114-беренесине ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүү | КРӨнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" нускаманы күчүн жоготту деп таануу тууралуу КРӨнүн токтомунун долбоорун демилгелөө | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
11 | КРӨнүн 2011-жылдын 22-январындагы № 473, 2017-жылдын 4-майындагы № 253, 2018-жылдын 7-майындагы № 227 токтомдоруна ылайык министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин штаттык санын шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрүү | КРӨнүн 2011-жылдын 22-январындагы № 473, 2017-жылдын 4-майындагы № 253, 2018-жылдын 7-майындагы № 227 токтомдоруна ылайык министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин штаттык санын инвентаризациялоо | 2021-жылдын II кварталы | МКК (макулдашуу боюнча), ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
12 | Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары тарабынан казыналыктын "Мыйзамсыз алынгандыгы сот органдары тарабынан аныкталган суммалар" жана "1996-1998-жылдардан тартып ырастоочу булактары жок суммалар" эсептериндеги суммалардан республикалык же жергиликтүү бюджеттерге эсепке киргизилүүгө тийиш суммаларды тактоо, ошондой эле сот органдары тарабынан мыйзамсыздыгы аныкталган 280,7 млн. сомго аныкталбаган суммалар боюнча салыштыруу актыларын жүргүзүү чараларын көрүү | Казыналыктын "Мыйзамсыз алынгандыгы сот органдары тарабынан аныкталган суммалар" жана "1996-1998-жылдардан тартып ырастоочу булактары жок суммалар" эсептериндеги суммаларды, ошондой эле сот органдары тарабынан мыйзамсыздыгы аныкталган 280,7 млн. сомго аныкталбаган суммаларды инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына эсептен чыгаруу боюнча сунуштарды киргизүү | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
13 | Баланстан тышкаркы депозиттик эсептерди мамлекеттин активдерине которуу боюнча чараларды көрүү | Баланстан тышкаркы эсептердеги каражаттарды пайдалануу боюнча сунуштарды киргизүү | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
14 | КРӨнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы баланстан тышкаркы депозиттик эсептериндеги каражаттардын калдыктарына кошуп эсептелген пайыздарды эсептөөлөрдү салыштырып текшерүү боюнча чараларды көрүү жана анын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын аягына карата 700,1 млн. сомду түзгөн пайыздардын суммасын республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | KfW банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы баланстан тышкаркы эсептерге эсепке киргизилген эсептелген пайыздардын суммаларын которуу (утурлама фонддор) | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
15 | Мамлекеттик тышкы карыздын аныктыгын камсыз кылуу максатында тышкы кредиторлор менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү боюнча чараларды көрүү жана жыйынтыгында мамлекеттик карыз боюнча маалыматтар базасына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү | Мамлекеттик карызды эсепке алуунун жана контролдоонун бирдиктүү базасын жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик тышкы карыздын аныктыгын камсыз кылуу максатында тышкы кредиторлор менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү | 2021-жылдын I-II кварталы | ФМ |
16 | Россия Федерациясынан гранттык жардам түрүндө алынган расмий трансферттер боюнча каражаттардын кыймылын салыштырып текшерүү боюнча чараларды көрүү жана анын жыйынтыгы боюнча отчетко тиешелүү оңдоолорду киргизүү | Россия Федерациясынан алынган гранттар боюнча салыштырып текшерүү жүргүзүү | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
17 | Республикалык бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрүн мурдагы циклдарда жана КРӨнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Тартипте каралган тийиштүү жылдагы көрсөткүчтөрдүн 3 пайызынан ашык эмес төмөндөтүү каралган Бюджеттик кодекстин 89-беренесине ылайык республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнү жана тийиштүү бюджеттик жылда бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ишке ашыруу | КРӨнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин сактоону камсыз кылуу | туруктуу негизде | ФМ |
18 | Тийиштүү бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын беренелеринде каралган каражаттардын көлөмүнө ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесин түзүүнү ишке ашыруу | КРӨнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобого, кредитордук жана дебитордук карыздар бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
19 | Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген параметрлерде, же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик мыйзамдардын маселелерин тейлеген профилдик комитети менен макулдашуу боюнча максаттуу трансферттерди бөлүүнү (өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин) ишке ашыруу | КРӨ чечими менен белгиленген тартипте Максаттуу трансферттерди бөлүү боюнча регламентти иштеп чыгуу жана бекитүү | 2021-жылдын IV кварталы | ФМ |
20 | Республикалык бюджеттен салыктык эмес кирешелерди Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 26-беренесинин 1-пунктуна ылайык кайтарууну ишке ашыруу | Мамлекеттик кирешелерди эсепке алууда Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин талаптарын аткарууну камсыз кылуу | туруктуу негизде | ФМ |
21 | Чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо механизмин иштеп чыгуу жана КРӨнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү | КРӨнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибине тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
22 | Максаттуу трансферттерди бөлүүдө акыйкат эсептөөнү жана бирдиктүү ыкманы камсыздоо үчүн Максаттуу трансферттерди бөлүү критерийлерин жана алардын көлөмүн аныктоочу методиканы аныктаган ченемдик актыны иштеп чыгуу | Максаттуу трансферттерди бөлүүдө акыйкат эсептөөнү жана бирдиктүү ыкманы камсыздоо үчүн максаттуу трансферттерди бөлүү критерийлерин жана алардын көлөмүн аныктоочу методиканы аныктаган ченемдик актыны иштеп чыгуу | 2021-жылдын IV кварталы | ФМ |
23 | Эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карызды башкаруу системасын баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик карыздын абалын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында республиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын негизинде карыз саясатынын көрсөткүчтөрүн жана ага мониторинг жүргүзүүнү методологиялык камсыздоо | Жаңыланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясында эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карызды башкаруу системасын баалоонун көрсөткүчтөрүн кароо | 2021-жылдын IV кварталы | ФМ |
24 | Трансферттер же тышкы инвестициялар катары кредиттик жана гранттык жардамдын агымын аныктоо менен "программалык жардам" жана "мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору" түшүнүктөрүн бекемдөөчү методологиялык документтерди иштеп чыгуу | "Программалык жардам" жана "мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору" түшүнүктөрүн иштеп чыгуу жана ченемдик акты менен бекитүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
25 | Түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ФМ консолидацияланган балансы үчүн натыйжалуу талдоону жана маалыматтарды контролдоону камсыздоочу бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу | Натыйжалуу талдоону жана маалыматтарды контролдоону жүргүзүү үчүн түзүмдүк бөлүмдөр үчүн бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча методикалык рекомендацияларды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
26 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 110-беренесине ылайык, эмгек акыны төлөөнүн айлык эсептик фондуна жараша кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга киргизилүүчү жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчалардын көлөмү боюнча маселени кароону КРӨгө демилгелөө | ФМ буйругу менен жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчалардын көлөмүн эсептөө методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
27 | Тиешелүү бюджеттик жылга курулуштардын жана объекттердин тизмесинде подряддык уюмдар менен акыркы эсептөөлөр үчүн бүткөрүлгөн объекттер боюнча кредитордук карыздардын суммасын төлөөнү милдеттүү тартипте кароо | КРӨнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2021-жылдын I кварталы | Курулуш агенттиги |
28 | Ички карыз боюнча отчётто чагылдырылган карызды, 34,3 млн. сом суммасындагы котормо векселди, 664,0 млн. сом суммасындагы калктын аманаттарын индексациялоо боюнча милдеттенмелерин жана 92,4 млн. сом суммасындагы бюджет алдында дебитордук карызын бюджеттик мыйзамдардын ырастоочу материалдар менен алардын негиздүүлүгүн кароочу ченемдерине ылайык келтирүү | Ички карыз боюнча отчетто чагылдырылган карыздар боюнча документтерди тууралоону жүргүзүү | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
29 | Каражаттар өз убагында өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн комиссиондук төлөмдөр түрүндө республикалык бюджеттен жоготууга жол бербестен, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча администрациялоону күчөтүү, ошондой эле кошумча төлөмдөрдү алуу | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлоруна карата аткаруучу агенттиктердин жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү | 2021-жылдын III кварталы | ФМ, ЭМ, ТЖМ, Суу агенттиги, Курулуш агенттиги, ӨЭЖМК, шаардык мэриялар (макулдашуу боюнча) |
30 | 238,3 млн. сом суммасында МБКнын атайын каражаттарынын эсебине келип түшкөн транспорттук каражаттарды бажылык коштоо боюнча жыйымдарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине ылайык республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | 238,3 млн. сомду республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которуу | 2021-жылдын I кварталы | МБК |
31 | 17676,6 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде жайгашкан KfW программасынын мөөнөттүү депозиттер каражаттары боюнча пайыздардын калдыгын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине ылайык республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | KfW банкы менен макулдашуу жана 17676,6 миң сом суммасындагы мөөнөттүү депозиттердин каражаттары боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которуу | 2021-жылдын II кварталы | ФМ |
32 | Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдарды алып салуу менен 2020-жылдын 1-январына карата 13,6 млн. сомду түзгөн коммерциялык банктардагы долбоорлордун атайын эсептериндеги каражаттардын калдыгына карата пайыздарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине ылайык республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө чыгымдарды алып салуу менен 2020-жылдын 1-январына карата 13,6 млн. сомду түзгөн коммерциялык банктардагы долбоорлордун атайын эсептериндеги каражаттардын калдыгын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн эсебине киргизүү | 2021-жылдын III кварталы | ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
33 | Каржылоодо "Эмгек акы" беренеси боюнча сметалык дайындоолорду кредитордук карыздан дебитордук сумманын: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 850,3 миң сомго; КРЖКИБ 278,0 миң сомго; КРЖКИБ гаражы 93,3 миң сомго; КРПӨИБ 556,2 миң сомго; Улутстатком 50,8 миң сомго; Мамфинкөзөмөл 5,4 миң сомго, бардыгы 1834,0 миң сомго ашып кетүүсүн эсепке алуу (бюджетти калыбына келтирүү) | "Эмгек акы" беренеси боюнча кредитордук карыздан дебитордук сумманын ашып кетүү каражаттарын бюджетке калыбына келтирүү: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - 850,3 миң сом; - КРЖКИБ - 278,0 миң сом; - КРЖКИБ гаражы - 93,3 миң сом; - КРПӨИБ - 556,2 миң сом; - Улутстатком - 50,8 миң сом; - Мамфинкөзөмөл - 5,4 миң сом | 2021-жылдын I кварталы | КРЖКИБ (макулдашуу боюнча), КРПӨИБ (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча), Мамфинкөзөмөл |
34 | Каржылоодо республикалык бюджеттен демилге берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу региондордогу объекттерде аткарылган иштердин көлөмүнүн 1021,3 миң сомго ашып кетүү калдыгын эсепке алуу (бюджетти калыбына келтирүү) | Республикалык бюджеттен демилге берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу региондордогу объекттерде аткарылган иштердин көлөмүнүн 1021,3 миң сомго ашып кетүү калдыгын бюджетке калыбына келтирүү | 2021-жылдын I кварталы | ФМ |
35 | Каржылоодо КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бузуу менен чыгымдалган КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 72,6 миң сомду жана КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан - 236,0 миң сомду эсепке алуу (бюджетти калыбына келтирүү) | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бузуу менен чыгымдалган каражаттарды бюджетке калыбына келтирүү: - Баткен облусу - 72,6 миң сом; - Ош облусу - 236,0 миң сом | 2021-жылдын I кварталы | ФМ, КРӨнүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү |
36 | Каржылоодо товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын чегерүү жүргүзүү жана каражаттардын калдыктарынын эсептешүүлөрдө ашып кетиши ССМ караштуу ведомстволук мекемелер боюнча кредитордук карыздан дебитордук сумманын 6780,1 миң сомго; КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты боюнча 94,3 миң сомго; КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты боюнча - 34,5 миң сомго ашып кетүүсүн Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык эсепке алуу (бюджетти калыбына келтирүү) | Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын чегерүүнү жүргүзүү: - ССМ караштуу ведомстволук мекемелер боюнча - 6780,1 миң сом; - КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты боюнча - 94,3 миң сом; - КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты боюнча - 34,5 миң сом | 2021-жылдын I кварталы | ФМ, ССМ, КРӨнүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү |
37 | Каржылоодо 2020-жылдын 1-январына карата министрликтер менен ведомстволордун кассаларындагы каражаттардын 4541,2 миң сом суммасындагы калдыктарын, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - 332,1 миң сомду; КРӨА - 2942,9 миң сом; КРПӨИБ - 1266,2 миң сомду эсепке алуу (бюджетти калыбына келтирүү) | Сметалык дайындоолор боюнча азайтуу: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - 332,1 миң сом; - КРӨА - 2942,9 миң сом; - КРПӨИБ - 1266,2 миң сом | 2021-жылдын I кварталы | ФМ, КРЖКИБ (макулдашуу боюнча), КРПӨИБ (макулдашуу боюнча) |
38 | Каржылоодо 2020-жылдын 1-январына карата 13,0 млн. сомду түзгөн "Балага сүйүнчү" акчалай жөлөкпулду төлөөгө республикалык бюджеттен каржыланган каражаттардын калдыгын эсепке алуу | ЭСӨМ бюджетинин сметалык дайындоолорун 13,0 млн. сомго азайтуу | 2021-жылдын I кварталы | ФМ, ЭСӨМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; |
КРӨА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты; |
КРЖКИБ | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы; |
КРПӨИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
Суу агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
МИ | - | мамлекеттик ишкана. |