Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-декабры № 618
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
1) аталышындагы "республикалык бюджетинин" деген сөздөр "бюджеттик системасынын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин (мындан ары - бюджеттик системанын бюджеттери)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-пунктунда:
- төртүнчү абзацы "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле анын ведомстволук бөлүмү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи абзацы "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
- онунчу абзацындагы "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош бюджеттик каражаттары - бул учурдагы бюджеттик жылдын чегинде конкреттүү датага карата кассалык түшүүлөрдүн кассалык төлөмдөрдөн ашып кетүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик системанын бюджеттеринин акча каражаттарынын калдыгы;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"бюджеттер аралык трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бир деңгээлдеги бюджетинен башка деңгээлдеги бюджетине берилүүчү бюджеттик каражаттар;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, аткаруу функцияларын координациялык жөнгө салууга жана аткарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин аймактык органы.";
4) 4-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтарындагы "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 5-пунктунда:
- "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "жана аймактык бөлүм" деген сөздөр менен толукталсын;
- "республикалык бюджеттин убактылуу бош каражаттарын эсепке алып түзөт" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын эсепке алуу менен түзүшөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча келерки айга план ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан тийиштүү бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен биргеликте кирешелердин классификациясына ылайык бардык булактар боюнча түзүлөт.";
7) 7-пунктундагы "Республикалык бюджеттин" деген сөздөр "Бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кассалык планды түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм бюджеттик маалыматтарга, бюджеттик системанын бюджеттеринин жалпы чыгымдарындагы алардын үлүшүнө, ошондой эле Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын калдыгына ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, тескөөчүлөрү боюнча чыгымдардын жалпы суммасын бөлүштүрүшөт.";
9) 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Республикалык бюджеттин кассалык планын түзүүдө учурдагы мезгилге ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтар да пайдаланылат.
Жергиликтүү бюджеттер боюнча кассалык планды түзүүдө МКТЧдан (мамлекеттик карызды тейлөөгө чыгымдар) жана СФТдан (Социалдык фондго трансферттер) тышкары, кассалык пландоонун бирдиктүү формуласын колдонуу сунушталат.";
10) 10-пунктунун биринчи абзацындагы "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 11-пунктунда:
- "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "жана аймактык бөлүм" деген сөздөр менен толукталсын;
- "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 12-пунктундагы "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 13-пунктунда:
- "Түзүлгөн кассалык план" деген сөздөр "Республикалык бюджеттин түзүлгөн кассалык планы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү бюджеттин түзүлгөн кассалык планы жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча аймактык башкармалыктардын начальниктери тарабынан бекитилет.";
14) 17-пункту:
- "экономикалык" деген сөздөн кийин ", ведомстволук, функциялык жана программалык" деген сөздөр менен толукталсын;
- "административдик ведомстволордун" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 20-пунктунда:
- "Республикалык бюджеттин" деген сөздөр "Бюджеттик системанын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "жана аймактык бөлүм" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 21-23-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан төмөнкү иш жүзүндөгү маалыматтарды эске алуу менен кассалык пландын аткарылышына күн сайын талдоо жүргүзүлөт:
- бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүчү ресурстары жөнүндө;
- бюджеттик каражаттардын алуучулары тарабынан жүргүзүлгөн кассалык чыгымдар жөнүндө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсебиндеги тиешелүү бюджеттин бюджеттик каражаттарынын калдыктары жөнүндө.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм келерки айга карата оптималдуу кассалык планды түзүү үчүн тандалып алынган деталдаштыруу деңгээли менен ведомстволук, функциялык, экономикалык жана программалык классификация коддору боюнча отчеттук ай үчүн пландуу жана иш жүзүндөгү маалыматтарды салыштырып талдоо жүргүзүшөт.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрү ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |