Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 632
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруу процессин оптималдаштыруу, мамлекеттик акча каражатын оптималдуу пайдалануу үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында N 110 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин (мындан ары - бюджеттик системанын бюджеттери) кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кассалык пландоонун негизги максаты мамлекеттик акча каражатын пайдалануу үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү жана аларды жабуу боюнча өз учурунда иш-чараларды кабыл алуу максатында потенциалдуу кассалык айрымаларды аныктоо болуп саналат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр, терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
казынанын автоматташтырылган системасы (КАС) - республикалык бюджетти аткарууну кассалык тейлөө боюнча маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, кабыл алуу, сактоо жана казыналык системасында автоматташтырылган эсепке алуу жана отчет берүүнү камсыздоочу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттар, методдор жана жол-жоболордун комплекси;
авторизациялоо - электрондук санариптик кол тамга (ЭЦП) же логин менен паролдун жардамы менен төлөм документтеринин электрондук формаларына кол коюуда автоматташтырылган казыналык системасынын (АСК) пайдалануучулары тарабынан жүзөгө ашырыла турган иш-аракеттер;
бюджет ресурстарынын администратору - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын салыктык, салыктык эмес кирешелерин (ресурстарынын) эсептөө, жыйноо, эсепке алуу жана эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагында болгондугун контролдоо функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик орган, ошондой эле анын ведомстволук бөлүмү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
бюджеттик маалыматтар - жыйынды бюджеттик жазууда камтылган маалымат: бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (бюджеттик ресурстардын администраторлору) боюнча кирешелер, чыгымдар жана активдер жана милдеттенмелер боюнча пландык маалыматтар, ошондой эле бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери (БМЛ);
бюджеттик милдеттенме - бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга, келишимге же макулдашууга ылайык аныкталган милдеттерди аткарууну камсыз кылуу милдеттенмеси;
бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү - бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен аныкталган, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр менен алуучулардын ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
бюджетти кассалык аткаруу - кийин бөлүштүрүү үчүн бюджетке акча каражаттарын топтоо боюнча өндүрүштүк процесстерди уюштурууга, ошондой эле бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен байланышкан операцияларды эсепке алууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
кассалык план - бюджетке кассалык түшүүлөрдүн жана болжолдонуучу айдын ичинде бюджеттен кассалык төлөмдөрдүн болжолу;
кассалык чыгым - белгиленген тартипте бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан кабыл алынган жана бюджеттик системанын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен төлөөгө тийиштүү болгон бюджеттик милдеттенмелерди төлөө үчүн акча каражаттарын чыгымдоо боюнча операция;
бюджеттик милдеттенмелердин лимити (БМЛ) - алуучу тарабынан бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик каражаттардын чектик ченеми;
бюджеттик каражаттарды алуучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, тиешелүү органдын чечиминин же келишимдин негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укуктуу, аларды пайдалануу жана эсепке алуу үчүн жооптуу бюджеттик же башка мекеме;
бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош бюджеттик каражаттары - бул учурдагы бюджеттик жылдын чегинде конкреттүү датага карата кассалык түшүүлөрдүн кассалык төлөмдөрдөн ашып кетүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик системанын бюджеттеринин акча каражаттарынын калдыгы;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун, аткаруучу функцияларды координациялык жөнгө салууну жана аткарууну ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу борбордук органы;
электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) - ЭСКнын жабык ачкычын пайдалануу менен баштапкы маалыматты кайра түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭСКнын ачык ачкычын пайдалануучуга, ошондой эле ЭСКнын жабык ачкычынын ээсине бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөртүлбөстүгүн белгилөөгө мүмкүндүк берет.
бюджеттер аралык трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бир деңгээлдеги бюджетинен башка деңгээлдеги бюджетине берилүүчү бюджеттик каражаттар;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, аткаруу функцияларын координациялык жөнгө салууга жана аткарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин аймактык органы.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кассалык планды түзүү
4. Бюджеттик каражаттар боюнча кассалык план төмөнкүлөрдөн турат:
- бюджеттик жылдын башталышына карата бюджеттик системанын бюджеттеринин каражаттарынын калдыгы (бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен бекитилген кассалык жүгүртүү акчасы), ошондой эле келерки айдын башталышына карата каражаттардын калдыгы;
- келерки айга карата бюджеттик системанын бюджеттеринин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча план;
- бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу менен байланышкан келерки айга карата бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгымдары боюнча план.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм кассалык планды келерки айга карата алынган бюджеттик маалыматтардан такталган түшүүлөр планын жана чыгымдар планын пайдалануу менен, ошондой эле бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын эсепке алуу менен түзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча келерки айга план ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан тийиштүү бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен биргеликте кирешелердин классификациясына ылайык бардык булактар боюнча түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгымдары боюнча планды түзүү ведомстволук классификациянын тиешелүү коддору боюнча бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылат.
Республикалык бюджеттен каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелердин башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөр, алуучулар) болуп саналган бюджеттик каражаттарды алуучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү негиздемелери жана түшүндүрмөлөрү менен чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча каржылоого бир айлык муктаждыкты (өтүнмөлөр) берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кассалык планды түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм бюджеттик маалыматтарга, бюджеттик системанын бюджеттеринин жалпы чыгымдарындагы алардын үлүшүнө, ошондой эле Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын калдыгына ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, тескөөчүлөрү боюнча чыгымдардын жалпы суммасын бөлүштүрүшөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгымдардын жалпы суммасын бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, тескөөчүлөрү боюнча бөлүштүрүүдө алардын өздүк эсептеринде каражаттардын калдыктарынын болушун эске алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм кассалык планды түзүүдө потенциалдык кассалык айырманын көлөмүн (б.а. болгон ресурстарга төлөөнү ашырып жиберүү), ошондой эле бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарынын көлөмүн аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Потенциалдуу кассалык айырманын чоңдугун аныктоодо республикалык бюджеттин ликвиддүүлүгүнүн туруктуу деңгээлин камсыздоо боюнча минималдык талаптарга ылайык эсептелген бюджеттик системанын бюджеттеринин акчалай ресурстарынын минималдык (босоголук) калдыгы эске алынат.
Республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган түшүүлөрүнө жана чыгымдарына жараша каралып жаткан мезгилдин аягына карата республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыктары "оң" же "терс" мааниге ээ болушу мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн Бирдиктүү казыналык эсепте жайгаштырылган бюджеттик каражаттардын бош калдыктарын пайдаланууга укуктуу.
Бюджеттик жыл аяктагандан кийин республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы "оң" мааниге ээ болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Белгиленген формага ылайык түзүлгөн республикалык бюджеттин кассалык планынын долбоору Республикалык бюджеттин кассалык планын түзүү, жүргүзүү жана бекитүү маселелери боюнча бюджеттик комиссия (мындан ары - Бюджеттик комиссия) тарабынан каралат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан уюштурулат.
Бюджеттик комиссия тарабынан каралгандан кийин тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин кассалык планын бекитүү жөнүндө чечим протокол менен таризделет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдетин аткаруучуга кол коюуга киргизилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси республикалык бюджеттин каралган кассалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, же болбосо аны жеткире иштеп чыгууга жиберүүгө укуктуу.
Жергиликтүү бюджеттин түзүлгөн кассалык планы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча аймактык башкармалыктардын начальниктери тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бекитилген жана макулдашылган кассалык планга зарылдыгына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Айдын акырына карата толуктоолорду эске алуу менен такталган кассалык планы түзүлөт жана бекитилет. Бюджеттик жылдын акыркы айында кассалык планга толуктоолор 20сынан кечиктирбей киргизилет.
Республикалык бюджеттин кассалык планы бекитилгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдетин аткаруучунун тапшырмаларына ылайык кийин кассалык планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кечиктирилгис чыгымдарды каржылоону жүргүзүүгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бюджеттик маалыматтын ачыктыгын камсыздоо максатында, мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардан тышкары, республикалык бюджеттин кассалык планы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
3. Кассалык планды аткаруу
16. Бекитилген кассалык пландын чыгымдоо бөлүгүн аткаруу бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана бюджеттик каражаттардын алуучулары тарабынан ишке ашырылат.
17. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү) АСКда авторизациядан өтөт жана аны бюджеттик каражаттарды алуучулар боюнча кассалык пландын жана чыгымдардын экономикалык, ведомстволук, функциялык жана программалык классификация беренелери, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын квалификациясы боюнча ишке ашырат. Мында жеке социалдык жана милдеттүү чыгымдарды толугу менен камсыздоо үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Бюджеттик каражаттарды алуучулар боюнча пландуу маалыматтарды каттоодо, ошондой эле аларды өзгөртүүдө АСК киргизилген маалыматтын тууралыгын текшерет:
- пландалуучу чыгымдардын жалпы суммасынын бекитилген кассалык планына шайкеш келүүсү;
- бюджеттик каражаттардын алуучусунун бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине шайкеш келүүсү.
19. Бюджеттик каражаттардын алуучулары учурдагы мезгилге бөлүнгөн бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык кассалык пландын чегинде өздөрүнүн жеке эсептеринде кассалык чыгымдарды жана кабыл алынган (катталган) жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди ишке ашырышат.
20. Бюджеттик системанын бюджеттеринин кассалык аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча кассалык төлөмдөрдү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чаралар ресурстардын түшүү көлөмүнөн бюджет чыгымдарынын убактылуу ашып кетүүсүндө киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кассалык пландын аткарылышын талдоо
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан төмөнкү иш жүзүндөгү маалыматтарды эске алуу менен кассалык пландын аткарылышына күн сайын талдоо жүргүзүлөт:
- бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүчү ресурстары жөнүндө;
- бюджеттик каражаттардын алуучулары тарабынан жүргүзүлгөн кассалык чыгымдар жөнүндө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсебиндеги тиешелүү бюджеттин бюджеттик каражаттарынын калдыктары жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм келерки айга карата оптималдуу кассалык планды түзүү үчүн тандалып алынган деталдаштыруу деңгээли менен ведомстволук, функциялык, экономикалык жана программалык классификация коддору боюнча отчеттук ай үчүн пландуу жана иш жүзүндөгү маалыматтарды салыштырып талдоо жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, бюджеттик каражаттардын тескөөчүлөрү ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)