Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна) |
Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) багып алуучу үй-бүлөнү уюштуруунун жана баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө берүүнүн тартибин, багып алуучу үй-бүлөдөгү баланын (балдардын) жашоо шартына жана тарбиялануусуна мониторинг жана көзөмөл жүргүзүүнүн, ошондой эле багып алуучу үй-бүлөнү материалдык камсыздоонун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу орган - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде багып алуучу үй-бүлөлөрдү уюштурууну жана алардын аракетин координациялаган, мониторинг жүргүзгөн жана контролдогон, багып алган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргогон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган;
2) аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү;
3) арыз ээси (ээлери) - багып алуучу ата-эне болууну каалагандыгы тууралуу аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылган адам(дар);
4) багып алуучу ата-эне болууга талапкер(лер) (мындан ары -талапкерлер) - ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келүүчү жана Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары киргизилген арыз ээси;
5) багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоо үчүн берүү жөнүндө келишим (мындан ары - келишим) - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча багып алуучу үй-бүлөгө тарбияланууга берилген баланы (балдарды) багуу, билим берүү жана тарбиялоо шарттары боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган, аймактык бөлүмдүн жана багып алуучу ата-эненин (жубайлар же никеде турбаган жарандар) ортосундагы макулдашуу;
6) багып алуучу ата-эне же багып алуучу үй-бүлө - келишимдин негизинде багып алган баланы (балдарды) тарбиялаган Кыргыз Республикасынын жараны (же үй-бүлө);
7) багып алган бала - багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген бала (балдар);
8) багып алуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуу программасы (мындан ары - Даярдоо программасы) - ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген окуу программасы, ага ылайык багып алган балдарды кароо жана тарбиялоо боюнча багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо ишке ашырылат;
9) багып алуучу ата-энелерди даярдоо программасы боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат (мындан - ары сертификат) - багып алуучу ата-эне болууга талапкердин окуудан ийгиликтүү өткөндүгүн ырастоочу, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ;
10) баланын муктаждыктарын баалоо (мындан ары - муктаждыктарды баалоо) - баланын муктаждыктары, анын үй-бүлөлүк кырдаалы жөнүндө маалыматты чогултуу, талдоо процесси;
11) баланы коргоо боюнча жеке планы (мындан - ары Жеке план) - баланын жашоо-тиричилик кырдаалын баалоого жана талдоого ылайык иштелип чыккан, баланы коргоо боюнча иш-чараларды аныктоочу документ.
3. Багып алуучу үй-бүлөгө жашы жеткенге чейин төмөнкү балдар жиберилет:
1) жетим балдар;
2) ата-энелик укуктан ажыраган, ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелген балдар;
3) ата-энеси белгиленген тартипте жөндөмсүз же дайынсыз жок болуп эсептелген балдар;
4) ата-энеси соттолгон балдар;
5) балдардын жашоосуна, психикалык жана физикалык ден соолугуна коркунуч болгон үй-бүлөлөрдөн тезинен алынган (физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка дуушар болгон);
6) ата-энеси ден соолугунун айынан тарбиялай албаган жана бага албай калган балдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабай тарбиялоочу, дарылоо-алдын алуучу мекемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же башка ушул сыяктуу мекемелерде болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
7) 18 жашка жете элек энеси менен бирге 3 жашка чейинки балдар;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар.
4. Багып алуучу үй-бүлөдө балдарды багууну жана тарбиялоону камсыз кылуу үчүн аларды жайгаштыруунун төмөнкүдөй түрлөрү аныкталат:
1) тезинен жайгаштыруу - бир нече сааттан бир суткага чейинки мөөнөткө, эгерде бала коркунучта болсо же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ташталган болсо;
2) кыска мөөнөткө жайгаштыруу - бир айга чейинки мөөнөткө;
3) орто мөөнөткө жайгаштыруу - алты айга чейинки мөөнөткө;
4) мезгил-мезгили менен жайгаштыруу - бир нече күнгө, эс алуу күндөрүнө, каникулдарга;
5) узак мөөнөткө жайгаштыруу - алты айдан ашык мөөнөткө.
Балдарды багып алуучу үй-бүлөгө узак мөөнөткө тарбиялоого берүү, аларды асырап алууга же камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) берүүгө мүмкүн болбогон учурда ишке ашырылат.
2-глава. Багып алуучу үй-бүлөнү уюштуруу тартиби
5. Окуудан, тандоодон өткөн жана 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан ашпаган, багып алуучу ата-эне болууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун алышкан, Балдар иштери боюнча комиссия тарабынан (мындан ары - Комиссия) жактырылган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-11-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандары багуучу ата-энелер (ата-эне) боло алышат.
6. Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар арыз менен өзүнүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө багып алуучу ата-эне болууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө корутундуну алуу үчүн кайрылат.
7. Арыз түшкөн учурда аймактык бөлүм төмөнкүдөй аракеттерди аткарат:
1) арызды берген күнү каттайт, арыз ээси менен маектешет, багып алуучу үй-бүлө түзүүнүн талаптарын жана жол-жобосун түшүндүрөт;
2) талапкер менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү, жашы жете элек балдары менен маектешет, баланы (балдарды) алуу ниетин жана себептерин тактайт. Баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын үй-бүлөсүнө жок дегенде бир жолу баруу пландалбай, талапкерге кабарлабастан ишке ашырылат.
3) арыз ээсине төмөнкү документтерди топтоо зарылдыгы жөнүндө маалымат берет:
- арыз ээсинин (арыз ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
- никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса);
- жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугу (эгер никеде турса);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым кат;
- турак жайга менчик укугун ырастоочу документ, жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайды ижарага алуу жөнүндө келишим;
- жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу ички иштер органдарынын маалым каты;
- тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Тизмедеги оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдардын медициналык корутундусу, бул оорулар болгон учурда адам камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу), багып алуучу ата-эне, баланы асырап алуучу катары таанылышы мүмкүн эмес;
- иштеген жеринен мүнөздөмө, же жашаган жери боюнча кошуналардын пикирлери (3төн кем эмес).
4) бардык документтерди алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо, багып алуучу ата-энеге колдоо көрсөтүү боюнча минимумдук стандарттардын (мындан ары - Минимумдук стандарттар) талаптарын эске алуу менен жашоо шартын текшерет жана акт түзөт;
5) оң чечим чыгарылган учурда аймактык бөлүм арыз ээсин каттоого алат жана багып алуучу ата-эне болууга талапкерди даярдоо боюнча окуудан арыз ээсинин өтүшү үчүн ыйгарым укуктуу органга өтүнмө жиберет;
6) арыз ээсин ыйгарым укуктуу орган уюштурган окууга жиберет.
8. Баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын арызынын, турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын, өткөрүлгөн маектешүүнүн жыйынтыктарынын жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде, ошондой эле окуудан өткөндүгүнүн натыйжаларын эске алуу менен аймактык бөлүм багып алуучу ата-эне болууга талапкердин мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө корутунду даярдайт.
Багып алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду арыз түшкөн учурдан тартып 30 күнгө чейин даярдалууга тийиш.
Багып алуучу ата-эне болууга талапкердин статусун алуу, Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына аны багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары киргизүүгө негиз болуп саналат.
Корутунду даярдалган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык бөлүм арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберет.
Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер жаңыланбаса, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдар багып алуучу ата-эне болууга талапкердин статусун жоготушат жана багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан чыгарылууга тийиш.
9. Ыйгарым укуктуу орган багып алуучу ата-энелерди даярдоо максатында багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо боюнча окуу программасын бекитет, окутууну уюштурат жана окутуудан ийгиликтүү өткөн, багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерге сертификатты берет.
10. Аймактык бөлүм менен багып алуучу ата-эне болууга талапкердин ортосунда келишим түзүлөт. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Күбөлөндүрүлгөн келишимдин көчүрмөсү Комиссияга берилет.
11. Келишим багып алуучу ата-эненин демилгеси боюнча жүйөлүү себептер болгондо мөөнөтү бүткөнгө чейин бузулушу мүмкүн (багып алуучу үй-бүлөнүн милдеттерин аткарууга жол бербеген үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалынын өзгөрүшүндө, багып алуучу үй-бүлөдө баланы (балдарды) багууга, тарбиялоого жана окутууга жагымсыз шарттар пайда болгон учурда, багып алуучу ата-эне же үй-бүлөдөгү башка балдар менен баланын психологиялык ылайык келбестиги), ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн демилгеси менен багып алуучу ата-эненин бирөөсү катуу ооруга чалдыкканда же бири же экөөсү каза болгондо, багып алуучу ата-эне тарабынан Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келишим боюнча милдеттерин аткарбаган учурда Келишим бузулушу мүмкүн.
Багып алуучу ата-эне өз милдеттерин аткарбагандыктан Келишим бузулса, алардын кайрадан багып алуучу үй-бүлө түзүүсүнө баш тартууга негиз болот.
Келишимди бузууда багып алуучу үй-бүлөгө берилген кошумча материалдык-техникалык каражаттарды колдонуу маселелери тараптардын макулдугу менен чечилет, ал эми талаш пайда болгон учурда - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет.
12. Келишимдин шарттары бала берилген учурдан тартып күчүнө кирет жана багып алуучу үй-бүлөдөн бала чыкканда токтотулат.
3-глава. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү тартиби
13. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) жайгаштыруу баланын эң мыкты кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылат, бул анын туугандык байланыштарын сактоого, баланын оюн эске алууга, анын өөрчүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, кайсы этностон чыккандыгын, белгилүү бир динге жана маданиятка тиешелүүлүгүн божомолдойт.
Багуучу үй-бүлөдөгү балдардын жалпы саны өздөрүнүн жана багып алгандарды кошкондо, 5 адамдан ашпоого тийиш.
Бир тууган агалар, эжелер, аталаш же энелеш ага-эжелер багып алуучу бир үй-бүлөгө тарбияланууга берилет, балдар өзүнүн туугандыгы жөнүндө билбеген, чогуу жашоого жана тарбияланууга, ден соолугунун абалы боюнча бирге жашай жана тарбиялана албай турган учурларды кошпогондо, балдарды бөлүүгө болбойт.
14. Асырап алууга же камкордукка алууга (көзөмөлдүк кылууга) баланы (балдарды) берүү мүмкүн болбогон учурда, бала (балдар) багып алуучу үй-бүлөдө жашы жеткенге чейин жайгаштырылышы мүмкүн.
15. Баланы узак мөөнөттүү мезгилге жайгаштырганда багып алган ата-энелердин жаш курагы эске алынат, алардын курагы багып алган бала (балдар) 18 жашка чыккан мезгилде 65 жаштан (багып алган ата-энелердин бири) жогору болбошу керек.
16. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого 3 жашка чыга элек баланы жайгаштырууга багып алган ата-эненин бири иш менен толук алектенбеген учурда жол берилет.
17. Багып алуучу үй-бүлөгө 10 жашка чыккан баланы жайгаштыруу тууралуу чечим баланын оюн эске алуу менен кабыл алынат. Бала макул болбогон учурда аймактык бөлүм балага башка багып алуучу үй-бүлөнү сунуш кылуу чараларын көрөт.
18. Багып алган бала (балдар) тарбияланып жаткан үй-бүлөгө баланы (балдарды) узак мөөнөткө жайгаштыруу, багып алуучу ата-энелердин жана баланын (балдардын) макулдугу менен жүргүзүлөт.
19. Баланы жайгаштыруу үчүн багып алуучу үй-бүлөнү тандоо ушул жобонун 13-17-пункттарына ылайык, ден соолукка, билим алууга, социалдык байланыштарга, эмоциялык жана жүрүм-турумдук өнүгүшүнүн деңгээлине, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө муктаждыктарын баалоону камтыган баалоонун жыйынтыктарынын негизинде, ошондой эле аймактык жакындыкты эске алуу менен жүргүзүлөт.
20. Баланын керектөөлөрүн баалоону аймактык бөлүмдүн кызматкери менен үй-бүлөлүк дарыгер, бала жашаган (жайгашкан) жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өкүлү менен бирге жүргүзүлөт. Баалоо багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырууга баланы даярдоо мезгилинде 10 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Баалоонун жүрүшүндө үй-бүлөлүк дарыгер баланы медициналык кароодон өткөрөт, керек болгон учурда кошумча текшерет, медициналык кызмат көрсөтүүнү уюштурат, баланын (балдардын) ден соолугунун абалы, анын физикалык өнүгүүсү, багуусуна карата сунуштар тууралуу жазуу жүзүндөгү корутундуну даярдайт.
Бала барган билим берүү уюмунун жетекчиси баланын (балдардын) билиминин деңгээли жөнүндө маалым катты, анын өсүшүн жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, баланы тарбиялоо боюнча сунуштарды берет.
21. Баланы (балдардын) тезинен жайгаштыруу керек болгон учурда аймактык бөлүмдүн кызматкери медициналык кароону бала (балдардын) багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырууга чейин уюштурат, ал эми керектөөлөрүн баалоо бала багып алуучу үй-бүлөдө болгон биринчи жумасында жүргүзүлөт.
22. Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө узак жана орто мөөнөттүү жайгаштырууга берүү жөнүндө чечимди аймактык бөлүм Комиссия менен макулдашып кабыл алат, ал эми жайгаштыруунун башка түрлөрүндө багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) жайгаштыруу макулдашуусуз, аймактык бөлүмдүн чечими менен ишке ашырылат.
Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө чечим аймактык бөлүмдүн буйругу түрүндө таризделет.
23. Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө берүү келишиминин негизинде аймактык бөлүмдүн кызматкери жана багып алуучу үй-бүлөнүн жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
24. Тезинен жайгаштыруу учурларынан тышкары аймактык бөлүм багып алуучу ата-энелерге төмөнкүдөй документтерди берет:
1) баланы багып алуучу үй-бүлөгө берүү тууралуу чечимди (буйруктун көчүрмөсүн);
2) баланын (балдардын) төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү;
3) багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырган учурда баланын (балдардын) ден соолугунун абалы тууралуу маалым катты;
4) баланын (балдардын) медициналык картасын (бар болсо);
5) бир туугандары бар экендиги жана алардын жайгашкан жери тууралуу маалыматты (бар болсо);
6) баланын (балдардын) билиминин деңгээли жөнүндө маалыматты, анын өсүшүнүн жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, баланы тарбиялоого тиешелүү сунуштарды;
7) баланы коргоо боюнча жеке планды же реабилитациялоонун жекече планын (эгерде балада майыптыктын белгилери болсо);
25. Аймактык бөлүм багып алынган баланын өздүк ишин тариздейт, анда ата-энесинин камкордугусуз калган баланын статусун тастыктоочу документтер, баланын мүлктүк укуктарын, алимент алууга укуктарын, социалдык төлөмдөрдү алууга укуктарын ырастоочу документтер, ошондой эле ушул Жобонун 24-пунктунда аталган документтердин көчүрмөлөрү сакталат.
Багып алган бала жөнүндө жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугун камсыздайт, багып алган баланы коргоо маселелерине тиешеси жок адамдарга маалыматтын жетүүсүн чектейт.
26. Баланын (балдардын) ушул Жобонун 24-пунктунда аталган документтеринин жоктугу баланы багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу үчүн тоскоолдук болуп эсептелбейт.
4-глава. Багып алуучу үй-бүлөдөгү баланын (балдардын) укуктары, багып алуучу үй-бүлөдөгү баланын (балдардын) жашоо шартына жана тарбиялануусуна мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү
27. Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу багып алуучу ата-энелер менен балдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мурастык жана башка укуктук мамилелерге алып келбейт.
28. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын (балдардын) ага тиешелүү алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөрдү алуу укугу, ошондой эле турак жайга менчик укугу же турак жайды пайдаланууга укугу сакталат, турак жай жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык турак жай алуу укугуна ээ болот.
29. Багып алуучу үй-бүлөдөгү бала (балдар) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- эгерде баланын (балдардын) кызыкчылыгына карама-каршы келбесе, аны ата-энеси, тууган-туушкандары менен байланыштырууга;
- анын толук кандуу өсүп-өнүгүшү үчүн жайлуу жашоосун жана шарттарды камсыз кылууга;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- өзүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана таламдарын өнүктүрүүгө;
- окууда квалификациялык жардам алууга жана өсүп-өнүгүшүндө болгон көйгөйлөрүн чечүүгө;
- өзүнүн ой-пикирин билдирүүгө жана аны эсепке алынышын талап кылууга;
- дем алыш, майрам күндөрү жана каникул учурунда эс алууга, бош убакытты уюштурууга;
- физикалык жана психикалык зомбулуктун бардык формаларынан, кордук көрсөтүүдөн коргоого;
- балага багып алуучу үй-бүлөдө келтирилген травмалар же ырайымсыз мамиле кылуу фактылары жөнүндө аймактык бөлүмгө билдирүүгө.
30. Ата-энелердин бала (балдар) менен байланышуусуна аймактык бөлүмдүн кызматкеринин макулдугу менен жол берилет жана зарыл болгон учурда аймактык бөлүмдүн социалдык кызматкеринин байкоосу астында жүргүзүлөт.
31. Биологиялык ата-энеси тараптан ар кандай түрдөгү зомбулук (моралдык зомбулук, дене бойлук зомбулук ж.б., ата-энесинин мас абалда келиши) болгон учурда алар менен байланышуудан баш тартылышы мүмкүн.
32. Талаш-тартыш учурларда бала (балдар) менен анын ата-энесинин жана тууган-туушкандарынын ортосундагы баарлашуунун тартиби аймактык бөлүм тарабынан аныкталат.
33. Багып алуучу ата-эне ата-энелердин, камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) бардык укуктарына жана милдеттерине ээ болот, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды кошпогондо:
1) баланын (балдардын) мүлктүк укуктарын коргоо боюнча (баланын учурдагы багуусуна төлөнүүчү акча каражаттарын башкаруу укугунан тышкары);
2) сотто ата-энелерин ата-энелик укугунан ажыратуу (чектөө), камкорчулук же көзөмөлчүлүк тууралуу иштер каралган учурда сотто баланын (балдардын) кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча;
3) баланын (балдардын) Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү жөнүндө маселени чечүү боюнча.
34. Аймактык бөлүмдүн кызматкери:
1) багып алуучу үй-бүлөдө бала болгон күндөн тартып алгачкы 10 күндүн ичинде багып алуучу ата-энелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын пикирин эске алуу менен баланын муктаждыктарын баалоонун жүрүшүндө алган жыйынтыктардын негизинде Жеке план иштеп чыгат;
2) багып алуучу үй-бүлөгө бала жайгаштырылган биринчи жумада барат, андан кийин керектүү учурларда, бирок (кыска мөөнөттөгү жайгаштырууда) бир айда бир жолудан кем эмес жана (жайгаштыруунун башка түрлөрүндө) үч айда бир жолудан кем эмес барып турат;
3) багып алган баланын (балдардын) укуктарын сактоону, баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү боюнча багып алуучу ата-энелерге жүктөлгөн милдеттердин минимумдук стандарттарга жана келишимге ылайык аткарылышын контролдойт;
4) баланы жайгаштыруунун түрүнө жараша жылына бир жолу же жарым жылда бир жолу багып алуучу ата-энелердин ишине баа берет;
5) багып алуучу үй-бүлөдөгү балага (балдарга) алимент, пенсия, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү алуу максатында бала (балдар) жашы жеткенге чейин депозиттик топтоо эсебин ачат. Жашы жеткен убакытка чейин баланын (балдардын) эсебиндеги акча каражаттарын колдонууга уруксат берилбейт. Баланын өмүрүн же ден соолугун сактоо керек болгон учурда, анын эсебиндеги акча каражаттарын колдонуу Комиссиянын макулдугу менен ишке ашырылат.
35. Багып алуучу үй-бүлөдө баланын (балдардын) жайгаштырылышы төмөнкү учурларда токтотулат:
1) бала (балдар) он сегиз жашка жеткенде;
2) баланы (балдарды) биологиялык ата-энесине (алардын ордуна болуучу адамдарга) кайтарууда, асыроого берүүдө, балага (балдарга) камкордукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөдө;
3) келишим токтотулганда.
Багып алуучу ата-эне өзүнүн милдеттерин аткарбагандыктан, келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, багып алуучу ата-эне башка баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө кайрадан кабыл ала албайт.
Баланы биологиялык ата-энелерине (баланын камкорчуларына, көзөмөлчүлөрүнө жана асыроочуларына) берүү аймактык бөлүмдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамынын катышуусунда жүргүзүлөт.
5-глава. Багып алуучу үй-бүлөнүн материалдык камсыздоосу
36. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген баланын (балдардын) багуусун жана багып алган ата-энелердин эмгек акысын каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
37. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген ар бир баланы багууга төлөмдөр, келген финансылык жылдын мурдагы жылынын IV кварталы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тиешелүү жаш курактагы балдар үчүн эки жашоо минимуму өлчөмүндө белгиленет.
Кошумча алынган балдарды багууга кеткен чыгымдар ар бир балага эсептелет.
38. Баланы тарбиялагандыгы үчүн багып алуучу ата-эненин бирөөсүнө келген финансылык жылдын мурдагы жылынын IV кварталына ишке жарамдуу курактагы калк үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген жашоо минимумунун 1,5 өлчөмүндө ай сайын эмгек акы төлөнөт.
Эгерде багып алган үй-бүлөгө эки жана андан ашык балдар тарбиялоого берилген болсо, же берилүүчү балдардын арасында бир жашка чейинки бала, майыптуулугу бар бала, жашы жете элек кош бойлуу кыз, АИВ-инфекция жугузган бала бар болсо, багып алган ата-эненин ар айдагы базалык компенсациясына кошумча ар бир мындай бала үчүн 10 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет. Мында суммалык жактан алганда багып алган ата-энеге ай сайын базалык компенсациядан үстөктүн өлчөмү 50% жогору болбоого тийиш.
39. Баланы (балдарды) багууга жана багып алган ата-энелердин эмгек акысы келишимге кол коюлган күндөн тартып дайындалат.
Жобонун ушул пунктунда каралган төлөмдөр аймактык бөлүм тарабынан багып алуучу ата-эненин банктык эсебине которулат.
40. Эмгек акыга кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери жана башка социалдык төлөмдөр белгиленген бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашаган адамдарга бала багуу үчүн жана багуучу ата-энелердин эмгегине ай сайын акы төлөө өлчөмдөрү коэффициенттерди эске албай эсептелет.
|
| Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоого берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
__________________________________ (калктуу пункттун аталышы) |
| "___" ______________ 20__ж. № _______ |
_________________________________________________________________________________
(балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
_____________________________________________________________________________атынан
(аты-жөнү, кызматы)
_________________________________________, мындан ары "аймактык бөлүм" деп аталуучу жана
жаран _____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, төрөлгөн жылы, күнү, айы
_________________________________________________________________________________
паспорт, серия, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
жаран _______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, күнү, айы, төрөлгөн жылы,
_________________________________________________________________________________
(паспорт, серия, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_____________________________________________________________________________, төмөнкү
даректе жашаган _______________________________________________________________________
(облус, район, шаар, көчө)
мындан ары "багып алуучу ата-энелер" деп аталуучу, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Келишимдин предмети багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын (балдардын) багуу жана тарбиялануу маселелеринде Тараптардын шарттарын, укуктарын жана милдеттерин аныктоо болуп эсептелет.
2. Баланы багып алуучу үй-бүлөгө берүү ушул Келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Багып алуучу ата-энелердин (ата-эненин) укуктары жана милдеттери
3. Багып алуучу ата-энелердин төмөнкүлөргө укугу бар:
1) багып алуучу үй-бүлөгө берилүүчү баланын ден соолугу, психологиялык абалы жана дене-бою жактан өсүп-өнүгүүсү жөнүндө маалымат алууга;
2) баланы коргоо боюнча жеке планды (мындан - ары Жеке план) иштеп чыгууга (кайра карап чыгууга), багып алган балага (балдарга) тиешелүү маселелерди чечүүдө Жеке планды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) багып алган балага тарбия берүүнүн формаларын жана методдорун өз алдынча аныктоого, багып алуучу баланын (балдардын) жашоо-турмушундагы учурдагы маселелерин Жеке планга ылайык чечүүгө;
4) билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо системасынын, укук коргоо органдарынын адистеринен баланы тарбиялоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча тиешелүү органдарга кайрылууга, консультация алууга;
5) окутуудан өтүүгө, кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатууга;
6) багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын жана багып алган баланын (балдардын) багуусуна, тарбиялоосуна каралган төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө алууга, баланын керектөөлөрүн эске алуу менен чыгымдарды өз алдынча пландаштырууга жана бөлүштүрүүгө;
4. Багып алуучу ата-энелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ата-энесинин камкордугусуз калган баланы (балдарды), үй-бүлөсүнө жашоо, багуу жана тарбиялануу үчүн кабыл алууга;
2) багып алган баланын (балдардын) жашоосуна, багуусуна жана өнүгүүсүнө зарыл шарттарды багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо, багып алуучу ата-энеге колдоо көрсөтүү боюнча Минимумдук стандарттарга (мындан-ары минимумдук стандарттар) ылайык камсыз кылууга;
3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Келишимде аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү мекемелерде жана уюмдарда багып алган баланын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
4) багып алган баланын курагына жана жеке муктаждыктарына ылайык билим берүү мекемелерине баруусун камсыз кылууга.
Багып алган бала (балдар) жалпы билим берүү уюмуна ден соолугуна байланыштуу бара албаган учурда мыйзамда белгиленген окутуу формасында билим алуусун камсыздоого;
5) баланын (балдардын), медициналык кароолордон өз убагында өтүүсүн, кароону жана дарылоону камсыз кылууга;
6) баланын (балдардын) жекече керектөөлөрүнө ылайык алардын багуусун, тарбиялоосун жана өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн багып алган балага берилүүчү төлөмдөрдү толук көлөмдө пайдаланууга;
7) балдарга жана балдары бар үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүчү уюмдар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүгө, баланы коргоо жеке планында (мындан ары - Жеке план) каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
8) Жекече планга ылайык жана аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү, туугандары, потенциалдуу камкорчу (көзөмөлчү) же асырап алуучулар менен жолугушууларды өткөрүүгө (байланышууга) көмөктөшүүгө;
9) багып алуучу үй-бүлөнү социалдык жактан коштогон аймактык бөлүм менен кызматташууга. Аймактык бөлүмдүн кызматкерине өзүнүн турак-жайына жана бала менен аралашуусуна тоскоолдук кылбоого;
10) аймактык бөлүмгө багып алган баланын ден соолугунда, психологиялык абалында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө же бала менен болгон башка маанилүү окуя жөнүндө (багып алуучу үй-бүлөдөн уруксатсыз кетүү, тентип кетүү, зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле болгон учурда), баланын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизе турган башка маанилүү фактыларды тез арада билдирүүгө;
11) жашаган жерин алмаштыруу ниети жөнүндө аймактык бөлүмгө бир ай мурун жазуу жүзүндө маалымат берүү, тез арада жашаган жерин алмаштыруу зарыл болгон учурда кеткенге чейин бир сутканын ичинде маалымдоого;
12) кыска мөөнөттүү жайгаштырууда багып алуучу үй-бүлө бала менен бирге калктуу пункттун чегинен узактыгы эки жумадан ашык убакыт чыга турган болсо, чыгуу узактыгы 1 айдан ашып кетсе, башка формада аймактык бөлүм менен макулдашууга;
13) багып алуучу үй-бүлөдө багып алган баланы (балдарды) багууга, тарбиялоого жана билим берүүгө жагымсыз шарттар пайда болгон учурда аймактык бөлүмгө маалымат берүүгө;
14) баланын жана анын үй-бүлөсүнүн жеке маалыматтарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
15) багып алуучу үй-бүлөнүн ишин жыл сайын баалоонун натыйжалары боюнча алынган аймактык бөлүмдүн сунуштарын аткарууга;
16) багып алган бала (балдар) жана анын (алардын) үй-бүлөлүк кырдаалы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоого;
17) баланын (балдардын) документтеринин (өздүк ишинин) сакталышын камсыз кылууга жана бала багып алуучу үй-бүлөдөн чыгып кеткенде аларды аймактык бөлүмгө өткөрүп берүүгө.
3. Аймактык бөлүмдүн укуктары жана милдеттери
5. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жеке планды аткаруунун жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүүгө, керек болгон учурда багып алуучу ата-энелер менен макулдашуу боюнча ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелейт;
2) жылына 1 жолу багып алуучу үй-бүлөгө эскертүүсүз барууга;
3) багып алуучу баланын укуктарын бузуу жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда багып алуучу ата-энелерди эскертүүсүз багып алган бала (балдар) менен баарлашууга;
4) баланын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) же туугандары менен жолугушууларын (карым-катнаш) өткөрүүнүн, ошондой эле багып алуучу ата-эненин баланын ата-энеси/багып алынган балдардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен кызматташуусунун ыкмасын жана шарттарын аныктоого;
5) багып алуучу ата-эненин бири же экөө тең катуу ооруп калганда же каза болгондо, баланын багып алуучу ата-энелери менен же үй-бүлөдөгү башка балдар менен психологиялык батышпай калганда, багып алуучу ата-энелер ушул Келишимдин милдеттенмелерин аткарбаган учурларда баланы (балдарды) андан ары жайгаштырууну камсыз кылууга);
6) багып алган баланын (балдардын) укуктарын сактоого, минимумдук стандарттарга жана ушул Келишимге ылайык баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү боюнча багуучу ата-энелерге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдоого.
6. Аймактык бөлүмдөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) багып алуучу ата-энелерге баланы багып алуучу үй-бүлөгө бергенге чейин анын ден соолугу жана өсүп-өнүгүүсү жөнүндө маалымат берүүгө;
2) багып алуучу үй-бүлөгө баланы ушул Келишимге ылайык берүүгө;
3) социалдык коштоону камсыздоого;
4) багып алуучу ата-энелер менен бирдикте Жеке планды иштеп чыгууга, анын аткарылышын координациялоого;
5) багып алуучу баланын (балдардын) укугун, анын (алардын) жеке, мүлктүк, турак-жай укуктарын коргоону камсыз кылууга;
6) багып алуучу ата-энеге үч жумушчу күндөн кечиктирбей багып алган баланы которууга тиешелүү чечимдер жөнүндө маалымат берүүгө (баланы ата-энесине кайтарып берүү/мыйзамдуу өкүлдөрүнө берүү же, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алуу, асырап алуу);
7) балдардын багуу, тарбиялоо жана өсүп-өнүгүү маселелери боюнча багып алган ата-энелерге психологиялык колдоо көрсөтүүгө, багып алган ата-энелердин компетенциясын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
8) багып алуучу үй-бүлөдөгү баланы (балдарды) багуунун жана тарбиялоонун абалын контролдоого жана баалоого;
9) баалоонун жыйынтыктары менен багып алуучу ата-энелерди тааныштырууга; алардын ишин өркүндөтүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштарды берүүгө;
10) баланы багууга жана багып алуучу ата-энелерге берилүүчү эмгек акысын багуучу ата-эненин бирөөсүнүн банктык (карточкалык) эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акча каражаттарын которууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү
7. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Ушул Келишимдин шарттарын аткарууга тиешелүү тараптардын ортосундагы талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, тараптар макулдаша албаган учурда талаштар сот тартибинде чечилет.
5. Келишимдин күчүнө кириши, узартылышы, өзгөртүлүшү, токтотулушу
9. Ушул Келишим _________________________________________________________ мөөнөтүнө түзүлдү
(күндөрдүн же айлардын саны, жайгаштыруунун түрү)
жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү тараптардын өз ара макулдугу боюнча ал бүткөнгө
чейин _________________________________________________________________________ узартылат.
күндөрдүн же айлардын саны
10. Ушул Келишимге тараптардын макулдугу менен өзгөртүүлөр анын колдонуу мөөнөтүнө чейин киргизилет.
11. Эгерде багып алуучу ата-энелер келишимди узартуу жөнүндө ниеттенбесе, Келишим мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулушу мүмкүн.
12. Келишим төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
1) бала биологиялык үй-бүлөгө кайтып келгенде, баланы камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же асырап алууга берген учурда;
2) аймактык бөлүмдүн демилгеси боюнча багып алуучу ата-энелердин бири же экөө тең катуу ооруп калганда же каза болгондо, же багып алуучу ата-энелер тарабынан ушул Келишимдин милдеттенмелери аткарылбаган учурда,
3) багып алуучу үй-бүлөнүн демилгеси боюнча жүйөлүү себептер болгондо (үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалынын өзгөрүшүндө, багып алуучу үй-бүлө катары өзүнүн милдеттерин аткара албай калган учурда, багып алуучу үй-бүлөдө баланы (балдарды) багууга, тарбиялоого жана окутууга жагымсыз шарттар пайда болгон учурда, багып алуучу ата-эне же үй-бүлөдөгү башка балдар менен баланын психологиялык батышпастыгында).
13. Ушул Келишим ____________________ тилинде эки нускада түзүлгөн, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
__________________________________ |
| ______________________________________ |
(аймактык бөлүмдүн толук аталышы) |
| (багып алган ата-энелердин аты-жөнү) |
|
|
|
__________________________________ |
| ______________________________________ |
(дареги) |
| (дареги) |
|
|
|
__________________________________ |
| ______________________________________ |
(аты-жөнү) |
| (жашаган жери) |
|
|
|
__________________________________ |
| ______________________________________ |
(аймактык бөлүмдүн жетекчисинин колу, мөөрү) |
| (багып алуучу ата-эненин (ата-энелердин) колу) |
|
| Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо, багып алуучу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча МИНИМУМДУК СТАНДАРТТАР
1. Жалпы жоболор
1. Бул минимумдук стандарттар багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана аларга кызмат көрсөтүүнүн тартибин, шарттарын жана сапатын белгилейт.
2. Багып алуучу үй-бүлөлөр ата-энесинин камкордугусуз калган балага багуу жана тарбиялоо боюнча кызмат көрсөтөт.
2. Жайлуу жана коопсуз жашоо шартын камсыз кылуу
3. Багып алуучу ата-энелер багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча шарттарды багып алган баланын өсүп өнүгүүсүнүн жекече керектөөлөрүнө жана жашына ылайык түзүшөт:
- багып алуучу үй-бүлөнүн турак-жайында баланын жаракат алуусуна жол бербеген жайлуу жана коопсуз жашоо шарты болушу керек.
- баланын өзүнчө керебети, сабак окууга, ойноо үчүн жазуу столу, кийим-кечеси үчүн шкафы болушу керек;
- 6 жаштан ашкан балдардын жана кыздардын өзүнчө бөлмөлөрү болууга тийиш;
- багып алган баланы тиешелүү сезонго жана анын курагына ылайык келген кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле тамак-аш менен камсыз кылуу керек.
3. Баланы зомбулуктан, кайдыгерликтен коргоо, баланын катышуусу жана пикирин эсепке алуу
4. Баланын багып алуучу үй-бүлөдө болуу жана жашоо шарттары зомбулуктан, кайдыгерликтен жана эксплуатациядан коргоого жардам бериши керек.
5. Багып алуучу балага тиешелүү турмуш-тиричилик маселелери боюнча чечимди кабыл алуу анын пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Проблемаларды талкуулоого баланын катышуусу жана ал тууралуу чечимдерди кабыл алуу баланын жаш-курагын, анын өсүп-өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн жана баарлашуу көндүмдөрүн эске алуу менен колдонулат.
6. Багып алуучу ата-эне:
- баланы багуу жана зордук-зомбулук, кыянаттык мамиленин белгилерин аныктоо көндүмүнө ээ болушу керек;
- баланы басмырлаган физикалык, психологиялык жана жазанын башка түрлөрүн колдонбоого тийиш;
- баланы балдар эмгегинин эң начар түрүнө тартпай, үчүнчү жактар тарабынын тартылышынан коргошу керек;
- баланын провокациялык жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө жана түшүнүүгө тийиш;
- багып алуучу ата-энелердин телефон номерлерин, алардын жашаган жеринин дарегин милдеттүү түрдө билүүсү менен балдарга мобилдик же үй телефондору жеткиликтүү болушуу камсыз кылуусу керек;
- төмөнкүлөрдү тандоо процессинде баланын чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандырууга көмөктөшүүсү керек: иш-аракет чөйрөсүн, кийим-кечекти, оюнчуктарды, китептерди, оюн-зоокторду, ийримдерди, спорт секцияларын, кесиптердин түрлөрүн, жеке мейкиндикти түзүүдө;
- баланын жашоо-тиричилигин уюштурууда анын ой-пикирин эске алуулары тийиш.
7. Аймактык бөлүм:
- баладан же болбосо башка адамдардан багып алган балага карата ырайымсыз мамиле кылуу боюнча жазуу жүзүндө, оозеки кайрылганда, фактылардын аныктыгын бир суткадан кечиктирбестен текшерет жана баланы коргоо чаралары жөнүндө чечим кабыл алат;
- түшкөн арыздарды, кайрылууларды эсепке алат, орой мамиле, зордук-зомбулук, балдарды эмгектин оор түрлөрүнө иштетүү фактыларын жана алар боюнча чечим кабыл алгандыгын баланын өздүк ишинде жазат, жеке планга өзгөртүүлөрдү киргизет;
- чечимдерди кабыл алууда баланын катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт;
- баланын жаш курагын жана өсүп-өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен аны багып алуучу үй-бүлөдө жайгаштыруунун себептери, баланын мурдагы жашоосу тууралуу ага маалымат берет;
- баланын жашоо-турмушуна тиешелүү чечимдерди кабыл алууда анын пикирин өздүк ишинде жазат.
4. Баланын үй-бүлөсү, туугандары, достору менен байланыштары
8. Аймактык бөлүм баланын эң мыкты кызыкчылыктарына жараша, ата-энелик укуктары чектелбеген, ата-энелик укугунан ажыратылбаган, ошондой эле туугандары менен байланыштарын камсыздайт, ошондой эле алар:
- баланын ата-энеси, туугандары менен жолугушуусун уюштурат жана координациялайт;
- багып алуучу ата-энелерди жазуу жүзүндө баланын ата-энеси жолугуша турган жерин, графигин, баланы берүү жана кайтарып алуу жол-жобосу жөнүндө маалымдайт;
- баланын коопсуздугун камсыз кылуунун шарттары жөнүндө багып алуучу ата-энелерге консультация берет, баланын ата-энеси менен жолугушуулардын мониторингин жүргүзөт, маалыматты өздүк иште белгилейт.
9. Багып алуучу ата-эне:
- Жеке планга жана аймактык бөлүмдүн сунуштарына ылайык баланын ата-энеси, туугандары, достору менен байланышын түзүүгө же чектөөгө жардамдашат;
- баланы ата-энеси менен жолугушууга даярдайт;
- эжеси, агасы менен өзүнчө жашаган учурда үзгүлтүксүз баарлашуусуна жардам берет;
- багып алган баланын биологиялык ата-энесин баалоодон оолак болот.
5. Баланын саламаттыгын сактоо
10. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген бала Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарга ылайык медициналык жардам менен камсыз кылынышы керек. Багып алуучу үй-бүлөгө келген учурда баланы медициналык кароо багып алган ата-энесинин жашаган жериндеги саламаттык сактоо органы тарабынан ашырылат.
11. Багып алуучу ата-эне:
- бала жайгашкандан кийин 10 күндүн ичинде аны медициналык каттоого алууну жана пландуу медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылат;
- баланы дарылоо учурунда багуу тууралуу участкалык үй-бүлөлүк дарыгердин, ошондой эле башка дарыгерлердин сунуштарын аткарат;
- бала жаракат алса, саламаттык сактоо мекемесине жаткырылса, бир сутканын ичинде аймактык бөлүмгө маалымдайт;
- ооруканага чейинки медициналык жардам берүүнүн көндүмдөрүнө ээ болот;
- шашылыш учурларда биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектери болушу керек.
12. Бала шашылыш түрдө ооруканага жаткырылган учурда багып алуучу ата-эне бул тууралуу аймактык бөлүмгө ошол замат маалымдайт.
6. Багып алган баланын билим алуусу жана өсүп-өнүгүүсү
13. Багып алган ата-энесинин жашаган жери боюнча билим берүү уюму багып алган баланын жашын жана өсүп-өнүгүү деңгээлин эске алуу менен билим алуусун биринчи кезекте камсыздайт.
14. Багып алуучу ата-эне багып алган баланын мектепке чейинки/мектепте билим алышы, баланын жөндөмдүүлүгүн ачуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт жана ушул максатта:
- баланын билим алуусу үчүн шарт түзөт, мектептен сырткары программаларга катышуусуна үндөйт жана кесип тандоосуна көмөктөшөт;
- билим берүү уюмдарынын кызматкерлери менен өз ара аракеттенет, ата-энелер чогулушуна катышат;
- баланын сабактарга үзгүлтүксүз келишин жана үй тапшырмаларын аткарышын контролдойт;
- билим берүү уюмун алмаштырган учурда аймактык бөлүмгө маалымдайт.
15. Жеке планды иштеп чыгууда балага билим берүүнү жана анын өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, ошондой эле өз алдынча жашоого жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн калыптандырууга көмөктөшүүчү чаралар эске алынат.
7. Балдарды турмушка даярдоо
16. Багып алуучу ата-эне баланы баккан бүт мезгилдин аралыгында турмушка даярдап келишет:
- баланын өзүн-өзү тейлөө, өзүн-өзү уюштуруу жана гигиеналык көндүмдөрүн калыптандырат;
- сатып алууну, чыгымдарды пландоого үйрөтөт, келечектеги кесибин тандай алууга, максаттарын аныктоого, чечим кабыл алууга жана пландаштырууга жардам берет;
- балага социалдык байланыштарды түзгөнгө көмөктөшөт.
17. 18 жашка толгон бала багып алган үй-бүлөсү менен чогуу жашаган учур аяктаар маалда:
- өз укуктарын билиши керек;
- өз алдынча жашоо көндүмдөрү, билими болууга тийиш;
- паспорту, медициналык картасы, банктагы эсеби (социалдык төлөмдөргө укугу болгондо), анын мүлкүн, турак-жай (эгерде болсо) укуктарын ырастаган документтери болушу керек;
- балага жардам бере турган жана турмуштук жашоого көмөктөшө турган кызматтар, уюмдар жөнүндө маалыматы болушу керек.
8. Багып алуучу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү
18. Аймактык бөлүм багып алуучу ата-энелерди окутууга муктаждыкты аныктайт, багып алуучу ата-энелерге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдойт.
19. Багып алуучу ата-энелер балдарды тарбиялоо маселелери боюнча психологдун кызматын көрсөтүүчү борборлор, жергиликтүү багып алуучу ата-энелердин өз ара жардам топтору жөнүндө толук маалыматты алышат жана арыз ээлерин, багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерди, багып алуучу ата-энелерди окутууга тажрыйбалуу багып алуучу ата-энелерди тартат.
20. Багып алуучу ата-энелерди окутууну жана компетенциясын жогорулатууну уюштурат.
21. Аймактык бөлүмдүн кызматкери багып алуучу үй-бүлөдө бала жүргөн мезгилде айына бир жолудан кем эмес багып алуучу ар бир ата-эне менен маектешип турат.
22. Кызматкер ар жолу барган сайын барып келгендигинин жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндө отчет түзөт. Багып алуучу ата-энелер тарбиялоого берилген балага барып келгендигинин жыйынтыктары боюнча отчет менен таанышып чыгууга укуктуу.