Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-декабры № 623
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктундагы "же электрондук акчаны" деген сөздөр ", электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары - QR-код)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-1-пунктунун биринчи абзацындагы "же электрондук акчаны" деген сөздөр ", электрондук акчаны жана/же QR-кодун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул токтомдун тиркемесинде аталган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар тарабынын банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу жана колдонуу иштерин уюштурууну камсыз кылуу сунушталсын.";
4) 3-пунктунун биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Кыргызстандын Банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесине, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар (программалык-техникалык орнотмо) менен камсыздоо;
- банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу тууралуу арыз берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түшкөндө аны орнотуу жана колдонуу боюнча консультацияларды жана окутууларды өткөрүүдө зарыл болгон техникалык көмөк көрсөтүү;";
5) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышындагы "же электрондук акчаны" деген сөздөр ", электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |