Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 869
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары - QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Тизмекке ылайык ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана (же) юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- жалпы колдонуудагы телекоммуникациялык тармагы жок жерде жайгашкандарды;
- өздөрү өндүргөн айыл чарба продукцияларынын дүң жана чекене сатуу тармагында иштеген жеке ишкерлерди жана (же) юридикалык жактарды;
- стационардык эмес соода объекттери аркылуу ишке ашырылуучу ишти.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул токтомдун тиркемесинде аталган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар тарабынын банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу жана колдонуу иштерин уюштурууну камсыз кылуу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызстандын Банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесине, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар (программалык-техникалык орнотмо) менен камсыздоо;
- банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотуу тууралуу арыз берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түшкөндө аны орнотуу жана колдонуу боюнча консультацияларды жана окутууларды өткөрүүдө зарыл болгон техникалык көмөк көрсөтүү;
- калк үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм карталарынын жагымдуулугун жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дайыма жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 29-декабрында № 124 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |
Тиркеме
Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 650, 2020-жылдын 24-декабрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иштин түрү |
1 | Соода аянты 20 квадраттык метрден жана андан жогору дүң жана чекене сатуу (анын ичинде, соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр) |
2 | Дарыкана жана дарыкана пункттары аркылуу дары-дармек каражаттарын сатуу |
3 | Авто май куюу станцияларында мунай продуктуларын чекене сатуу |
4 | Коомдук тамактануунун кызмат көрсөтүүсү |
5 | Медициналык кызмат көрсөтүү |
6 | Мейманканалык кызмат көрсөтүү |
7 | Туристтик кызмат көрсөтүү |
8 | Темир жол, суу, аба жана жерде жүрүүчү транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга билеттерди сатуу |
9 | Автотранспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө жана прокатка берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү |
10 | Камсыздандыруу кызматын көрсөтүү |
11 | Интернет тармагында товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр |
12 | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү |
13 | Ден соолукту чыңдоо жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүлөр, оюн-зоок кызмат көрсөтүүлөрү (боулинг, кинозал, ар түрдүү game-зоналар ж.б.) |
14 | Юридикалык жана нотариустук кызмат көрсөтүүлөр |
15 | Стационардык жайларда косметикалык жана чач тарач кызмат көрсөтүүлөрү |
16 | Сауна, мончо кызматтарын көрсөтүү |
17 | Үйлөнүү үлпөтү салондорунда кызмат көрсөтүү |
18 | Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү |