Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-сентябры № 498
"2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар болуп аныкталышсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги армян тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 151-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиси бар экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу мамлекеттердин ар биринин укуктарын бөлүштүрүү эрежелерин аныктайт. Мында бул жоболорду ишке ашыруунун методдору салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.
Мындан тышкары Макулдашуу бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргоо болуп саналат, салык салуудан качуунун же макулдашуучу мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алат.
Буга байланыштуу Макулдашуу Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун каражаты болуп саналат, анткени кайсыл бир өлкөдө гана салык салына турганын билген чет өлкөлүк фирмаларга өлкөгө инвестиция салууга мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансы-экономикалык жана башка терc кесепеттерге алып келбейт.