Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-июну № 293
"Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, И.Т.Гайпкулов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, А.М.Маматов, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, Г.-К.Самат, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, С.Шер-Нияз тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 293 токтому менен жактырылган | |
"Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, И.Т.Гайпкулов, А.Н.Шыкмаматов, К.К.Иманалиев, А.М.Маматов, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, Г.-К.Самат, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, С.Шер-Нияз тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбула - бул милдеттүү болуп эсептелбеген, кабыл алуу (чыгаруу) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматты камтыган ченемдик укуктук актынын өз алдынча бөлүгү болуп саналат. Преамбулага ченемдик буйруктарды киргизүүгө жол берилбейт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, ченем жаратуу техникасынын эрежелерин эске алып, укук колдонуу практикасында түшүнүксүз жана талаш-тартыш кырдаалды четтетүү максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин аныктоочу Мыйзам долбоорунун преамбуласын конкреттештирип, өз алдынча берене түрүндө баяндоону;
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацындагы "калктуу конуш" түшүнүгүн алып салууну, анткени аталган түшүнүк "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ачылып берилген жана кошумча чечмелөөнү талап кылбайт;
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн "жашылдандыруу объекттери" түшүнүгүнүн маанисин так аныктоону, анткени Мыйзам долбоорунун бул түшүнүгү чаржайыт берилген жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнүн ченемдерине каршы келет.
2. Кыймылсыз мүлккө (анын ичинде жер участокторуна) укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо боюнча маселелер "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укуктук жөнгө салуу предмети болгондуктан Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси ага таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү адамга жүктөй албайт.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 6-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктун "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык келтирүүнү, атап айтканда Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктунда ушул Мыйзамга шилтеме ченемин киргизүүнү сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин аталышы жана мазмуну бири-бирине дал келбегендиктен, аларды кайра карап жана иштеп чыгууну сунуштайбыз.
6. Жалпы алганда, жүргүзүлгөн талдоо Мыйзам долбоорун ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболор түзө тургандыгын көрсөткөн.
Мисалы, Мыйзам долбоорунун 10-беренесинде жашыл бак-дарактарды коргоо боюнча иштеген жактарга жеңилдетилген салык салууну, ошондой эле жеңилдетилген салык салуунун тартибин жана шарттарын аныктоо каралган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салына тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу, жеңилдетилген салык салуу маселеси салык мыйзамдары менен гана жөнгө салына тургандыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 10-беренесин алып салуу зарыл.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде суу мыйзамынын жөнгө салуу предмети болуп саналган ирригация маселелери боюнча жоболорду кароо сунушталууда.
Атап айтканда, Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн беренеси менен "жашыл бак-дарактарды талаптагыдай көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык тармактарды (анын ичинде магистралдык) талаптагыдай эмес күтүү, коллектордук-дренаждык тармактардын абалы, калктуу конуштун аймагында сугат сууну бөлүштүрүү үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарта тургандыгы" каралган.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 11-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, оңдоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу Мамлекеттик суу администрациясынын компетенциясына кирерин эске алуу керек.
Мындан тышкары, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-1-беренесине ылайык магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки жана андан көн сууну пайдалануучулар бирикмелери тарабынан коммерциялык эмес уюм катары Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирлиги (мындан ары - СПА бирлиги) түзүлөт.
СПА бирлигинин негизги милдеттери магистралдык ирригациялык системаларды жана аны менен байланышкан инфратүзүмдөрдү пайдалануу жана техникалык тейлөө, зарыл болгон курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү болуп саналат.
Ушул себептен, ошондой эле магистралдык ирригациялык системаларды тейлөө СПА бирлигинин компетенциясына кире тургандыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 11-беренесин жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерине шайкештигин карап чыгуу зарыл.
Ушуну менен бирге, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөрүнө көңүл бурабыз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалым катта, эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болсо, тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары чагылдырылуусу зарыл.
Бирок Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында коомдук талкууну, ошондой эле ушул Мыйзам долбоору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрүү жөнүндө маалымат камтылган эмес.
7. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин биринчи абзацында жашылдандыруу стандарттарын жана жашыл бак-дарактарды багуу эрежелерин бузуу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликти белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун аталган беренесинде бул жоопкерчилик аныкталган мыйзам актысынын түрүн же мыйзамдын тармагын көрсөтүү зарыл.
8. Мыйзам долбоорунун текстинде "башка ченемдик укуктук актылар", "башка мыйзамдар", "тиешелүү тармактарда", "берилиши мүмкүн", "башка экологиялык кесепеттер" сыяктуу жалпыланган жана чаржайыт мааниге ээ болгон туюндурмалар колдонулууда, өз учурунда алар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүп берет, анткени кандайдыр бир субъект үчүн кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берүүдө.
Андан сырткары, Мыйзам долбоорунун 1, 3, 4, 5, 7 жана 12-беренелеринде жалпы мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга шилтеме ченемдер келтирилген.
Өз кезегинде, "мыйзамдар" жана "ченемдик укуктук акт" деген түшүнүктөр жалпыланган түшүнүк болуп санала тургандыгын жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берүүчү чаржайыт мүнөзгө ээ экендигин белгилейбиз.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпы мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбестигин белгилөө зарыл.
Баяндалгандарды эске алып, укук колдонуу практикасында түшүнүксүздүктөрдү четтетүү максатында Мыйзам долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну, ошондой эле Мыйзам долбоорунда шилтеме келтирилген ченемдик укуктук актыларды талдап жана алардын жөнгө салуу тармагы менен чөйрөсүн көрсөтүүнү сунуштайбыз.
9. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык ушул Мыйзам ченем чыгаруу иш-аракетинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.
Аталган Мыйзамдын 4-беренесине ылайык мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, жашыл зоналарды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынаарын эске алуу менен биздин көз караш боюнча аталган Мыйзамга жашыл бак-дарактарды коргоо бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыктуу.
Жалпысынан сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболору жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына шайкеш келбей тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.