Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын -3-июну № 295
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, Н.Т.Тотонов, Ж.К.Акаев, А.М.Нурбаев, З.К.Рысалиев, С.А.Келдибаев, Жунус уулу А. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 295 токтому менен жактырылган | |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, Н.Т.Тотонов, Ж.К.Акаев, А.М.Нурбаев, З.К.Рысалиев, С.А.Келдибаев, А.Жунус уулу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин 6-1-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстарга жана аукциондорго катышууга юридикалык жана жеке жактарга жазуу жүзүндө макулдугун берүүгө ыйгарым укуктуу.
Жогоруда аталган органдар тарабынан жазуу жүзүндө макулдугун берүү тартибин аныктоочу мыйзам регламенттеген механизм, критерийлер жана мөөнөттөр жок болгондуктан, сунушталган ченем укук колдонуу тажрыйбасында коррупциялык коркунучтарга алып келиши мүмкүн.
Мында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы 22-беренесине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жолу менен жана "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча бериле тургандыгын белгилейбиз.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 жана 24-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны түзөт, анын курамына "жер казынасын пайдалануу объекти аймагында жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары" кирет.
Аукциондорду өткөрүүдө аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти аймагында жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн турууга тийиш.
Ошентип, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган комиссиялардын мүчөсү катары жер казынасын пайдалануучуларды тандоо процессине тартылууда. Эч кандай конкреттүү критерийсиз жазуу жүзүндө макулдукту берүү жергиликтүү администрациялардын өтө дискреттик ыйгарым укуктары түрүндө кызмат адамынын жеке эркине гана көз каранды болгон (юридикалык жана жеке жактарга конкурска же аукционго катышууга жазуу жүзүндө макулдук берүү же баш тартуу) кошумча коррупциялык тобокелчиликтерге алып келет.
Конкурстук эмес жана аукциондук эмес объектилерге жер казынасын пайдалануу укугуна өтүнмө тапшырууда документтердин санын жана өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтүн жана коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүү максатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 2018-жылдын мыйзамдык реформалары менен жер казынасын пайдалануу укугун түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү тартиби "биринчи берилген өтүнмө" эрежесине алмашылган.
"Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
Ошону менен бирге, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн өтүнмөлөр, конкурс же аукцион жолу менен бериле тургандарды кошпогондо, жер казынасынын тилкелерине жер казынасын геологиялык иликтөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган участокторго көбүнчө геологиялык издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, ошондой эле жер астындагы сууларды алуу жана пайдаланууга түшөт.
Геологиялык издөө жана чалгындоо иштеринин долбоорлоруна инвестициялоо инвесторлор үчүн абдан тобокелдүү, анткени пайдалуу кендердин бар болуусу жана запастары аныкталбай калышы мүмкүн, андан тышкары бул этапта жер казынасын пайдалануучу эч кандай түз кирешелерди албайт, анткени казып алуу иштери жүргүзүлбөйт.
Ошону менен бирге, "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн өтүнмөнү берүүгө юридикалык жана жеке жактар үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алууну мажбурлоо потенциалдуу инвесторлор үчүн кошумча оордук алып келет, анткени аталган макулдукту алыш үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймактарына барышы зарыл жана тиешелүү кызмат адамдары тарабынан негизсиз баш тартууга алып келиши мүмкүн.
Андан тышкары, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүп берет жана жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берет.
Аталган жагдайларды эске алып, сунушталган ченемдерди киргизүү геологиялык издөө жана чалгындоо иштеринин долбоорлоруна салымдардын ансыз да көп болгон инвестициялык тобокелдиктерин көбөйтүп, бизнес процесстерди кыйындатат, бул Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасир тийгизет.
Ушундай себептерден улам өлкөдөгү инвестициялык режимдин туруксуздугуна байланыштуу потенциалдуу инвесторлор өзүнүн инвестицияларын макулдук документтерди алуунун тартиби жөнөкөй жана шарттары жагымдуу башка өлкөлөргө жөнөтүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына жумуш орундарын түзүү максатында, Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүн жер казынасынын объектилерине ишке тартылган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 70 пайыздан кем эмес болушу керек деген ченем менен толуктоо сунушталууда.
Ошол эле убакытта, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотанын чегинде, иш берүүчүнүн арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат. Мында алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосу керек.
Ошондуктан, корпоративдик жоопкерчиликти - коомчулукта оң социалдык-экономикалык натыйжа берүүчү компаниялардын ишин жана жергиликтүү калк менен инвестордун өнөктөштүк демилгелерин киргизүү максатында инвестициялык долбоорлорду иштен чыгуу укугун берүүдө тендердик жана келишимдик шарттарга инвестордун корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин элементтерин киргизүү зарыл.
Мындан тышкары, жер казынасын пайдаланууга байланышкан иштердин өзгөчөлүктөрүн эске алып, жер казынасын пайдаланууда тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен квалификациялуу жумушчу күч менен 70 пайыздан кем эмес камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишке тартылган персоналдын жалпы штаттык санынан 85 пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын жарандарынан милдеттүү түрдө жалдоону караган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчөсү болуп, ЕАЭБ Келишиминин (мындан ары - Келишим) жана Кызмат көрсөтүүлөр, инвестицияларды түзүү, анын ишин жана ишке ашырылышы жөнүндө протоколдун (мындан ары - Протокол) милдеттенмелерин өзүнө алганын белгилейбиз, аларга ылайык мүчө мамлекеттер ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөр, инвестицияларды түзүү, анын ишин жана ишке ашырууда соода эркиндигин камсыз кылышы керек.
Мында, Келишимдин 66-беренесине ылайык мүчө мамлекеттер башка мүчө мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрү алар уюштурган жактарга жаңы дискриминациялык чараларды киргизбөөгө милдет алышты.
Протоколдун 32-пунктунун 3-пунктчасына ылайык мүчө мамлекеттердин жактарына жана алар уюштурган жактарга карата мүчө мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрүн жана товарларын сатып алууда же колдонууда бир дагы мүчө мамлекет кошумча талаптарды киргизбейт жана колдонбойт.
3. Мыйзам долбоору менен "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен продукцияны бөлүштүрүүдө мамлекеттин кирешелүү продукциядагы үлүшү 30дан кем эмес пайызды түзүшү керек, бирок эсептөө методикасы жана негиздеме жөнүндө кандайдыр бир маалымат жок.
Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-январындагы № 4 токтому менен Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлгөн. Кеңештин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишкердик ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары күчүн жоготту деп таануу жана/же аларга өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү болуп саналат. Кеңештин негизги милдеттери негизсиз жана рыноктук экономикага багытталбаган ченемдик укуктук актыларды жоюу боюнча сунуштарды кароо, кабыл алуу же четке кагуу болуп эсептелет.
Ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо боюнча Кеңештин ишинин алкагында мыйзамдуулук, негиздүүлүк, коррупциялашуу критерийлерине дал келбеген бир катар ченемдик укуктук актылар аныкталган.
Кеңештин 2017-жылдын 1-декабрындагы жыйынынын № 7 протоколуна ылайык күчүн жоготту деп таануу сунушталган ченемдик укуктук актылардын тизмесине "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы киргизилген, анткени:
- белгиленген Мыйзамдын ичинен көпчүлүк ченемдер жер казынасын пайдалануу боюнча учурдагы саясатка жооп бербейт, айрымдары жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс, аукциондорду өткөрүүнүн учурдагы тартибине карама-каршы келет;
- Мыйзам эскирген же башка мыйзамдар тарабынан каралбаган түшүнүктөрдү жана аталыштарды өзүнө камтыйт;
- Мыйзамдагы ченемдер бизнестин өнүгүүсүнө түрткү бербейт, анткени дүйнөлүк тажрыйбада кен пайдалануудагы продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулар кен пайдалануучулар үчүн салык преференцияларын берет, бирок бул Мыйзамда мындай преференциялар жок;
- Мыйзам кен пайдаланууга укук берүү боюнча дискрециялык укуктар орун алган коррупциялык ченемдерди камтыйт, мисалы көптөгөн шарттар жана жол-жоболор макулдашуунун өзүндө каралышы мүмкүн.
Ошентип, мындан ары күчүн жоготту деп таанууга каралып жаткан ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
4. Сунушталган Мыйзам долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы, ошондой эле ишкердик иш менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын ортосунда кен пайдаланууда келип чыгуучу мамилелердин укуктук негиздерин регламенттейт.
Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо өткөрүлүшү керектигин белгилей кетүү керек.
Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан ишке ашырылат жана камсыздалат. Бирок Мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалым катта долбоор жөнгө салуучу таасирин талдоосун жүргүзүүнү талап кылбай тургандыгы белгиленген.
5. Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына дал келбейт, анткени коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты, ошондой эле тиешелүү ассоциациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирликтери менен талкуулардын жана кеңеш берүүлөрдүн жыйынтыктарын камтыган эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган редакциядагы ушул Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.