Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2020-жылдын 8-июну № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу пpoграммасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 4-тиркемеге ылайык.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 50(3122) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
|
|
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Ишке ашырылуучу иш-чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-багыт Мектеп жашындагы балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу | ||||||
1 | Финансылык сабаттуулукка класстан тышкаркы окутуу | Мектептен тышкары билим берүү борборлорунун базасында финансылык сабаттуулук боюнча ийримдерди түзүү | 10 мектептен тышкары билим берүү борборунун базасында окуучуларга класстан тышкаркы окутуулар туруктуу негизде жүргүзүлөт | 2020-жылдын ичинде | БИМ, УБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
2 | Жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу | Жаштарды чоң кишилер үчүн бирдейлештирилген финансылык сабаттуулук курсу боюнча окутуу | 100дөн кем эмес адам окутулду | 2020-жылдын ичинде | Жаштар жана спорт агенттиги, УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, БИМ, макулдашуу боюнча: ФКУ, КЭУ, "КФБ" ЖАК, бизнес-ассоциациялар | Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
3 | Окутуучуларды финансылык сабаттуулук боюнча окутуу | Мектептердин, билим берүү мекемелеринин окутуучу курамы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча курстарды өткөрүү | 50дөн ашык окутуучу окутулду | 2020-жылдын ичинде | БИМ, УБ (макулдашуу боюнча) | БИМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
2-бaгыт Жарандардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу | ||||||
4 | Чоң кишилерди финансылык сабаттуулукка окутуу | Чоң кишилерди финансылык сабаттуулукка окутуу боюнча курстарды уюштуруу | 200дөн кем эмес жарандар окутулду | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: ФКУ, КЭУ, "КФБ" ЖАК, бизнес-ассоциациялар | Бекитилген бюджеттин чегинде, донорлордун каражаттарынын эсебинен |
5 | Калкка финансылык сабаттуулук маселелери боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү | Финансылык aгартуу борборлорунун базасында консультацияларды өткөрүү | Региондордо финансылык aгартуу борборлору түзүлдү | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), БИМ | |
6 | Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык кампанияларды уюштуруу | Каражаттарды топтоо маданиятын жогорулатууга багытталган кампанияларды өткөрүү | Иш-чараларга 7ден кем эмес билим берүү мекемелери катышты. 300дөн кем эмес адам түздөн-түз камтылды | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), БИМ, Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: ДКА, "КББ" ЮЖБ, "МФУА" ЮЖБ, КЭУ, ФКУ, бизнес-ассоциациялар | Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
3-багыт Жарандардын бардык категориясына финансылык маалыматтардын жана финансылык кызматтардын бирдей жана толук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | ||||||
7 | "Финсабат" маалымат-агартуу pесурсунун ишин колдоо | Маалыматты максималдуу жайылтууну камсыз кылуу, жарандардын акчага болгон жооптуу мамилесин, жеке финансыларын натыйжалуу тескөө көндүмдөрүн калыптандыруу, тобокелдиктерди баалоо, финансылык продуктулар жөнүндө билимин кеңейтүү максаттарында pecypcту толуктоо (www.fi№sabat.kg) | Сайттын бөлүктөрүн финансылык сабаттуулук чөйрөсүндөгү актуалдуу, толук, ачык-айкын жана так маалыматтар менен толуктоо боюнча штаттык түрдө иш жүргүзүү | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча) | УБнын бекитилген бюджетинин чегинде |
8 | "Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоорун ишке ашыруу алкагында финансылык сабатуулуктун компоненттерин даярдоо | "Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоорунун алкагында финансылык сабаттуулуктун компоненттерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйындарын дайыма өткөрүп туруу | "Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоору боюнча финансылык сабаттуулуктун компоненттери даярдалды | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча) | Донорлордун каражаттарынын эсебинен |
9 | Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү | Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү сунуштарды даярдоо | Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө УБнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди | 2020-жылдын ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: "КББ" ЮЖБ, "МФУА" ЮЖБ, ФКУ, КЭУ бизнес-ассоциациялар | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ДКА | - | Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюмдар |
"КББ" ЮЖБ | - | "Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактардын биримдиги |
"МФУА" ЮЖБ | - | "Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактардын биримдиги |
"КФБ" ЖАК | - | "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому |
"КМПА" ЮЖБ | - | "Кредит маалыматтарын пайдалануучулар ассоциациясы" юридикалык жактардын биримдиги |
ФКУ | - | Финансы-кредит уюмдары |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштаp иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик". |
E№d_№ocompare