Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-августу № 445
"2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 445 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуу (мындан ары - Гранттык макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Гранттык макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети (2020-жылдын 3-июнундагы № 6-2313и/20), Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети (2020-жылдын 30-апрелиндеги № 6-1908и/20), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сын-пикирлерин эске алуу менен Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2020-жылдын 19-майындагы № 6-2062и/20) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 220-б буйругу менен жактырылган.
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары болуучу) Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) каржылоого грант беришет. Программанын максаты болуп Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууга көмөктөшүү саналат. Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" программасын (мындан ары - Мамлекеттик программа) ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Программаны каржылоого жана 2020-2024-жылдары Мамлекеттик программа - 2030 колдоого Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги (ШӨКА) жана Немец өнүктүрүү банкы (KfW) - катышуучулардын биргелешкен каржылоосунан берилүүчү 17,0 млн. (он жети миллион) АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп берет.
Гранттык макулдашуу Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу программасын ишке ашырууда Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын финансылык жардамынын шарттарын жана жол-жоболорун чагылдырат (төлөө механизмдери, каржылоо каражаттарын тандап алуу, каржылоо каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет).
Программанын аткаруучу агенттиктери болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саналат.
Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.